Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Алмазбек Баатырбеков бүгүн депутаттык мандатын тапшырып жатканы белгилүү болду. Ал бул кадамын алдыдагы шайлоого байлангыштуу экенин informator.kgге билдирген. Баатырбеков: “Алдыда шайлоо. Мыйзамга ылайык, жакында БШК 2020-жылдагы парламенттик шайлоонун мөөнөтүн белгилейт. Демек, күзгү саясий жарышка камынууда убакыт кыска. Ошондон улам мен “Кыргызстан” партиясын шайлоого даярдоо иштерине убактымды көбүрөөк жумшаганды туура көрдүм. Депутаттык мандатымды, фракция лидерлигин ыктыярым менен тапшырып берем.» — деп айткан.

Баатырбековдун мандаты тизме боюнча Бейшеналы Нурдиновго берилет экен.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here