Кыргызстанда илим-билимдин абалы мышык ыйлаар  абалда экенин элибиз жакшы билет. Сапаты  талапка жооп бербегени аз келгенсип, эчактан бери  коррупцияга кокосуна чейин  батканы  коомчулуктун бүтпөс кайгысына айланган.  Биздин мамлекетте илим чөйрөсүндө ийне менен кудук казып жүрүп, акыры анысын таштап чоӊ саясатка аттангандар  ого эле көп. Алардын ана башында Кыргызстанды 15 жыл башкарып, сазга батырып кеткен Аскар Акаев турат. Андан кийинки чириген бай- бул Кубанычбек Жумалиев экени талашсыз. Бул адам Акаевдин аспиранты болуп жүрүп, илимде да, саясатта да бийиктиктерге жетишкен. Жогорку билимди Акаев сындуу эле Россиядан алган. Акаев президент болуп шайланган  мезгилде Ленинграддан докторлук диссертациясын жактап келген. Бул адам Акаевдин президенттик биринчи жана экинчи жылдарында эле дароо профессор жана академик деген илимдеги бийик наамга жетишкен. Эске сала кетсек, мындай наамдарга, өзгөчө академик наамына көптөгөн кыргыз илимпоздору 40-50 жылдап эмгек кылып, араӊ жетишкени жалпыга жакшы маалым.  Айрымдар андан да көп  жыл эмгек кылып, ал наамга жетпей арабыздан өтүп кетишти. Жумалиев болсо бул наамды илимдеги 10 жылдан ашуун эмгеги менен эле “басып” жыгылган. Акаев аны1992-жылдан баштап, мурдунан сүйрөп чоӊ кызматтарга олтургузуп, “чокчолой баатырга” айланта баштаган. Ошол жылы  Жумалиевди  КРнын  илим жана жаңы технологиялар боюнча мамлекеттик комитетине  төрага  кылган.  Мырзабекович ал комитетти эки жыл башкарган соӊ, “ишпалдасы” чыгып, ал комитеттин иши биротоло токтогон. Андан кийин дагы эки жыл Билим берүү министринин биринчи орун басары болуп иштеди. Акаев андан соӊ  жанына алып Мамлекеттик катчынын биринчи орун басары, андан соӊ 2 жыл президенттик администрацияны жетектетти. Ошол кызматтан соӊ өкмөт башчы, губернатор, министр, вице-премьер-министр болду. Ал бул кызматтарда жүрүп, “эшектин тушагын да чечкен” жок. Ал ушул кызматтарда иштеп жүргөндө Жумалиев  мамлекеттин эбегейсиз мүлкүн өз мүлкү деп эсептеп алганбы, же алмаштырып алганбы, айтор жомоктогудай байып кетти. Муну бешиктеги балага чейин эӊ сонун билет. Далай заводдор чыркырап  анын менчигине кетти. Жакында анын коррупциясы тууралуу кайрадан кеп болгондо, бул адам куран кармап, илим менен байыганын айтып, элдин кыжырына тийди. Мусулман үчүн куран камрап карганган кишинин акыры жакшы болчу эмес эле…

 Кыргызстанда деги илим менен мынчалык байыган ким бар экен? Эл анын бул сөзүнө түкүрүп жаткан кезде,  Жумалиев жанталашып илим менен байыганын, деги эле Кыргызстандын илимине “эбегейсиз салым кошконун” элге белгилүү илимпоздордун  оозу менен айттырып жаткан учуру. Маселен,  күн тийген жердин күкүгү болуп келген, кайсы бийлик болсо да тилин таба билген академик Абдыганы Эркебаев Жумалиевдин коррупциясын иликтеп, жиликтеп жаткан “Чоӊ казатты” сынга алып, Мырзабекович тууралуу:  “Жумалиев бийликке базардан кокус келип калган киши эмес, же Акаевдин жеке тапшырма, суранычтарын аткарып, теңтуш болуп жүрүп бийликке чакырылган эмес. Өз мээнети, жаңы идеялары, пайдалуу көз-карашы, кадамдары үчүн көзгө илинип, саясатка аралашкан адам. Жумалиев илимпоз катары мыктылыгын далилдеген инсан» — деп калп-чынды аралаштырып, дагы көп сөз айткан экен. Анын: “Жумалиев Акаевдин жеке  тапшырма, суранычтарын аткарган эмес” – деген сөзү акылга сыйбай турган сөз экенин академик өзү да эӊ сонун билет. Бирок карыганда ушинтип  жалган айтып, жек көрүнүп,  жеп-ичкичтерге жактоочу болгону курусун дегенден  башка не кеп айтат элек. Деги эле бизде карылыктын дөөлөтүн, наркын билбей,  намысын тебелеп-тепсеп салышкан “акшакалдар” арбып кетпедиби. Бул көрүнүшкө аттиӊ дебеске аргабыз канча…

Жумалиевдин илимдеги “ачылыштарын” айткан дагы бир илимпоздордун  бири Жоробекова Шарипа эжебиз экен. Өтө таӊ калычтуу. Бул илимпоз деги эле  илим-билимдеги көйгөйлөрдү айтпай, көптөн бери биротоло ардактуу эс алууга кеткен. Анан кокусунан эле чоочуп, Жумалиевди мактап калганына жол болсун дейли. Жанына эмне мынча күч келди болду экен деген суроо туулбай койбойт. Мына сага кызыктын кызыгы ушул эмеспи…

  Эркебаев, Жоробековадай эле Жумалиевге өтө жылуу кептерди келиштире айткандардын катарында Абдырахман Мавлянов деген да академик бар экен. Бул адамды коомчулук илимпоз катары анча тааныбайт. Ал түз эле: “Илимге кошкон салымы абдан зор, өзү практик жана теоретик катары да күчтүү кадр. Мисал катары айтсам, 1992-1994-жылдары Кыргыз Республикасынын илим жана жаңы технологиялар боюнча мамлекеттик комитетин дүркүрөтүп башкарып турган. Бирок бул комитеттин иши 2-3 жылдан кийин токтоп калган» — деп айтыптыр. Ооба, десеӊ “дүркүрөтүп” башкарып жаткан комитеттин иши 2 жыл өтпөй кандайча “дүрт” этип өчүп калганын айта кетсе болмок, жарыктык.  Бул анын мактоо сөздөрүнөн бир үзүмү гана. Бул академик да Мырзабековичти “кыргыз илиминин атасы” кылуудан  кайра тартпаган түр калтырыптыр.

     Деги эле бул илимпоздордун жанына эмне күч келди? Же Жумалиев буларды “уктап” жаткан учурунан ойготуп, өзүнө карата ода айттырып,  элдин оозун ачтырып жатабы? Мындай одалардын баасы канча турат? Илимпоздордун  минтип Жумалиевдин коррупциялык иши иликтенип жатканда аны   байдын кызындай кызарта мактагандарына жол болсун дейли…Ишинен баар табышкан илимпоздор кайдагы бир коррупционерлерди мактабай,  тескерисинче алардын мамлекетке келтирген зыяндарын тизмектеп айтып берсе, жоопко тартылышын талап кыла билишсе бали деп дүркүрөтө кол чаппайт белек. Чынында биз ушундай мактоого кыйын, талкалоого да кыйын элбиз. Бирок көп учурда андай иштер бекер жасалбайт. Оӊбогондой кызыкчылыктар менен коштолот. Баасы бар, баркы бар. Мындай жерлерде кызылдай акчалар кызарып, “жашылбайлар” жалбырттап күйүп кетет эмеспи, түбүӊ түшкүр түгөттүкү десе…

Айбек Шамшыкеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here