Кереметтүү Кыргызстандын бермети деп эсептелген ыйык Ысык-Көлүбүздүн күнгөй чыгыш тарабында жайгашкан Кожояр айылынын чет жакасында кан жолдун алды жагындагы бурулушта көк күмбөз ар бир жолоочунун көңүлүн өзүнө бурдурат. Бул күмбөздүн бет маңдай жагындагы төрт бурчтуу габра гранитинин бетинде суусар тебетейчен келишимдүү сакал-мурутчан, жүзүнөн мээрим төгүлгөн нурлуу адамдын  элеси түшүрүлгөн. Андагы терең даанышмандык образды төрт сап ыр айкындап турат:

                                              “Журт ээси болуп жалпыга,

                                                Карааны тоодой калкына.

                                                Калыстык  устаканасын,

                                                Калтырып кеткен артына.”

             Күмбөз XIX кылымда кыргыз элинин тарыхый өнүгүшүнө өз салымын кошкон, мамлекеттик жана коомдук ишмер Садыр аке Жолболду уулуна  (1825 – 1909- жж. өмүр сүргөн) арналып, 1991 — жылы сентябрь айында аталган инсандын эскерүү мааракесин мамлекеттик деңгээлде өткөрүү учурунда тургузулган.

        Садыр Жолболду уулу ХIX кылымдын ортосунда кыргыз элинин тагдырында татаал саясий кырдаал түзүлүп, мамлекет жетекчилеринин пикир келишпестигинин негизинде убактылуу мамлекеттик эгемендигибизден айрылып, Россия империясынын кол алдына кирүү жараяны жүрүп жатканда, тутанып күчөгөн уруулар аралык жаңжалдын кесепеттерин жоюп, ынтымакка келүүдө акылмандуулук менен акыйкаттыкка жол табууда тайманбас жана ачык даанышмандыгын көрсөтүп, кийин оторчулардын элди бөлүп-жарып, алсыратып башкаруучулугуна (баскынчыл бийликке) ийкемдүү мамиле кылуу менен туруштук берүүгө өз тажрыйбасынын негизинде жердештерин жана туугандарын акыл-насааттап чакырган.

         Ал өзүнүн тубаса зээндүүлүгү жана нукура зиректиги, курч камбылдыгы менен оторчу жана жергиликтүү бийлик ээлеринин назарына тез эле алынып, ошол учурда өтө маанилүү болгон Россия жана Цин империясы ортосундагы чек ара маселелерине тиешелүү иштерге жигердүү катышып өз Атамекенине зор эмгегин көрсөтө алган.

         Садыр аке, жогоруда белгиленген бийик сапаттары жана адилетүү ак эмгеги менен өзүнүн замандаштары — кыргыз элинин белгилүү инсандары: даңазалуу Байтик баатыр Канай уулу (солто уруусунан, 1823 — 1886 жж., өмүр сүргөн), Шабдан баатыр Жантай уулу (сарыбагыш уруусунан, 1839 — 1912 жж.), Алымбек  Асан уулу (адигине, 1800 — 1862 жж.),  Нурдөөлөт  Жоруп уулу (саяк, 1875 жылы каза болгон), Кыдыр аке Байсары уулу (бугу, 1843 — 1926 жж.), Байзак баатыр Жаркымбай уулу  (саяк, 1834 — 1914 жж.) жана башкалар  ызааттап сыйлашып, анын акыл-кеңештерин ардактаган адам болгону талашсыз. Анын даанышмандык өмүр жолу кыргыз элинде түбөлүккө таасирлүү таалим тажырыйбасы менен кийинки муундарга өрнөк болуп калган жаркын инсандарыбыздын бири экендигин тарых барактары ачык айкындайт.

          XX-кылымда өкүм сүргөн Совет мамлекетинин мезгилинде, кыргыз коомунун өткөн тарыхына жана маданиятына кайрылып чыгарма жазууда карапайым калкты башкарып эзүүчүлөр деп таанылган – манап, болуш (волостной), бийлер жана байлар социалдык жактан таптык душман саналгандыктан, алар жөнүндө деги эле сөз кылуу өтө кооптуу болгону белгилүү. Ошого карабастан кээ бир көк жал кыргыз эл жазуучулары  — Түгөлбай Сыдыкбеков,[1] Төлөгөн Касымбеков,[2] Качкынбай Осмоналиев,[3] Эсенбек Медербековдор[4] улутубуздун тарыхына арналган повесть жана романдарды жазып басмадан чыгарып, бай-манаптардан чыккан чыгаан инсандарыбыздын ошол замандын ыргагына жараша тагдырларын ачып берүүгө аракеттенишкен эле. Ушулардын арасынан көп кырдуу, ары татаал жана кызыктуу чыгарма болуп менин оюмча, кыргыз эл жазуучусу  Качкынбай Осмоналиевдин 1982 — жылы Кыргызстан басмасынан жарык көргөн  “Көчмөндөр кагылышы” аттуу романы эсептелет. Бул романда автор  XIX кылымдагы кыргыз коомунун  социалдык, саясий жана маданий абалын өтө ийкемдүү  чагылдырган десек аша чапкандык болбойт.

         Романдын каармандары кыргыз элинин XIX кылымдагы чыгаан инсандары: Ормон хан Ниязбек уулу (1792 — 1855 жж.), Боромбай Бекмурат уулу (1794 — 1858 жж.), Балбай баатыр (1812 — 1867 жж.), Тилекмат баатыр Жылкайдар уулу (1793 — 1868 жж.), Чыныбай Тилекмат уулу (1888 жылы өлгөн), Курманжан Маматбек кызы (1811 — 1907 жж.), Аалыбек баатыр Кетирекей уулу (1856 ж. өлгөн), Байзак баатыр Жаркымбай уулу (1834 — 1914 жж.), Куйручук (Кудайберген) Өмүрзак уулу (1866 — 1940 жж.) жана башкалардын бейнелери кызыктуу жана элестүү берилгени белгилүү.

