Жалпыга маалым болгондой Кыргыз эл акыны, кыргыз поэзиясынын  классиги Омор Султанов быйыл 85 жашка толот. Агабыздын жакында ден-соолугу начарлап, үч ирет удаа -удаа операция болду. Мына ошол учурда жамы журт сүйүктүү акындын  сакайып кетишин Жараткандан тиленип турду. Бүгүнкү күнү Омор агабыз Кудайым буюрса, акырындык менен өз калыбына келип, ден-соолугун чыӊдап жатат. Айтылуу акындын саламаттыгын сураганча, ар кыл темада маектешип келдик.

—Омор ага, ахыбалыӊыз жакшыбы? Сиз ооруканада жатканда коомчулук сизге күйүп-бышып, ден-соолугуӊузду тилеп жатышты. Ылайым оорубаӊыз…

—Ошентип, менин саламаттыгыма кабатыр болгондордун баарына чоӊ рахмат! Кудай баарына ден-соолук  берсин. Мен эми кандайча катуу ооруп калганымды деле жакшы билбей калдым. Академик Мамытов операция жасады. Кудайга шүгүр, жаман эмес. Бирок карылык деген карылык экен. Өзгөчө карыганда ден-соолуктун начарлашы абдан эле кыйын экен.

—Президент тиешелүү  жетекчилерин жөнөтүп ден-соолугуӊуздан кабар алганы кыргыз маданияты, кыргыз адабияты үчүн жакшы бир жаӊылык болуп калгандай болуп турат…

—Ооба. Ошону айтсаӊ. Ак-үйдүн андай чоӊдору келет деген оюмда да жок болчу. Шагырап эле кирип келип калышты. Мындай окуя мен үчүн деле биринчи жолу болду да. Президенттин атынан деп дары-дармегиме акча беришти. Ден-соолук каалашты. Бул өзүнчө бир самаалык болуп калды деп айттым. Себеби, өлкө башчысынын  минтип кабар алганы бизде өтө сейрек болуп келген да. Бул эми кийинкилерге сабак болуп, салтка айланып калышы керек. Себеби, элге эмгеги сиӊгендер кыйын учурга кабылганда кабар алып турса жакшы эле болот. Бирок мен алардын келишине, президенттин дары-дармекке акча берип жибергенине ыӊгайсыз абалда боло түштүм. Эмнеге дегенде, азыр биз эле эмес пандемия деген балекеттен бүт дүйнө жабыр тартып, жаман болуп жатпайбы. Мындай учурда чын эле ыӊгайсыздык болот экен да. 85ке толот экенсиз деп жатат. Бул жашым тууралуу деле эч кимге эч нерсе айткым келбейт. Мен андай деле укмуш көсөм болуп кеткен жерим жок да. Ошентсе да ооруп жатканына карабай Алыкул акын: “Бүт дартыӊды өз мойнума алайын, Сен ооруба, мен ооруюн  Ата-Журт” – деп жазгандай, чын эле колдон келсе бир топ кыйналып турган Ата-Журтуӊдун дартын чын эле өзүӊө алып, кыйынчылыктан чыгаргыӊ келет…

—Өткөн, кеткенди ойлоп, катуу иштеп, курч ырларды жазган жылдарыӊызды сагынып жатсаӊыз керек…

—Сагынбай анан… адам жашы өткөн сайын, улам жаштыкка куса боло берет экен. Мен иштегим эле, тынбай эле жазгым келе берчү. Ошентип жүрүп, көп эле жаздым деп ойлойм. Канчасы мыкты, канчасы орто болгонун аны эл өзү таразалайт да. Бирок мына азыр ушул төшөктө жатып да жакшы ырларды жазгым келет.

—Сиз ооруканада жатканда бир катар жазмакерлер сиздин чыгармачылыгыӊыз тууралуу кеп кылышып, сиздин эмдигиче Токтогул сыйлыгын ала электигиӊизди баса белгилеп айтып, бул маселе боюнча да тиешелүү комиссияга, тиешелүү бир катар адамдарга да сын айтышканын уктук. Өзүӊүз бул тууралуу эмне айтасыз?

