Казакстандын Талдыкорган шаарында Алматы облустук сотундагы 9 судьядан коронавирус инфекциясы аныкталганы маалым болду. Алматы облустук соту 8-июндан баштап 19-июнга чейин карантинге жабылды. Облустук соттогу 9 судьянын анализинен коронавирус табылды. Коронавирустун жайылуусун алдын алуу үчүн имарат жабылып, кызматкерлердин баары 7 күндүк үй карантинге жөнөтүлгөн. . Алардын негизги бөлүгү аралыктан онлайн режимде иштеп жатат. Ал эми соттук иштерди кароо кийинкиге жылдырылды.

Казакстанда жалпы 13 миң 319 адам коронавирус жуктуруп, алардын ичинен 8015 адам айыгып чыкты. 61 адам каза болду.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here