          Мына ушул XIX кылымдагы кыргыз элинин элитасынын катарында Ысыккөлдүк саяктардын жетекчиси болгон тайманбас, акылман, калыс Садыр Жолболду уулунун замандаштары менен болгон мамилелери жөнүндө кыска да болсо нуска баяндап  өткөн эле.[5] Муну бул жерден эсиңерге салып айтканыбыздын  себеби, кыргыз эли 1991 — жылы эгемендик мамлекетке ээ болушубуз менен эле жаңы коомубузда мурдагы идеологиялык чектөөлөр жоюлгандыктан, элибиздин тарыхый аң-сезими ойгонушу дагы да өркүндөп талапка ылайык, мурдагы ашыкча теориялаштырган супсак (көбүн эсе инсансыз) тарыхыбызды татыктуу каармандар менен байытуу процесси жүргөндүктөн, ар бир региондун, өрөөндүн, уруу-уруктун непадан бери (байыртадан) уламышка айланган инсандарын эскеришип, алар жөнүндө изилдөөлөр жүргүзүлө баштаганы баарыбызга маалым.

        Бул негизинен жакшы тилектер менен коштолгон акыйкаттуу процесс, бирок тилекке каршы башаламандыкка алып келип жаткансыйт. Баатыр, акылман элчи, олуя-жетекчилер ушунча көбөйгөндүктөн, кимиси-ким экенин дааналап баамдоо  кыйынчылыкка алып келүүдө. Ошондуктан акыркы учурда, өзгөчө биз сөз кылып жаткан мезгилдеги кыргыз инсандарынын тагдырларын чагылдырган, көбүн эсе уламыштарга негизделген, көпчүлүгүндө күмөндүү чыгармалар басмаканалардан байма-бай чыгарылышы менен кокту-колоттун баатырларын жалпы улуттук деңгээлге жеткизүү аракеттери да күч алгандай.

        Мына ушул өңүттөн караганда, Садыр Жолболду уулу чектелген эркиндиктүү советтик доордо эле, жалпы калкыбызга таанымал кыргыз эл жазуучубуздун эң негизги романынын оң каармандарынын бири катары берилиши эле, анын улуттук деңгээлдеги коомдук жана мамлекеттик ишмер экендигин тастыктоочу дагы бир аргумент болоору шексиз.

        Кыргыз элинин тарыхын терең изилдеген белгилүү окумуштуу Саул Абрамзон (1905-1978 жж.) өзүнүн “Кыргызстандын түндүгүндөгү кыргыздардын этникалык курамы” деген изилдөөсүндө ага көбүрөөк маанилүү маалыматтарды берген санжырачылардын катарында белгиленген[6] кеминдик мугалим Бөөмбаев Насирдиндин (1911-1937 жж.) 1930 — жылдары жазылган, азыркы учурда Кыргыз Улуттук Илимдер академиясынын кол жазмалар корунда № 808 шифри менен сакталган   жана жакында Улуттук Илимдер Академиясынын тарых жана маданият изилдөө институтунун кызматкерлери тарабынан басмадан чыгарылган “санжыра” – кол жасмасынын “Шыкмамат балдары” деген бөлүкчөсүндө Шыкмаматтын уулу Кудаш бийдин Анжайынан (С. Абрамзондо: Акжай) Кожойардын беш уулу – беш урук болгону жөнүндө сөз болуп келип, алар Ысык-Көлдүн түндүк тарабындагы “Күнгөй Аксуу, Байсорунда турушат. Садыр аке деген чоңу болгон”[7] деп баяндаган экен.

            Садыр акенин[8] жана ал чыккан саяк[9] уруусунун тарыхына арналган, көбүн эсе кыргыз калкынын эс-тутумунда сакталган элдик уламыштарга негизделген чыгармалар республикабыздын жергиликтүү жана борбордук маалымат каражаттарында байма-бай басылып келүүдө. Алардын ичинен 40 жылдан ашык мезгилде эл оозунан чогултулган маалыматтарды камтыган Акмат Карыбай уулунун 2002 — жылы Бишкекте жарык көргөн, көлөмү 12,5 басма табак болгон, “Садыр аке” деген китеби (редактору: профессор Кадыралы Конкобаев) өзгөчө орунду ээлейт. Албетте, аталган китептин бир далай ийгиликтери менен жанаша күмөндүү жерлери да арбын экендиги байкалат. Жаңы табылган архив даректеринен көрүнгөндөй, чыгарма чаташкан жагдайларга да дуушарланган. Анткени, анда бир да архивдик документ колдонулган эмес. Ушундай эле багытта журналист Ишенбек Жунушевдин 2003 — жылы Бишкектеги “Байтик” басмасынан жарык көргөн “Садыр аке” деген, көлөмү 56 беттен турган, брошюрасын айтсак болот.

        Быйыл өлкөбүздө кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөө жылы деп жарыяланышына байланыштуу тарыхыбыздагы чыгаан инсандарыбыздын өрнөктүү өмүр жолдорун тереңирээк изилдеп, алардын маани-маңызын коомчулугубуздун кеңири катмарына жеткизүүдө элибизде даанышман атакка ээ болгон Садыр аке Жолболду уулунун жана анын урпактарынын баскан жолу бул жалпы кыргыз элинин тарыхынын барактары экендигин эске алуу менен аны жаңы табылган архив документтерине таянып ынандыраарлык ачып берүүнү көздөп ушул изилдөөбүздү жүргүздүк. Даңазалуу инсаныбыздын урпактарынан болгон Садыр акенин чөбөрөсү Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясынын биология жана топурак таануу институтунун лаборатория башчысы, биология илимдеринин доктору, профессор Жамиля Усөнгазы кызы Карабекова жана алардын жакын тууганы мамлекеттик жана коомдук ишмер Өкмөтбек Алакүчүковдор бул жагдайды туура баамдашып анын демилгечилеринен болушуп, изилдөөнүн архивдик даректердин негизинде жүргүзүлүшүнө өзгөчө басым жасашып, демөөрчүлүк колдоосун көрсөтүштү.

