Быйыл 7-апрелде жалпы жонунан 140тай адамдын (балким мындан да көбүрөөк) өмүрүн жалмап, жүздөгөн адамдарды майып кылып, тагдырына балта чапкан 7-апрель революциясына туура 10 жыл болду. Андан бери эмне өзгөрдү?! Ушул суроону өлкө башчысынан баштап, ар бир жөнөкөй адамга бергим келет. Албетте, президентибиздин жообу башка болоор. Бирок басымдуу көпчүлүктүн жообу: “Эч нерсе өзгөргөн жок” – деген сөз болооруна бөркүӊүздөй ишене бериӊиз. Чынында  10 жылдан бери мамлекетибизде маанилүү эмне өзгөрдү да, өзгөргөнүн кайсы көз көрдү?  Коррупциянын тереӊ кеткен тамырлары кыркылып, экономика өстүбү? Кыргызстандын дүйнөлүк аренада рейтинги жогоруладыбы? Инвесторлор өлкөбүзгө тынбай агылып, “өлүп” калган өндүрүшүбүздү тирилттикпи? Жакшы жагын санасак, беш манжага толуп, толбой калаар. Бирок көкөй кестибизге айланган көйгөйлөр өтө эле  көп экенин көзү азистер дагы сонун көрүп, кулагы кереӊдер дагы  угуп жатышат. Өнүгүүгө Бакиевдер жана Кыргызстандагы бакиевчилер канчалык деӊгээлде бут тосту? Албетте, алар 10 жылдан бери 6 жылга созулган Атамбаевдин  бийлигинин, 3 жылдан берки Жээнбековдун эки тизгин, бир чылбырын талашкан жери жок. Болгону ошол президенттерибиздин жүнү бош болгондуктан Бакиевдер да, анын куйруктары да жазага тартылмак турсун, 10 жылдан бери болуп көрбөгөндөй кутуруп жатышат. Аларыӊ Кудайды мурун эле таанышчу эмес эле, акыркы 10 жылдан бери өздөрү Кудай болуп алгансып жүрүшөт. Буга ким күнөлүү? Албетте, мамлекет жетекчилери. Убактылуу өкмөттүн да өзгөчө күнөөсү бар экенин эстен чыгарбоо абзел.

    Бакиевдердин өлкөгө кылып кеткен чыккынчылык иштерин санап олтурбайлы, ал баарыбызга маалым. Азыр өлкөдө өздөрүн экинин бири  катары сезип жүрүшкөн Нариман Түлеев, Акылбек Жапаров, Элмурза Сатыбалдиев, Молдомуса Конгантиев, Улукбек Ормонов, Динара Исаева баштаган адамдар деги кыргызга жакшылык кылыштыбы? Бул суроонун жообу жалпыга жакшы маалым.  Мына аз күн мурун Жогорку сот Конгантиевди биротоло актады. Бул ирет мен Сатыбалдиев менен Конгантиев тууралуу көбүрөөк айткым келип турат.

     Сот акелердин айткан, дегенине ишенсек, Конгантиевдин аракетинде эч бир кылмыш аракети жок экен. Кыскасы, кудум эле “периште” турбайбы. Албетте, сотторду деле анчалык күнөөлөгөн болбостур. Себеби, аларга мындай көрсөтмөнү    Ак-үйдүн 7-кабатынан бергендир. Эмнеге дегенде Конгантиев 2017-жылы шайлоо учурунда сот иши бүтпөй, акталбай жатып, Жээнбековдун шайлоо үгүт иштерине  буту үзүлгөнчө катышып, ага көбүрөөк добуш алып берип, өзүнө эркиндикти ачыктан-ачык эле сатып албадыбы. Мына сага сасык саясат. Конгантиевди актоо иши Жээнбеков такка олтургандан көп өтпөй эле ишке ашкан болчу. Бирок коомчулук катуу сындап чыкканда, бийлик аргасыздан анын ишин кайра кароого жөнөткөн. Андан бери да кыйла убакыт өтүп, эл Бакиевди, ой Конгантиевди унута түшкөндөй абалга жеткенде, “билгениӊерди кылгыла” деп Жогорку сот аркылуу “апакай” кылып актап, жолун ачып берди. Бул көрүнүш Жээнбековдун бийлиги үчүн кара так болуп калса, Бакиевдер үчүн чоӊ жеӊиш болуп калды.

