Театр жана кино актеру, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Марат Жанталиев көз жумду. Актердун тааныштары социалдык тармак аркылуу анын жакындарына көңүл айтып жатышат.

М.Жанталиев 59 жашта болчу. Ал 1961-жылы Нарын районунун Кара-Кужур айылында төрөлгөн.

Актёр буга чейин ооруп жүргөн. Ал бүгүн ооруканадан үзүлгөн. Ал Москва шаарындагы кинематографиялык институтту бүтүрүп, бир катар тасмаларда роль жараткан. Көп жылдардан бери Бакен Кыдыкеева атындагы Жаштар театрында эмгектенип келген.

Актер бул тасмага 1-июнда тартылган. Балдарды кутуктап…

Жантелиев Эрнест Абдыжапаровдун «Саякбай» тасмасында Саякбай манасчынын образын да жараткан. 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here