Садыр акенин өздүк мөөрү…

        Албетте, Алматы шаарындагы он күндүк мөөнөттө кыска илимий иликтөө мезгилинде Казакстандын мамлекеттик борбордук архивинин фондуларынан 70 уникалдуу документтер табылса да, алар  максаттуу толук кандуу изилдөөгө жетишсиз. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик борбордук архивинде да иликтөөлөр жүргүзүлүп, биз үчүн маанилүү бир документ табылды. Ошондой болсо да иштин башталышы катары табылган даректерди алдын-ала анализдеп, Садыр аке Жолболду уулунун жана анын урпактары баскан жолуна сереп салганга мүмкүнчүлүк берди десек жаңылбайбыз. Бул бир жагынан азыртан эле белгилүү окуяларга фактологиялык тактоолорду киргизүүгө мүмкүнчүлүк берсе, экинчиден – келечектеги изилдөөлөрүбүздүн кайсыл багытта болушун аныктоого мүмкүнчүлүк бермекчи.

         Табылган архив документтеринен көрүнгөндөй, Садыр аке Жолболду уулунун жеке эле өзүнүн мамлекеттик жана коомдук ишмердиги аныкталышы менен чектелбестен, анын бир тууган агасы Эсенгул, өзүнүн уулдары Ажыбек менен Карабек, иниси (агасы деп туугандарынын ичинде азыр да жаңылыш айтылып жүргөн) Балыктын улуу уулу Кашкороо, Кашкороонун баласы Байбосун (бул да жаңылыш Балыктын уулу катары айтылып жүргөн) да – ар бири өз учурунда элүү башы (выборный — шайлоодо добуш берүүчүлүк укукка ээ болуу), айыл аксакалы, айыл бийи, волост башчысынын орун басары (кандидаты) жана волост жетекчиси (болуш) болуп шайланышып, жергиликтүү башкаруучулукта кызмат өтөшкөн экен. Демек, Садыр акенин жана анын урпактарынын өмүр жолдоруна назар салуу бул бир үй-бүлөнүн өрнөктүү өмүр жолун ачып берүү менен биргеликте кыргыз элинин элестүү тарыхынын барактарынан кабар алуу экени талашсыз.

Садыр акенин эстелиги…

        Эмесе, архив даректерине назар салалы. Алгач Садыр акенин жашоо мерчемин тактап алуу зарыл болууда. Бул жөнүндө азырынча биздин колубузга тийген алты архив документтеринде үч бөлөк мөөнөттөрдү көрсөткөн маалыматтар жолугат. Биринчиси, бул 1882 — жылы 29 — сентябрда Ысык-Көл уездинин Торайгыр волостуна жергиликтүү администрациянын кызматтарына өткөрүлгөн шайлоо (баллотировочный лист) баракчасында № 5 айылга айылдык бий кызматына талапкер болуп 47 жаштагы Садыр Жолболдин көрсөтүлүп, 31 элүү башынын (шайлоочулар) баардыгына ээ болуп шайланыптыр.[10] Бул документ боюнча, ал 1835 — жылы туулган болмок.

        Экинчиси – 1885 — жылы Торайгыр волостундагы № 5 айылдын чарба башчыларынын үй-бүлө курамы менен мал-мүлкүн каттоодо түзүлгөн тизмедеги маалыматтар бар. Анын № 4 чарбасынын кожоюну катары Садыр Жолболдин 55 жашта делген.[11] Бул маалымат боюнча Садыр аке 1830 — жылы туулган болуп жатат. Ал эми үчүнчү маалымат 1901 — жылы Садыр аке Мекке менен Мединага ажыга зияратка кетип жаткан мезгилде түзүлгөн үч документтин мазмунунда келтирилген: а) 1901 — жылдын 6 октябрында Күнгөй-Аксуу волостунун волос башчысы Иманкул Абдыбеков тарабынан аталган волостун № 5 айылынын тургуну 76 жаштагы Садыр Жолболдинге чет өлкөлөргө барыш үчүн паспорт алганга жергиликтүү администрация тарабынан талапкерге жолтоочулуктар жок, себеби, ал тергөө сурагында болбогон жана соттолгон эмес, ошондой эле, коомчулукка жана жеке адамдарга береселери жок деп ишеним баракчасын (удостоверение) берген;[12] б) 1901 — жылдын 10 — октябрында Күнгөй-Аксуу волостунун тургуну, 76-жаштагы Садыр Жолболдиндин Пржевальск уездинин башчысына арыз менен кайрылып, Мекке менен Мединага барыш үчүн чет элдик паспорт алууга жардам бериңиз деп кайрылыптыр;[13] в) 1901 — жылы 10 — ноябрда Жетисуу областынын аскер губернаторлугунун вице-губернатору Осташкин тарабынан түзүлгөн Мекке менен Мединага барыш үчүн чет элдик паспорттун берилиши жөнүндөгү ведомосту боюнча №15102 паспорт Күнгөй-Аксуу волостунун кыргызы, 76 жаштагы Садыр Жолболдинге 6 айлык мөөнөткө берилсин деген жазуу сакталыптыр.[14] Эгерде акыркы 1901 — жылда түзүлгөн документтерге таянсак Садыр аке 1825 — жылы туулган болот.

     Жогоруда  келтирилген үч маалымат тең мурда бизге белгилүү болгон Садыр аке 1821 — жылы туулуп, 1905 — жылы өлгөн деген даректерге төп келбейт экен. Мындагы биринчи – 1835 — жылды – биз Садыр аке саясий күрөшкө  катышуу учурда берилген маалымат катары баамдасак болот жана анда катачылыктар атайылап  жасалышы мүмкүн эле, анын үстүнө ал өтө эле жаш болуп калчудай.  Экинчи – 1830 — жыл деген маалымат да чындыкка жакындабай жатат. Анткени, Садыр акенин тун уулу Рыскулбек Садыров ошол эле эл каттоодогу маалыматтар боюнча 1885 — жылы 37 жашка чыгыптыр.[15] Ал эми, анын энеси Чекен – Садыр акенин аялы, ошол жылы 51 жашта болгондуктан, биринчи уулун 14 жашта төрөгөн болуп, күмөнчүлүктү жаратат.

