Аталган  телеканалдарын ретрансляциялаш үчүн Кыргызстан жылына 50 миллион сом төлөп жатат. Орус каналдарынын ар бирине жылына 25 миллион сомдон төлөнүп келатканын КТРКнын башкы директору Жайнак Үсөн уулу  ЖК жыйынында билдирди. Мына ушундай итсиздиктин кереги барбы? Кыргыз эли орустардын эки каналын көрүүгө өтө куштар болуп, суусап туруптурбу? Көрсөтпөй эле, ошол 50 миллионду төлөтпөй эле коюшсун. Андан көрө ал 50 млн. сом менен жылына экиден бакыйган бала-бакча куруп турушса, мамлекетке алда канча пайда эмеспи. Ал телеканалдарды көрүүнү каалагандар азыр интернеттен деле көрүп алышат. Ушундай тескери, кемчонтойлук, орустарга жагынган акылга сыйбас саясатты биздин төбөлдөр качан токтотушат?! Чынында ошол акчаны Россия телеканалдары Кыргызстанга өздөрү төлөп анан көрсөтүшө куп жарашмак. Ал эми КТРК мурун жарнамадан кыйла көп акча таап келсе, акыркы жылдары жылына 58 млн. сом гана табат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here