—Мен эч качан сыйлык-наамга жутунган адам эмесмин. Бир чоӊ кызматкерге барып, мен баланча жазып салдым, баланча сыйлыкты бергиле мага деп айтпадым. Мен жазсам,чыгармаларды сыйлык үчүн эмес, эл үчүн жаздым да. Керек болсо мен жаш кезде Комсомол жаштар сыйлыгына да аракет кылганым жок. 1967-жылдары “Отузунчу станция” деген китебим чыкты. Калп айткан менен болобу, билгендер билишет. Ошол китебимдин дүбүртү абдан катуу чыгып, элдин баары эле “Отузунчу станция” болуп калышкан. Өзгөчө жаштар күүлдөп кетишти да. Ошол китепти да бир катар сыйлыктарга сунушта дешти, мен ал сыйлыкка кызыкканым да жок. Эгер башкалардай болуп аракет кылсам, ал китеп бир эмес, бир нече сыйлык алып келмек мага. Кийин мамлекетибиз  эгемендүүлүк алып калган жылдардын баш жагында “Жан берели сүйүүгө” деген китебим чыкты. Мына ошол китебим да окурмандардын чоӊ кызыгуусун туудурду. Ошол китепти Токтогул сыйлыгына көрсөт дегендер болду. Көптөр сөзсүз алат дешти. Мен баягыдай эле жулунганым жок . Чынында ал китебим чатак китеп болгон да. Түшүнбөгөндөр: “Эмне үчүн сүйүүгө жан бериш керек?” – деген суроолорду улам айтып, талкуулап калышты. Бир жолу бир чоӊ китепканын залынан раматылык Бекмамат Осмонов: “Өзүӊөр жазмакер болсоӊор, көптү окуп, көптү жазып жүрсөӊөр,ушул китептин аталышын да түшүнбөйсүӊөрбү?  Автор өзүнүн жанын сүйүүгө берген жок. Өлүп бараткан сүйүүгө жан берип, тирилтип алалы деп жатпайбы”- деп көп элди күлдүргөнү эсимде.

Акындын асыл эмгектери

 Ал китебим чыкканда  азыркы Арабаев окуу жайынын залына бет ачаары сыяктуу кылып, поэзия кечесин өткрдүм. Эл укмуш келип, залга батпай, сыртта калып, кире албай калгандар көп болду. Бир кезде терезе-эшикти сындыра башташты. Мына ошондой кызыгуу болгон. Айлабыз кетип, ал кечени аягына чыгарбай эле токтотуп: “Бул поэзия кечеси драм театрда болот”- деп жарыя кылдык. Эртеси бекен, айтор бат эле кайра драм театрда поэзия кечесин өткөрдүк. Театрдын ичине да эл батпай калды. Аз жерден терезени сындырып коё жаздашты деп айтышты. Кийин ким бирөөлөр жазып чыгышты. Сүйгөн кызына бир жигит ошол окуу жайданбы, же ага жакын жерденби, айтор ошол тараптан жолукмак экен, бирок менин поэзия кечемди угуп калып, сүйгөнүн унутуп, күттүрүп, ыр укканы кетип калыптыр да. Чынында  мен сыйлыкка кызыксам, жогоруда айткандай 1960-1970-жылдардан тартып эле ала баштамакмын. Сыйлыкты мага 1980-жылдардан кийин бере башташты окшойт. Анын үстүнө мен СССРди сындап жазып, ага оппозиция катары болгон калемгер болдум да. “Адамдын турмушу” деген ыр менен жазылган романды 10 жылдан ашуун жаздым. Мына ошол чыгармада союзду сындагам. Экинчи китебин жазып, анда союзду кулатайын деп жазам деп ойлоп жүргөндө союз урап кетип, ал чыгарманын экинчи китебин жазбай токтотуп коюшту. Мен мактангандай болбоюн. Россияда Евтушенколорду кандай жакшы көрсө мени да бул жакта ошого окшоштуруп, жакшы көргөндөр көп болгонун байкадым. Чынында СССРдин системасындагы терс жактарын сындап жазган союздук акындар аз болду. Мисалы, ошол эле Евгений Евтушенко, Андрей Вознесенкиий, Белла Ахмадуллина, Булат Окуджава, Борис Олейник, Иван Драчтан тышкары дагы бир катар ушундай чоӊ акындардын баары биз ар кайсы жакта болсок да, дайым тыгыз байланышып турчубуз. Бизди союзга баш ийбеген акындар деп айтышчу эле. Союз өкмөтү ушул акындарды жалпысынан жаман көрүшүп, далысын салып турушту. Бирок ошолордун баары турмушта көчүштү. Кандайдыр бир Кудай колдоп, бул жакта азыр мен эле калдым. Бул боюнча жакында бир белгилүү профессор да телевизордон айтты дешти го. Мага “Кыргыз эл акыны” наамын баарына берип бүткөндөн кийин, акырында мага беришти. Бул наам эмнеге Султановго берилбей жатат деген маселени жергиликтүү жана чет элдик ЖМКлар да кабыргасынан коюп жазып чыгышты да. Ошондо анан кыймылдашты окшойт.