      Ал эми 1901 — жылы Садыр аке саясий күрөштөн четтеп, динге берилип, “молдо” деген атакка ээ болгондуктан жана да тыкан тактыкты талап кылган официалдуу документ болгон чет элдик паспортко өзүнүн накта 76 жашта экендигин көрсөткөн окшойт. Садыр акенин 1825-жылы туулгандыгын тастыктоочу дагы бир жагдай бар. Ал элдин жана жакын туугандарынын маалыматтары. Журналист “Садыр аке” брошюрасынын автору И. Жунушов жакында жарыялаган “Нускалуу өмүр” деген макаласында Садыр аке “84 жашында түбөлүк жайга кеткенин”[16] жарыялаптыр. Адамдын өлгөн жашы адатта эл ичинде так сакталгандыгы  белгилүү. Мындан биз төмөндөгү жыйынтыкка келсек болот: 1825 — жылы туулган Садыр аке 84 жыл өмүр сүрүп, 1909 — жылы көз жумган. Садыр акенин чөбөрөсү – Жамиля   Үөнгазы кызы “чоң аталарыбыз кыргыз жергесинде зилзала болуп өткөн жылдын алдында атабыз Садыр аке жарык дүйнөдөн кайткан эле” деп эскергендерин бизге маалымдады. Белгилүү болгондой, борбордук очогу Кемин өрөөнүндө жайгашкан чоң жер титирөө 1910 — жылы 22 — декабрда болуп өткөн[17]. Демек, бул маалыматтар да Садыр акени 1909 — жылы өлгөн деген жаңы пикирди бекемдейт.

Садыр акени эскерүү иш чарасында…

            Экинчи иретте, такталуучу жагдай бул Садыр акенин өз үй-бүлөсүндөгү ээлеген ордун тактоо. Бул боюнча бизге жогоруда айтылган 1885 — жылы Торайгыр волостунун № 5 айылынын эл каттоо тизмеси кызыктуу маалыматтарды берет. Тизмеде чарбалар элүү башы, он башылык бөлүкчөлөргө бириктирилип, улуу муундагы бир туугандар жаш мерчемине жараша жазылганын байкайбыз. Жолболдунун төрт уулу, үч небереси тизменин алдыңкы катарына биринчи он башылыктын курамында элүү башы Кашкороо Балык уулунун карамагында берилиптир.

Тизменин № 2 чарбасында эки адамдан турган үй-бүлөнүн башчысы катары Шоту (Чоту) Жолболдин экендиги берилген. Ал 70 жашта, анын аялы Токтобала 31 жашта (экинчи аялы болуш керек), кызы – Балгамыш 12 жашта, 10 жылкысы, 3 мүйүздүү малы, 40 кою бар деп турат. Мындан кийинки — № 3 чарбанын башчысы деп Эсенгул Жолболдин, 60 жашта, аялы Иренге – 30 жашта (экинчи аялы)  жана 12 жаштагы Мусабек деген уулу жазылган. Мүлкүнөн: 1 төө, 15 жылкы, 3 мүйүздүү мал, 40 кой катталыптыр. Кезектеги эки адамдан турган № 4 чарба Садыр Жолболду уулунуку: ал – 55 жашта, аялы Чекен – 51 жашта, 6 төөсү, 40 жылкысы, 5 мүйүздүү малы, 100 кою бар делген. Андан соңку тизмеде № 5 чарбанын башчысы Балык Жолболдин 50 жашта, аялы Айкан 50 жашта, кызы Апал — 17 жашта, 3 төө, 30 жылкы, 6 мүйуздүү мал, 110 кою бар экендиги катталыптыр.[18] 

Андан ары тизмеде алардын уулдары берилиптир: № 6 чарбанын башчысы Рыскулбек Садыр уулу 37 жашта, анын аялы Балыке – 25 жашта, кызы Шааркүл – 2 жашта, 20 жылкы, 3 мүйүздүү мал, 20 кою бар делген. № 7 чарбанын башында Ташибек Балыкин — 23 жашта, анын аялы Асылкан – 17 жашта, мал мүлкү жок деп берилген. Тизменин № 11 чарбасында Кашкара (Кашкороо) Балыкин – 31 жашта, аялы Беке – 30 жашта, уулу Байбосун (муну Балыктын баласы деп жаңылыш жазылган маалыматар бар)[19] — 13 жашта, кызы Батма — 10 жашта, 10 жылкы, 3 мүйүздүү малы, 30 кою деп берилген.[20]

Ал эми айылдын экинчи элүү башчысы Кул Ташибековдун карамагындагылардын арасында № 57 чарбада Ажыбек Садыр уулу берилген. Ошол учурда ал 21 жашта, аялы 19 жашта, мал-мүлкүнөн: 10 жылкы, 2 мүйүздүү мал, 50 кою бар деп катталыптыр.[21]

Жогоруда келтирилген маалыматтардан көрүнгөндөй, Жолболдунун уулдарынан ошол учурда эң көп мал-жандуусу Садыр аке экен. Ал жеке өзүнүн жана эки уулунун малдарын кошкондо 7 төө, 70 жылкы, 10 мүйүздүү мал, 170 кой катталыптыр.[22]

          Балык карыянын малы балдарыныкы менен бирге эсептегенде: 3 төө, 40 жылкы, 9 мүйүздүү мал, 140 койго ээлик кылган экен.[23]Алардын агалары Чоту менен Эсенгулдун мал-мүлктөрү орточо болгон окшойт. Албетте, булар толук маалыматтар эместиги түшүнүктүү дечи.

