Чолпон-Ата шаарында крим аталык Камчы Көлбаев менен айтылуу «Райыммиллиард» 1 гектар жерге  биргелешип 40-50гө жакын коттеж салып жатышканын жергиликтүү тургундар  кеп кылып жатышат. Аталган коттеждер белгилүү «Три корона» пансионатынын күн батыш тарабына салынууда. Курулуш иши учурда кызуу жүрүп, бир катар коттеждердин пайдубалы туруп калды. Райым бир катар маселени Камчы аркылуу жайгарары тууралуу да кеп болуп келген.  Бирок канчалык деӊгээлде чындык экенин алдыдагы убактыт көрсөтөөр. Негизи Кыргызстандагы чоӊ бизнестер жана бизнесмендер, ошондой эле коррупция ж.б. маселелер менен атагы чыккандардын баары криматалыктын көзөмөлүндө экени эч кимге жашыруун эмес.

Булак: Багыт

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here