Эки күн мурун Жогорку сотто бош турган төрт орунга 25 талапкер ат салышты. Жалпы ат салышкандардын саны 35ке чейин жеткен экен. Бирок билермандар мурун да сынакка  катышкандар: « экинчи ирет катышканга тыюу салынат» -деген жаӊы токтом токуй салышып, анын негизинде 9 талапкерди катыштырылган эмес.  Мурун мындай  тартип болгон эмес экен. Эми «казанчынын өз эрки кайдан кулак чыгарса» деген кепти ушул маселеде айтсак жарашчудай. Ал эми калган 25 талапкердин ичинен Жоомартов Күмүшбек Рыспекович, Атаназаров Нурлан Алайдинович,  Гилязетдинова Инара Ильгизована, Эшалиев Нурманбет Касымбекович дегендер сынактан өтүштү. Эми булар ЖК менен президенттин элегинен өтүшү зарыл. Президент кимисин жыгат, кимисин тандайт, аны аз убакытта билебиз.

Бул адамдар судья болору буга чейин эле тар чөйрөдө талкууланып, алдын- ала айтылып жаткан. Айтылгандай эле болду окшойт. Себеби, Ак-үйдөгүлөр бул төрт талапкерди жактарып, «батасын» беришкен. Эми болчок жаӊы судьялардын жагдайларына бир аз токтололу. Жоомартбеков Күмүшбек – бул Чүйдүн байларынын бири, «Чүй мафиясында» барандуу орду бар. Сокулук райондук сотунда 20 жылдай иштеп, укмуш байыптыр. Анын менчигине өткөн  жерлер көп экен. Ал эми Эшалиев деген Кеминде судья болуп жүргөн. Ал кези келгенде президент Жээнбеков менен курсташ экенин, бир бөлмөдө жашаганын айтып мактанып жүрчү дешет. Дагы бир кызыгы, анын негизги кесиби мал доктур экен, кийин эле эки жылдык юридикалык окуу жайды бүтүрө калып, «бакыйган» судья болуп алган. Маселен, ошол эки жылдык юридикалык окуу жайды бүткөндөрдү прокуратурага кызматка албайт , бирок сот боло беришет экен. Бул жагын кандай түшүнсөк болот? Же ажо менен крусташтарга баары боло береби? Гилязетдинова Инара деген  айым болсо ЖЭБдин ызы-чуусун караганы менен белгилүү. Атакозуев болсо Ош шаардык сотун жетектеп жүрүп, кийин Соттор кеешинин төрагасы болгон. Жээнбеков менен жеринен жакшы мамилеси бар экен. Кыскасы,  булардын ишемердүүлүгүн тыкыриликтеп койсо, дагы далай кызыктар кылкылдап эле чыкчудан….

Негизинен  бул жолку сынактык тандоого 44 талапкер документ тапшырган. Алардын ичинен 21 талапкер учурда судья, 18 талапкер судьялык стажга ээ, 2 талапкер буга чейин тестирлөөдөн өтүп, бири босого упай топтосо, бири топтой алган эмес.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here