—Самат мырза, маалым болгондой сиз мурунку чакырылышта 9 айдан ашуун депутат болдуӊуз эле. Бул чакырылыштын бүтөрүнө ошончо убакытка жакынырак мезгил калганда мандат алдыӊыз. Бул да болсо тагдырдын буйругу болсо керек. Мурунку чакырылышта бүткөрө албай калган иштериӊиз болсо керек. Ишти эмнеден баштадыӊыз?

—Ооба. Туура, айтасыз. Мен мурунку чакырылышта баштап, бирок бүткөрүп, аягына чыгара албай калган иштерим көп эле болду. Бирок мен өткөн чакырылыш менен дагы, бул чакырылыш менен дагы абдан  тыгыз байланышта иш алып бардым. Ишкер катары экономиканы жакшы түшүнөм. Экономиканы кандай  көтөрүш керектигинин жол–жобосун билебиз. Бул багытта да өткөн чакырылышта бир топ сунуштарды, ойлорду айттык эле. Тилекке каршы, биз эски системага абдан бекем жабышып калыптырбыз. Эмнеге дегенде биздеги реформа деген маселеге келгенде ташбака жүрүшкө салып жүрүп олтурабыз. Мына мага ушул көрүнүш такыр жакпайт.  Жалпы экономиканын ичинен  айыл чарба тармагын жакшы түшүнөбүз. Ушул багытта да бир катар иштерди аткарганга аракет кылып жүрөбүз. Спорт тармагына да кызыккан адам катары, бул багытта да пайдалуу иштерге өз салымыбызды кошуу аракетиндебиз. Ойлоно турчу маселе абдан көп. Баарыбыз бирдикте чоӊ күч, чоӊ эмгек менен ири ийгиликтерге жетишишибиз зарыл. Дагы бир үчүнчү багытты айтсам – бул маданият тармагы. Биз руханий байлыгыбызды байытсак, чоӊ жетишкендиктердин ээси болобуз. Маданиятка  такыр көӊүл бурулбай жатат дегенден алысмын, бирок  5 деген бааны коюуга болбойт.

—Ушу тапта  Манас  боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууда турат. Бул мыйзамды кабыл алууга  жетишесиздерби? Убакыт  тар…

—Убактысын карап көрсөк, жетишсек болот экен.  Талкуу 14-июнда бүтөт. Бул Манас мыйзамын  иштеп чыгуу үчүн 1,5 жыл мурун атайын жумушчу топ түзүп,  ага Манаска кызмат кылган окумуштуулар, скульпторлор ж.б. өнөр ээлери мүчө болушуп, жетекчилик иши Садык Шерниязга жүктөлгөн. Буйруса, бул комиссия да бир топ иш аткарды. Жыйынтыгы Жогорку Кеӊеш тарабынан жакында Манас мыйзамы кабыл алынып калса, ошондо да ачык-айкын көрүнөт.

—Айтып бериӊизчи, буюрса бул мыйзам кабыл алынса, Манас боюнча, Манас эпосу боюнча эмне өзгөрөт? Деги эле бул мыйзамдын артыкчылыктары кандай?

—Кудай буюрса, жакшы артыкчылыктары болот. Буга чейин Манас эпосу тууралуу гана көбүрөөк сөз болуп келди. Ал эми Манастын өзү тууралуу сөз аз эле. Биз Манас ким, Манас бизге  кандайча берилген, орду кандай, сактоо маселеси кандай деген суроолорго жооп жазганга аракет кылдык. Дагы бир артыкчылыгы бул мыйзам кабыл алынгандан кийин Манастын атын ичкилик, же дагы башка терс жаман нерселерге, буюмдарга койгонго тыюу салынат. Бул боюнча өкмөт токтом чыгарган экен. Бирок ал токтому иштебейт. Себеби, көзөмөлгө алышкан эмес. 

Бул мыйзам долбоорунда Манастагы нарктарга да маани берилип, чечмеленди  Дагы бир багыты Манасты аздектеп айтып келишкен манасчыларбыздын эмгегин баалоо маселеси, алардын статусу  жөнүндө да жакшы ойлор камтылган. Жазмакерлерге Токтогул сыйлыгы берилип келет, бул жагын да эске алып, манасчыларга өзүнчө атайын сыйлык уюштурулса дейбиз.  Мисалы, буга чейин манасчыларга Кыргыз Республикасынын Эл артисти деген наам берилип келди. Бул мыйзам кабыл алынса, буйруса, Кыргыз Республикасынын Манасчысы деген манасчыларга гана  багытталган жаӊы наам берилсе … Мына ушул жагын өкмөт өзү тактап, иштеп чыгып, бул маселени талапка ылайык жолго салышы зарыл.  Эмнеге дегенде, манасчы менен артисттин айырмасын, статусун ажыратып биле жүрсөк жакшы болот эле.

Дагы бир нерсени айта кетейин, бул Манас мыйзамы 9 жылдан бери эле кабыл алынбай келген. Эми буйруса, жакында кабыл албасак болбойт. Кээ бир мамлекеттик мекемелер бул  мыйзам тууралуу билишпейт да, билишсе да бизге тиешеси жок дейт. Манас мыйзамы деген ар бир мекемеге, ар бир кыргызга тиешеси болушу керек. Мен ишенгим келет, бул мыйзам кабыл алынганда Манаска болгон мамиле жакшы жагына өзгөрөт.

—Бул Манас мыйзамы ичине көп нерсени камтыган чоӊ мыйзам экен. Аны талапка ылайык иштетип, катуу көзөмөлгө алыш үчүн өкмөт тиешелүү каражат бөлүшү керек болот. Биздики акча маселесине келгенде эле аянып, же  алакан жайып олтуруп калышчу эле…

Манас мыйзамы боюнча толук көзөмөлдү өкмөт толугу менен алат. Ошондой эле каражат маселесин да жылдык бюджетти карап жаткан кезде атайын бөлүп коюшу керек. Мисалы,  баштапкы каражат, 100 же, 200 миллион деп коюшсун. Негизи эле руханий өнүгүүгө абдан көп каражат бөлүнүшү зарыл. Руханий байлыкка көӊүл бурбасак, эч бир жактан өнүгүү болбойт. Эгер өкмөт ушул ишти колго алып,жакшылап жолго салып койсок, өзүбүздүн арабыздан эле ишкерлер колдоп, Манасты сактоого, даӊазалоого чоӊ салым кошушат. Болгону өкмөт бул иштерди абдан жакшы уюштурушу зарыл.

— Сиз манасчыларга  материалдык, социалдык жактан жардам кылып, алардын айрымдарына үй алып берүүнү убада кылып, аларды колдоп келесиз. Бул убадаларыӊыз ишке ашып жатабы?

—Азырынча  берген убадаларым, бул багытта тилек кылган тилектерим толугу менен ишке ашты деп айтууга эрте. Буга техникалык себептер да болуп турат.   Манасчылар да жөн жүрүшкөн жок. Ар бири өздөрүнчө чоӊ иштерди аткарып жатышат. Манас жана Айтматов академиясы түзүлүп, бул багытта да эл аралык деӊгээлде иштер жүрүп жатат.  Мына Кытайда 200 манасчыга мамлекет стипендия берет экен деп жатабыз. Биздин мамлекет маселени эске алуусу зарыл. Ал эми биз да каатчылыктардан чыгып кетсек, айткан убадаларыбызды аткарабыз. Деги эле Манас менен жүргөн адам кем болбойт.

Айбек Шамшыкеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here