           1885 — жылкы эл каттоодогу түзүлгөн тизмедеги Жолболдунун уулдарынын жаштарына жараша иреттелип: Чоту, Эсенгул, Садыр, Балык деп берилиши, чүйлүк санжырачы Эсенкул Төрөкан уулунун китебиндеги маалыматтар менен да ырасталат. Анда мындай жазуулар бар: “Кожоярдын Асказанынан Майназар, Мамбет, Толойкан. Мунун Майназарынан Жолболду, андан Садыр, Балык, Балыктан – Кашкороо.”[24] Ушуга сиздердин көңүлүнүздөрдү атайылап буруп жатканыбыздын себеби, Садыр акеге арналган чыгармаларда Балык анын агасы катары берилген[25] жана да туугандарынын арасында ушундай пикир азыр да үстөмдүк кылат экен. Мындай үй-бүлө санжырасынын трансформацияга учуроо процесси мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ал эми анын себептерин үй-бүлөнүн мүчөлөрүнүн коомдук жана административдик кызматтарга келиши жараянынан да баамдасак болчудай. Биздин оюбузча, санжыранын мындай трансформация болуусунун жагдайы аталган үй-бүлөнүн мүчөлөрүнүн коомдук-административдик кызматтарга келиши менен эле түшүндүрүлгөнсүйт.

        Эзелтен эле кыргыз коомунда, өзгөчө ынтымактуу үй-бүлөдө, бир туугандар арасында, биринчи иретте улуулашып, анан да жөндөмдүлүгүнө жараша  ар кандай иштерди аткарууда адегенде улууларга жол беришкени белгилүү. Ынтымактуу Жолболдунун уулдарында да ушул жөрөлгө сакталган. Алардын ичинен эң алгач, элдин назарына түшүп, эл бийлөөчүлүгүнө тартылганы Жолболдунун экинчи уулу Эсенгул болуптур. Ал 1870 — жылы Жетисуу областынын Ысык-Көл уездинде  үчүнчү жолу өткөрүлүп жаткан жергиликтүү администрацияга шайлоо учурунда Караой-Сарыой волостунун № 5 айылынын аксакалдыгына шайланган экен.[26] Андан кийин эл бийлигине анын иниси Садыр Жолболду уулу азырынча бизге белгилүү болгондой, 1873 — жылы Караой-Сарыой волостунун бийи кызматына келген. Андан кийин Садырдын кичи уулу Ажыбек 1882 — жылдагы Торайгыр волостунун  башчысынын орун басарлыгына ат салышыптыр да 1892 — жылы Күнгөй-Аксуу волостунун башчылыгына шайланыптыр. 1885 — жылы архив документинде Садыр акенин иниси Балыктын тун уулу Кашкороо элүү башы  болуп шайлоодо добуш берүүчүлүк укукка ээ болуп, 1888-жылы Торайгыр волостунун № 5 айылдын бийи, 1897-жылы Күнгөй-Аксуу волостунун башчысынын кызматтарын аткарган. Ушул Садыр акенин туугандарынын мамлекеттик кызматка келген мезгилдери да Садыр акенин Балык карыянын агасы экендигин ырастайт.

        Алгач, Кыргызстандын Россия империясынын курамына киргизилгендеги башкаруу жараяны кандай жүргөнү жөнүндө маалыматка  сиздердин көңүлүңөрдү бурмакчымын.

        Ысык-Көл өрөөнүнүн калкы 1855-жылдын 17-январынан тартып Россия империясынын букаралыгын кабыл алганы белгилүү. Ошол кездеги жогорку бийлик ээси Боронбай Бекмурат уулуна таандык болгон. Ал кызмат бугу уруусунун ага манабы делип деңгээли боюнча казактардагы ага султанга тең эле. Боронбай жылына 343 рубль маяна алуучу жана орус армиясынын подполковник чинине татыган. Ал киши дүйнөдөн кайткандан кийин анын ордун уулу Өмүрзак 1858-жылдын 15-июнунан 1860-жылдын 13-июнуна чейин ээлеген. 1860-жылдын 13-июнунан 1861-жылдын  ноябрь айына чейин Качыбек Шераалы уулу, ал эми 1861 -жылдын ноябрынан 1866 — жылга чейин Зарпбек Сасыке уулу ээлешкен. Бул кызмат ордун ээлеш үчүн  көп зыяндуу тирешүүлөр болгондуктан ал  1866 — жылы жоюлган.[27]

        1865 — жылдын 12 — февралында Россиянын Оренбург губерниясынын курамында Түркстан областы уюштурулган. Аны башкарыш үчүн 1865 — жылы 6-августта “Түркстан областын башкаруу жөнүндө убактылуу Жобо” кабыл алынган. Түркстан областынын биринчи аскер губернатору Михаил Григорьевич Черняев болгон. Ушул жобого ылайык 1865 – жылдын октябрь айында Ысык-Көл кошунунун башчысынын сунушу менен аталган өрөөндүн калктарынын алгачкы волостору жалпысынан  уруу-уруулук негизде уюштурулган экен.

      Ысык-Көл өрөөнүн жердеген саяк уруусу эки волостукка биригишип 1865 — жылдын октябрында шайлоо өткөрүшүптүр. Биринчиси Каба бөлүкчөсү (отделение) деп аталган волость 661 чарбадан турган экен. Волост башчылыгына Момоч Бердибек уулу, орун басарлыгына (кандидат) Байтерек Бегаалы уулу, ал эми айыл аксакалдары болуп Чыны Ботпай уулу, Аблай Тойчубек уулу, Абдылда Шамке уулу, Чомон Байтемир уулу, Берик Шайбек уулу, Канай Бакай уулу аттуулар  шайланышыптыр.[28]

       Экинчиси, Шыкмамат волосту 763 чарбаны бириктирген. Волост башчылыгына Нурдөөлөт Жоруп уулу, орун басарлыгына Таштанбек Солто уулу, айыл аксакалдыгына Кыдыр Жээнбай уулу, Сагынбай Кашке уулу, Мойнок Сокур уулу, Андаш Татыбек уулу жана Төлөнкут Ишенбек уулулар тандалышкан. [29]

     Мындай уруулук негиздеги волостторду уюштуруу чоң аймакта чачырандылыкта жашаган уруу мүчөлөрүн көзөмөлдөө реалдуу түрдө башкаруучулук иштерге кыйынчылыктарды түзгөн окшойт. Анын үстүнө, орус оторчул өкмөтү өз тажрыйбасына таянып, жергиликтүү калктардын урууларынын ирилешип, күчтөнүшүнөн кооптонушкан[30]. Ошондуктан жергиликтүү башкаруучулукту оптималдаш үчүн  жергиликтүү калкты каттоого алышып, волостторду аймактык негизде кайра уюштурууга барышкан.

