—Омор ага, Кыргыз эл акыны, маркум Эрнис Турсуновдун арабыздын кеткенине бүгүн туура 6 жыл толот экен. Сиз ал кишини мыкты билесиз. Калемдешиӊиз тууралуу эки ооз айтып, эскерсеӊиз…

-Атаӊ көрү ай-йе… Баягымдай күүлүү турганымды Эрнис эле эмес, көптөгөн чоӊ таланттарды мыктылап айтып бербейт белем. Азыр эми алыма жараша айтайын. Атасы бала кезинде эле кулакка тартылып кеткен го. Энеси болсо кийин башка адамга турмуш чыгып, кызматтарда иштеп жүрдү. Чынында чоӊ талант болчу. Билими күчтүү, билгени көп, сөзү курч эле. Москвага МГУга тапшырып, бирок аны бүтө албай келип, окуусун бул жактан бүтүрдү. Жаш кезинде курч жүрдү. Турмушунда көп эле урунду,беринди болду дегендей. Анысын өзүнчө бир бүтүндөй драма кылып жазса болот. Ушундан улам чыгармачылыгы аксап турган  мезгили да болду. Ошондой болсо да мыкты ырларды жазды. Лирикалары мыкты. Котормого чоӊ күч жумшап, көп которду. Ортодо прозага да, драма жазганга да ооп кетти. Бирок адабияттын бул эки жанрында анчалык чоӊ ийгиликтерге жетише алган жок. Бирок поэзиясы көрөӊгөлүү болду. Жакшы китептерди чыгарды. Чоӊ таланттарды эскерип жакшы чыгарма, макалаларды жазды. Эгер Эрнис актёр болгондо абдан чоӊ  актёр болмок. Бул жагынан да чоӊ таланты бар эле. Мамлекет Турсуновдун элге кылган эмгегин канчалык деӊгээлде баалады, мен айта албайм. Бирок ал кыргыз адабиятына, маданиятына  чоӊ эмгек сиӊирди. Андай чоӊ таланттарды унутпай, улам эскерип турсак жакшы болот.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here