—Самат мырза, Жогорку Кеӊештин аппаратынын бюджетин, мүүкүнчүлктөрүн,ага жүктөлгөн иштерин жакшы билесиз. Себеби, сиз депутат болгонго чейин ЖК аппаратын 3 жыл жетектедиӊиз. Бирок аппаратка коомчулуктан дайым көп сын айтылат. Мунун себептерин да жакшы билесиз да. Ушул боюнча да учкай кеп кылсак…

—Жогорку Кеӊештин аппаратына чоӊ милдет жүктөлгөн. Иши оор. Демократиянын өнүгүшүнө парламент кандай чоӊ салым кошуп жаткан болсо, ошол парламенттин мындайча айтканда “мотору” аппарат да. Мындан бир канча жыл мурун ЖК аппаратынын жылдык бюджети 1, 300 млн. сомго чейин болчу. Андан бери кыскартып, кесип олтуруп, азыр 800 млн. сомдун тегереги. Бул жагына жакшы  өзгөрүү болду. Коомчулукта аппаратта иштегендердин айлыгы абдан жогору деген түшүнүк калыптанып калыптыр, бул туура эмес. Мен аппарат кызматкерлеринин айлыгы орточо  айлык экенин айта кетейин. Чынында аппарат деген мамлекеттик кызматкерлер үчүн өтө чоӊ мектеп. Ушул жерде иштеп,  чоӊ тажрыйба топтоп, министр болгон,  депутаттык  кызматтарга чейин барган адамдар көп эле болду. Депутаттардын экиден жардамчыларынын бирин кыскартканыбыз популисттик чечимдердин бири болуп калды окшойт. Себеби, мен башка мамлекеттерге барып алардын тажрыйбасы менен тааныштым. Көп мамлекеттерде бир депутаттын ишмердүүлүгүн камсыз кылууга 17 -18 кызматкер туура келет экен. Ал эми бизде  орто эсеп менен техникалык кызматкерлерибизди кошкондо 6 адам туура келет. Бул жагынан алганда биздин парламенттин аппараты чоӊ эмес, чаканырак эле аппарат десек туура болот. Ошого карабастан бирден жардамчы калтырып койгонубуз туура эмес  деп ойлойм…

—Сиз бул сөзүӊүз менен коомчулуктун сынына кабыласыз… Эл ошол депутаттардын жардамчыларын кыскартканда абдан колдоп, кубанды да…

—Коомчулукта  депутаттар иштебейт деген сын айтылып жатпайбы. Иштеген депутаттар иштеп эле жатышат. Балким, уюштуруу иштеринен көбүрөөк кемчиликтер кетип жатса керек. Депутат иштебесе, көп иштер, мамлекеттик маанилүү маселелер алдыга жылбай калат да. Балким, бул жагынан тажрыйба аздык болуп жаткандыр. Бирок бул маселеге эл дагы басым жасап, жалпы коомчулук шайлоо учурунда сапаттуу парламентти, таза, мекенчил  талапкерлерди тандап алса келечек үчүн жакшы болот эле.

Сиз ЖК аппаратын жетектеп турганда ишкерликте өнөктөш болгон адамдарыӊыз сизге сын айтып, талаш-тартыш маселелерин ЖМКга көбүрөөк чагылдырууга аракет кылышты. Сиз аларга жооп кылбадыӊыз. Ошол маселени ачыктасаӊыз? Сиз унчукпаган соӊ, эл да алардын айткандарынын баары туура экен деген ойдо калышты да…

Ал маселенин баары артта калды. Ишкерликте  талаш-тартыш болбойт, баары сыдыргыга салгандай түз кетет деп айтуу – бул жомок. Катачылыктар, өйдө-төмөн болот дегендей. Мен мамлекеттик кызматта иштеп аткан соӊ, ишкерликти башкалар жүргүзүп жатышты.  Чынында бизде да талаш — тартыштар болгон. Азыр эми анын баарына чекит коюлду десек болот. Негизи  талаш-тартышка энергияны жумшабайм. Мен баардык энергиямды  жакшы  иштерге сарптаганга аракет кылам.   

—Кийинки  шайлоого катышуу ниетиӊиз барбы?

—Бул тууралуу азырынча акыркы чечимди кабыл ала элекпиз. Дагы бир аз убакыт бар. Жараткан буйрук кылып койсо депутат болуп каларбыз. Болбосо, элге депутатсыз эле  ак кызмат кылуунун жолу  көп эмеспи.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here