-Нурбек Өмүрбекович,  аз күн мурун  буга чейин 5 миллион сом өлчөмүндө болуп келген партиялардын шайлоодо койгон күрөөсүн 10 миллион сомго көтөрүүнү сунуш кылдыӊыз. Бул сунушуӊузду ар ким ар кандай кабылдап, сындап  жатышат. Сын айткандарга кандай жооп айтасыз?

-Ооба, кошумчалап, тактап, баса белгилеп айтып койчу сөздөр бар. Буга чейин маалым болгондой 5 миллион сомдук күрөө  шайлоодо утуп келген партияларга кайтарылып берилген. Мен ошол күрөөнүн суммасын 10 миллион сомго көтөрүп, шайлоо бүткөн соӊ, күрөөгө коюлган каражаттын баарын теӊ мамлекеттин казынасына калтыралы, шайлоодо  жеӊишке жеткенине да, жетпей калганына  да, кайра кайтарылып берилбесин деген сунушту айттым. Мына ушул сунушумду айрымдар  сындап   жаткандар күрөөнү 10 миллион сомго көтөрүү боюнча эле демилгени айтышып, ал эми акчаны казынага калтыруу боюнча демилгени атайылап айтпай жатышат. Бул туура эмес. Мисалы, өкмөт шайлоого 500 млн. же андан көп каражат сарптайт. Шайлоого катышкан партиялардын саны жок эле дегенде 10го жетсе, алардын күрөөгө койгон акчасы жалпысынан 100 млн. сом болот. Бул акча менен мамлекеттин казынасынан шайлоо үчүн кемиген каражаттын бештен бир бөлүгүн толтурууга мүмкүнчүлүк түзүлүп калмак. Бул да болсо мамлекет үчүн жакшы жардамдардын бири болот эле.  Себеби, жалпыбызга жакшы маалым болгондой шайлоого партялар 10 эмес, 100 миллиондогон каражат сарпташат. Андыктан алар үчүн 10 млн. сомдук күрөө эч кандай оорчулук деле жаратпайт деп ойлойм. Күрөөнү 10 млн. сомго көтөрүп салсак, шайлоого көп партиялар катыша албай калат деген кептерге кошула бербейм. Себеби, партия деген бир адамдан турбайт. Партияга миӊдеген идеялаш  адамдар чогулса, каражат ж.б. маселелерди бирдиктүү чечишет  да.

-Аттарын атабай эле коелу, айрым белгилүү саясатчылар, активист болуп жаткандар  дагы бул сунушту сындап чыгышты го…

— Мен ошол сындап жаткан белгилүү деген саясатчылардын сөзүн деле уктум. Мен  үчүн эле эмес, алардын “белгилүүлүгү” эл үчүн беш тыйынга да арзыбайт деп ойлойм. Бул сөзүмө жөндүү далилдер бар.  Азыр акылдуу болуп ар кимди сындап, ар кандай сөздөрдү айтып, тилинен чаӊ чыгарып жаткандар артын бир калчайып карашаса дейт элем. Мындай адамдар жаӊы төрөлгөн наристеден да кемчилик издеп, болушунча сындашат. Чынында алар бир жерге бир куурай сайган эмес, керек болсо баскан жерине да чөп чыкпайт десек жарашат. Андыктан мамлекет үчүн жасап кеткен “жакшынакай” иштерин эске алып, тынч эле олтурушса жакшы болмок.  Маселен, “Каркыра” кимдердин учурунда сатылды эле? Ким ал асыл жерибизди башкаларга өткөрүүдө өзгөчө чоӊ кызматта турду эле? Андан башка деле чек арадагы айрым бир жерлер ким аркылуу коӊшу мамлекетке өтүп кетти эле? Ушундай кыргызга кылы кыйшайбаган саясатчы сөрөйлөрдү айынан бүгүнкү күнгө чейин Баткенде коӊшу мамлекеттердин чек арачылар менен күн алыс эле чыр чыгып, айрым учурларда атышуулар менен коштолуп жатат.

Мына ушундай иштер менен  өз ысымдарын тарыхка кара тамга менен жазып салгандар  ушул учурда да элге кооз сүйлөп жатышканы мен үчүн акылга сыйбайт. Биздин элибиз азыр 15-20 жыл мурунку мезгилге караганда алда канча сабаттуу. Канча кооз сөз сүйлөшсө да элди алдай алышпайт…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here