      1867 — жылы Жетисуу жана Сыр-Дарья областтары уюштурулган. Аларды башкарыш үчүн 1867 — жылдын 11 — июлунда “Жетисуу жана Сыр-Дарья областарын башкаруу жобосу” бекитилген. Буга ылайык жергиликтүү администрациясынын кызматтары болгон волост башчысы (волостной управитель), анын орун басары (кандидат), айыл бийи (судья), айыл аксакалы (старшина) орундарына 25 жаштан өйдө курактагы, сот айыбына тартылбаган, элде кадыр-барктуу адамдар шайланууга укуктуу болгон. Шайлоо калктын түздөн-түз добуш берүүсү менен эмес, кыйыр жол аркылуу өткөн. Алгач, айыл ичинде он башылар он чарба ээликтердин ичине бирөөнү тандашып “он башы” (шайлоочу-выборный) деп аташкан. Алар айыл курултайында айыл аксакалын кутуга ак (макул) жана кара (каршы) дегенди билгизген таштарды (шарларды) салып талапкерлерди шайлашкан.

     Ал эми айылдын элүү чарбасынын курултайында бир элүү башын дайындашкан. Алар волост курултайында, жогоруда айтылгандай, жашыруун добуш берүү менен волост башчысын, анын орун басарын жана айыл бийлери менен кийинчерээк орун басарларын да шайлашкан. Шайлагандар үч жылдык мөөнөткө областтын губернаторунун жарлыгы менен бекитилген.

      1868-жылы жай мезгилинде Ысык-Көл өрөөнүндө волостук кайра уюштуруу комиссиясынын сунушу боюнча алты волост уюштурулуптур. Бул жолу волосттордун биригүүсү жер аймактык негизде жүргүзүлгөн:

1-волост – Алабаш-Коңурөлөң деп аталган. 1868-жылы 22-январда өткөрүлгөн волост курултайында анын волост башчылыгына Чыныбай Тилекмат уулу (белек, бирназар уулу – Д.С.), орун басарлыгына Канай Койсойбос уулу (кыдык, кара көйнөк уулу – Д.С.) жана дагы алты айыл бийи шайланган.

2 — волост – Зооку-Барскон деп аталып, ошол жылдын 30 — январындагы волост курултайында волост башчылыгына Өмүрзак Боронбай уулу (белек, бекмурат уулу – Д.С.), орун басарлыгына Турсун Зарпбек уулу (белек, меңмурат же тазабек – Д.С.), дагы 6 бий шайланыптыр.

3 – Кеңсуу волостунун курултайы 1868 — жылы 5 — февралда өтүп, волост башчылыгына Султанкул Алыбай уулу (белек, бирназар уулу – Д.С.), орун басарлыгына Чынгыш Алыбай уулу, алты бий тандалган экен.

4 — Төркен-Аксуу волостунун курултайы 7-февралда болуп, волост башчылыгына Байгабыл Төлөгөн уулу (арык тукум, күчүк уулу – Д.С.), орун басарлыгына Төлөгөн Качкынтай уулу жана алты бий шайлашкан экен.

5 – Күнгөй-Аксуу волостунун курултайы 19 — февралда чогулуп, волост башчылыгына Балакарач Ногой уулун (белек, сокур уулу — Д.С.), орун басарлыгына Байтик Үсөн уулун, жана төрт бийин шайлашыптыр.

6 – Караой-Сарыой волосту деп аталып, алардын курултайы 1868 — жылдын 20 — февралында өтүптүр. Волост башчылыгына саяк уруусунун шыкмамат уругунун өкүлү – даңазалуу баатыр Нурдөөлөт Жоруп уулу шайланса, анын орун басарлыгына бугу уруусунун белек уругунун өкүлү белгилүү баатыр Балбай Эшкожо уулунун бир тууган иниси Балбактын уулу Тагай тандалган экен. Айыл бийлигине болсо Стам Нанжебес уулу (белек уруусунун бирназар уулу – Д.С.), Байсун Карабек уулу (белек, такабай уулу – Д.С.), Тененкожо Баймурза уулу (тактай алган жокпуз – Д.С.), Төлөнкут Ишенбек уулу (саяк, шыкмамат уругу – Д.С.).[31]

        Караой-Сарыой волостунун бийлик ээлеринин курамынан көрүнгөндөй, бул административдик бөлүк жалпысынан саяк жана белек уруусунун чарбаларынан турган. Саны жагынан да аз окшойт, анткени алты волосттон төртөө негизинен бугу уруусунун өкүлдөрүнөн туруп, алтыдан бий белгиленсе, акыркы эки – Күнгөй-Аксуу жана Караой-Сарыой волосторунда алардын саны 4 эле болгон. Мына ушул жагдайды эсине алган саяк уруусунун өкүлү болгон анын жетекчиси Нурдөөлөт баатыр Текесте жашашкан Кожояр уулу аталган урукту Ысык-Көлдүн күнгөйү тарапка көчүрүп келүүнүн демилгечиси болсо керек. Аты аталган волостту негизинен эки уруунун өкүлдөрү түзгөндүктөн, Ысык-Көл калкынын эсинде “бугу, саяк урууларына Нурдөөлөт болуш болду”, “шайлоодо белек уруусунун кеңеши бир бүтүмгө келип, болуштукту Нурдөөлөткө ыйгарышты”[32] деген уламыштар  сакталган. Кийинки Ысык-Көл өрөөнүнүн тарыхына арналган тарыхый публицистикалык изилдөөлөрдө да ушул көз караш орун алган.[33] Нагызында бул көз караш жаңылыштуу экени жогорудагы маалыматтар менен ырасталат.