  Мурунку Башкы прокурор, революцияга жакын Бакиевге кеӊешчи болуп иштеп турган Элмурза  Сатыбалдиев болсо Суталинов, Балкыбеков баштаган башкаларга окшоп качпай, сот жообуна чала-була тартылганы үчүн бүгүн  “жүзүм жарык” дегенсип дердеӊдеп жүрөт. “Жүзүӊөрдү силердин!”- деп, ( эгер ошолордун жүзү болсо ) жүз жолу түкүрсө да аздык кылаар. Сатыбалдиев ошол 7-апрель революциясына чейин Бакиевдин жанында болбой, ага элди басуу боюнча кеӊеш бербей, отставкага кетип калса гана жүзү жарык болмок.  Кезинде Бакиевдин бийлигин чыӊдап, ага “балдай сонун” кеӊештерди берип жаткан адамдын кандайча жүзү жарык болуп калат? Анан калса, бул адам чала –була соттолуп, акталып  чыккан соӊ, жакында эле азыркы бийликти да, жалпы коомчулукту да кемсинтип: “7-апрелиӊер бүттү го, эми эмне кылып аласыӊар?..” – деген мааниде бакылдап, өзүнүн Бакиевдерге болгон сүйүүсүн ачык-айкын далилдеди.  Бу, Конгантиев, Түлеев, Сатыбалдиев баштаган бакиевчилердин мээсине такыр жетпейт турбайбы. Кыргыз эли турганда 7-апрель революциясы унутулбайт, дайым эскерилип, элге ок аткан канкорлордун ысымдары кылымдан-кылымга айтылып, жазыла берет. Жөн гана айтылбастан, Бакиев жана бакиевчилердин укум-тукумуна чейин каргыш-наалат токтобойт.

 Эгер Сатыбалдиевдин акыл-эси болгондо, эл алдына чыгып, эдиреӊдеп сүйлөп, 7-апрелде Бакиевдин огунан каза тапкан жаш балдардын арбактарына шек келтирбейт эле. Балким, бул бакиевчилердин балдары, туугандары  ошол кандуу 7-апрелде ( кокусунан бийликти, аталарына жардам кылып, коргоп жүрүп дейли ) окко учкан болсо, азыр ушинтип Бакиевдерди коргоп, башкача сайрап  турушат беле деген ой келет. Мынчалык, наадандыктын кимге кереги бар?

Ушул Сатыбалдиев деген неме Конгантиев акталганда уялбай туруп: “Анын күнөөсү жок, ал жабыр тартты” – деп “балп” этти. Конгантиев  митингге чыккан элди басып, Бакиевдин  кандуу бийлигин сактап калуу аракети үчүн элден сабоо жеди. Ал окуя экс-министр үчүн  жабыр тартуу эмес, ажалдан аман калуу болбодубу. Муну түшүнбөгөн түркөйлөдүн маӊкурттан айырмасы барбы?! Жыйынтыктап айтсак,  Сатыбалдиев, Конгантиев баштаган бакиевчилер көбү акталды. Акталбаган ким калды? Эми бул бийлик үчүн атыӊ өчкүр Курманбекти, Жанышты, алардын күчүктөрү Максимди, Маратты, атын өзгөртүп алган Данияр Үсөновду  Кыргызстанга алып келип, болушунча акташы эле калгандай. Бийлик Бакиевдер боюнча ушул темп менен жүрүп олтурса, алардан башка кандай ишти күтүүгө болот? Алдыда парламенттик шайлоо. Мурунку шайлоолордо деле бакиевчилер шайлоого ийгиликтүү катышып, жеӊишке жетип келишкени ырас. Бул шайлоодо да мурункудан да чоӊ ийгиликтерге жетишери күтүлүүдө. Себеби, соӊку учурда Бакиевчилердин  “катталары” акталды. Акча болсо агылып келет келчү жагынан…Азырынча жыргай тургула, силердин да жазаӊарды берчү, сазайыӊарды колуӊарга карматуучу мезгил жакын арада, өтө жакын арада бар. Акыйкаттык үчүн намыска жарачу эл бар, аны колдогон күчтүүлөрдүн күчтүүсү Жараткан деген бар…

                                                                                                                                 Айбек ШАМШЫКЕЕВ

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here