—Өткөндө Дүйшөн Керимов: “Мага маркум Эрнис Турсунов минтип айтты эле: «Омор досуңа айтып кой, Бексултан Жакиев тирүү турганда Омор Султановго Токтогул сыйлыгы берилбейт» деп сиздин чыгармачылыгыӊыз тууралуу кеп болуп жатканда айтты. Эмнеден улам ушундай кептер чыкты. Чоо-жайын ачык айта аласызбы?

—Эрнис Турсунов чынында чоӊ талант эле да. Ал деле Токтогул сыйлыгын алган жери жок го. Байкушум, ал сөздү менин өзүмө айтпады. Айтса да, карылыкка моюн сунуп унуткандырмын. Мен бир нерсени айтып берейинчи. Мен Айтматовдун “Жамилясы” чыгып, укмуш кызыгуу болуп жаткан жылдары “Агарган асман, көк асман” деген повест жаздым. Ал чыгармам да жакшы кабыл алынып, жылуу пикирлер айтылды. Бир күнү кадимки Гапар Айтиев мага: “Ай иним, сен проза жазыпсыӊ окудум. Жакшы экен. Сен бирок проза жазба. Проза менен поэзия экөө эки башка. Сен поэзияга тереӊ кириш. Дүйнөлүк адабиятта проза менен да, поэзия менен да калган өтө көп эмес” – десе болобу. Сүрөтчү адис ушинтип айтканда абдан таӊ калып калдым. Ошону менен проза жазбай калдым. Бирок кийин ойлоп калдым. Эгер прозга киришим жазсам, өтө тереӊ кетмек экенмин. Бексултан Жакиевди айтып атасыӊ. Мен союз учурнда Жазуучулар союзунун экинчи секретары болуп иштеп турганда чыгармалары орусчага которулган Мар Байжиев, Бексултан Жакиев ж.б. бир топ жазуучуларды Москвага алып баргам. Москвадан Байжиевдин драмалары тууралуу абдан катуу айтышып, макташты. Өзү да орусча мыкты жазат эмеспи. Дагы бир катар жазуучуларыбызды макташты. Жакиев болсо сөзгө илинбей калган. Ошондон уламбы, айтор кичине ичи тардык басымдуулук кылып кетти го. Кыскасы, ич тардык кылганы байкалды да. Болбосо мен ага эч кандай дооматым деле жок. Эми баары өттү, кетти. Ар ким өзү үчүн жооп бергени жакшы. Мени сыйлыкка муктаж деп ойлобогула.

—Азыр эми Жакиев аксакал КРнын Баатыры болуп жүрбөйбү…

—Болуп жүрөт эми. Болуп жүрсө эмне кылалы, болгондор болуп эле жатышпайбы…

Омор ага, эми кеп соӊунда классикалык суроодон узатайын. 80-90 жашты аша жашаган кадырман карылардын баарына эле: “Бул өмүрдөн эмне таптыӊыз да, эмне жоготтуӊуз”- деген суроо салышат…

Мен ушунча жашап бул турмуш, бул жашоо эмне экенин кичине билген өӊдөндүм. Негизи жаш кезде эле жашоону билебиз, баарын билебиз, түшүнөбүз дей беребиз. Ал туура эмес сөз. Мага чейин деле айтышчу. Жоготконум болсо эӊ эле узак деген өмүрүӊ да эӊ эле кыска экен. Ушуну адам билбейт. Билип жүрсө, тереӊ түшүнүп жакшы болоор эле…Турмуш эӊ эле жөнөкөй болуп туруп, ошол эле учурда эӊ эле татаал болот.

—Жазылып бүтө элек чыгармаларыӊыз көппү?..

—Көп деп айта албайм. Акыркы жолу чыгармаларымдын 8 томдугу чыкты. Ден-соолук берсе дагы эле тынбай  жазгым келет. Бирок жаш кездегидей күпүлдөтүп жаза албайбыз го. Ошентсе да,  келе калган ой-толгоолорду кагазга жазып турсам дейм. “Поэзияга келаткан жолдо” деген автобиографиялык чыгарма жазгам. Аягын дагы толуктап койсом болот эле. Ошол  чыгарма китеп болуп чыга элек. Аманчылык болсо чыгаар. Андан көрө эл аман болсун, силер аман болгула…

                                                                                               Айбек ШАМШЫКЕЕВ

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here