     1870 — жылы Ысык-Көл уездинин чарбаларында каттоо жүргүзулүп, артынан жергиликтүү администрациянын бийлигине шайлоолор өткөрүлүптүр. Караой-Сарыой волосту 8 айылына топтолушуп 1314 чарбадан турган. Калкынын саны 2715 эркек менен 2263 аял болуп бардыгы 4978 адамды түзгөн. Айылдагы чарбалардын саны 148ден-176га жетиптир. Волос башчылыгына мурдагы эки шайлоодо тандалган саяк уруусунун шыкмамат уругунун өкүлү Нурдөөлөт Жоруп уулу, анын орун басарлыгына бугу уруусунун белек уругунун өкүлү 1868 — жылдан бери ушул кызматты аркалап келген Тагай Балбак  (документте жаңылыштык: Балбаев деп берилген – Д.С.) уулу белгилениптир.

       Ошол учурда айыл аксакал кызматы айыл бийинен маанилүүрөөк көрүнгөн окшойт, анткени алар эл каттоо тизмеде экинчи катарда берилиптир. № 1 айылдын айыл аксакалдыгына Андаш Тарыбек (документ ушундай кыска түрүндө айыл аксакалдары менен бийлери да берилиптир, мындай көрүнуш биздин элибиздин ысым атоо тарыхын изилдөөчүлөргө өтө кызыктуу көрүнуш экендиги талашсыз – Д.С.) анын орун басары болуп Жаркынбай Атабала; № 2 айыл аксакалдыгына Садыр акенин бир тууган агасы Эсенгул Жолболду, анын орун басары болуп Токтомуш Күчүк; № 3 айыл аксакалы — Торгой Сасыке, орун басары – Ормон Жанбото; № 4 айылга айыл аксакалдыгына Байсейит Аалыбек (мүмкүн бул Ормон хандын аскер башчысы, даңазалуу Аалыбек баатыр Кетирекей уулунун Бадыша деген баласынын каймана атыдыр?), анын орун басарлыгына Керимбай Сагындык; № 5 айыл аксакалдыгына саяк уруусунун каба уругунун өкүлү 1865 — жылкы шайлоодо бий болуп тандалган Канай Бокой (Бакай), анын орун басары – Чынгышбай Акынбек; № 6 айылда айыл аксакалдыгына Карач Исенбай, орун басарлыгына Чоро Таштан, № 7 айыл аксакалы – Намазбек Осмонбеков (бугу уруусунун белек уругунун өкүлү Нурдөөлөт баатырдын аялы Бурулча эненин бир тууганы окшойт – Д. С.), анын орун басары Ысабек Азык; № 8 айылдын аксакалдыгына Күрөн Байбагыш, анын орун басарлыгына Мурзакул Телтай аттуу адамдар шайланышыптыр.[34]

       Ал эми айыл бийлери орун басарсыз тек баштарын  тандашкан окшойт. № 1 айылынын бий кызматына 1865 — жылдан бери бий болуп тандалып келген саяк Төлөнкут Ишенбек; № 2 айыл бийине Кулубек Таштанбек, № 3 айыл бийи – Минашар Бегиш, № 4 айылдыкы Малабек Турдубай, №5 айыл бийи Маматкулы Бердибек, № 6 айылыныкы Мамбет Ныша (белек уругунан – Д.С.), №7 айыл бийи – Бактияр Багыш, №8 –айылынын бийи Татыкожо (атасынын ысымы берилген эмес) деген адамдар шайланышыптыр.[35]

         1873 — жылдын 30 — ноябрында Ысык-Көл  уездинде төртүнчү жолу жергиликтүү администрациясынын кызмат орундарын ээлеш үчүн шайлоо өткөрүлгөн. Бул шайлоонун өзгөчөлүгү — ар бир кызмат орунга үч адамдан атаандаштар коюлуп, жогоруда белгилеп кеткендей, элүү башылар (орусча — выборныйлар) ар-бирине  ак таш (макулдук) жана кара таш  (каршы) оюн билдирген эреже менен жеңүүчүнү аныкташкан. Шайлоону Ысык-Көл уездинин башчысы  полковник Курковский өзү  өткөргөн.

     Ошол шайлоо жыйынтыктары түшүрүлгөн (баллотировочный лист) барактан көрүнгөндөй, волост башчылыгына төртүнчү жолу ушундай эл тандоосуна катышып жаткан Нурдөөлөт баатыр Жоруп уулу анын атаандаштары болуп Нурдөөлөттүн досу Балбай баатырдын уулу Мойнок менен Балбайдын инисинин баласы Өзбек Балбак уулу коюлуптур. Жыйынтыгында: Нурдөөлөт 22 ак таш, 2 кара таш , Мойнок – 13 ак, 5 кара, Өзбек — 15 ак, 9 кара таш алышкан. Нурдөөлөт жеңүүчү болуп таанылат. Курковский анын ысымынын тушуна “үчүнчү жолу тандалды, жакшы ишеничтүү жана кызматка бекитилишин суранамын” деп белгилеген.[36] Волост башчысынын орун басарлыгына бугу уруусунун белек уругунун өкүлдөрү – эки бир туугандын балдары Мойнок менен Өзбекке атаандаштыгын саяк уруусунан Бөлөкпай Муса уулу коюп,  жеңүүчү болуп Мойнок Балбай уулу таанылыптыр.[37]

      Айыл бийлери баягыдай эле орун басарсыз үч адамдын атаандаштыгында шайланышкан. Волост мурдагыдай эле 8 айылдан турган: № 1 айыл бийи болуп 17 ак таш, 7 кара таш алып Мойнок Сокур уулу (саяк); № 2 айыл бийи кызматына 18 ак таш, 6 кара таш топтоп Садыр Жолболду уулу (саяк); № 3 айыл бийи — Төлөнкут Ишенбек уулу (саяк, 19 ак таш, 5 кара таш); № 4 айыл бийи – Өмүр Чынкожо уулу (16 ак таш, 8 кара таш); № 5 айыл бийине  — Маматкулу Бердибек уулу (16 ак таш, 8 кара таш); №6 айыл бийи – Мамбет Ныша уулу (17 ак таш, 7 кара таш); № 7 айыл бийи – Ысабек Азык уулу (18 ак таш, 6 кара таш); № 8 айыл бийлигине 1870 — жылы волост башчысынын орун басары болгон Балбайдын инисинин баласы Тагай Балбак уулу (белек, 18 ак ак таш, 6 кара таш) алган жыйынтыктары менен жеңүүчү болуп табылышкан.[38]

        Жогорудагы шайлоо жыйынтыктары 1874 — жылдын 17 — январында Жетисуу аскер губернатору Герасим Алексеевич Колпаковскийдин жарлыгы менен бекитилген.[39]   

1875 — жылы 24 — сентябрда Торайгыр волостун башчысы Нурдөөлөт баатыр дүйнөдөн кайткан экен.[40] Уламыштарда анын ордуна Садыр шайланган.[41] Ал эми архивдик документтердеги маалыматтар боюнча,  алгач ал кызматка анын орун басары болуп турган, белек уругунун өкүлү Балбай баатырдын уулу Мойнок 1875 — жылдын 15 — октябрында Жетисуу Аскер губернаторунун жарлыгы менен дайындалыптыр.[42] Бирок жергиликтүү калк бул жарлык чыга электе эле 4 — октябрда Караой-Сарыой волостунун коомчулугунун курултайын өткөрүшүп, Нурдөөлөттүн ордуна анын уулу Калканды тандашкандыгын билдирген волост элүү башыларынын чечимин (приговорун) губернаторго жиберишиптир.[43] Мындай жетекчилик тараптан уруксатысыз өткөрүлгөн жыйындын чечими губернаторлукта бир аз таң калууну жаратканы менен, алар “бул жолу эске алынды”[44] деп белгилешиптир.

Андан ары Караой-Сарыой волостунун башчылыгы кызматын Калкан Нурдөөлөт уулу же Садыр Жолболду уулу даана аткаргандыктары жөнүндө бизде архив даректери азырынча жок. Бирок, 1876 — жылдын ноябрында түзүлгөн тизменин маалыматы боюнча, Түркстан генерал-губернатору Константин Петрович фон Кауфман (1867 – 1882 жж. башкарган) тарабынан Ысык-Көл уездинен административдик кызматтарда иштешкен 25 кыргыздын ичинде “кызматтагы камбылдыгы жана милдеттерин так аткаргандыгы үчүн (орусча: “За распорядительность и точное исполнение своих обязанностей”) деген аныктоо менен 3-даражадагы чепкен Караой-Сарыой волостунун бийи  Садыр Жолболдинге берилген экен.[45] Сыйлык кайсыл тапшырманы аткаргандыгы жөнүндө экени документте айтылбайт.

         1877 — 1881 — жылдары Садыр акенин кайсыл кызматтарды аркалагандыгы тууралуу маалыматтар табылбады.

        1881 — жылы 12 — февралда Россия менен Цин империясы ортосунда Санкт-Петербургда чек аралардын негизги табигый географиялык белгилер (тоо кырлары, дарыялардын агымы) аркылуу өтүш керектиги макулдашылган келишимге кол коюлган[46]. Россия тарап 1871 — жылы убактылуу басып алган Или жана Кулжа өрөөнүндөгү кээ бир аймактарды Кытайга кайрып берүүгө мажбур болгон.[47] Ушуга байланыштуу эки өлкөнүн чек арасын жер-жеринен белгилөө боюнча 1882 жана 1883 -жылдарда Россия өкмөтүнүн Жетисуу областынын Батыш Кытай менен чектөө боюнча атайын өкүлү генерал-майор А. Фриде жетектеген демаркациялык комиссиялар иштеген.[48] Анын иштерине жергиликтүү калктардын (казак, калмак, кыргыз, дунган, уйгур, өзбек) өкүлдөрү тартылгандыгын ырастаган бир нече жаңы архив документтери табылды.[49] Кыргыз уламыштарында бул жараянга Садыр аке да катышкандыгы баяндалат, бирок азырынча аны ачыгыраак тастыктоочу документтер биздин колубузда жок. Албетте, андай документтер болуш керек, ошондуктан багыттуу изилдөөлөр улатылышы керек. Азырынча бул жагдайды ачыктоого багыт берүүчү, өтө кызыктуу жана маанилүү бир нече жаңы архив документтери табылгандыктан, аларды ушул изилдөөнүн архив документтер тизмеги деген тиркемеде бердик.

         1881 — жылы Цин империясынын карамагына Или менен Кулжанын бир топ жерлери өтүшү менен Жетисууда 1882 — жылы жаңы административдик реформа жүргүзүлгөн. Ысык-Көл уездинин волосторунун аталыштары өзгөрүлүп, алардын жер аймактары кайрадан бөлүштүрүлгөн жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн шайлоо жүргүзүлүптүр. Мурдагы Караой-Сарыой волосту жоюлуп, калкы толугу менен Торайгыр волостуна киргизилген. 1882 — жылы 23 — сентябрда жогоруда аталган волостко шайлоо өткөрүлгөндө, Садыр Жолболду уулу өзүнүн экинчи уулу Ажыбекти волост башчылыгынын орун басарлыгына атаандаштыкка катыштырып, бир добуш айырмачылыкта каршылашы бугу уруусунан белек уругунун өкүлү Алагуш Осмонбек уулуна уттуруп коюшкан.[50] Өзү болсо № 5 айылдын бийи кызматына 31 элүү башынын баарынын колдоосуна ээ болгон экен.[51]

Жетисуу аскер губернаторунун 1883 — жылдын 3 — мартындагы жарлыгынан көрүнгөндөй, Торайгыр волостунун башчысы болуп Кангелди Рысменде уулу, орун басарлыгына Алагуш Осмонбек уулу, айыл бийи болуп: № 1 айылда Булан Абдыбек уулу, № 2 – Байтерек Ормоке уулу, № 3 – Солто Баймонке уулу, № 4 – Жайсан Мантай уулу, № 5 – Садыр Жолболду уулу, № 6 – Жаныбай Таштанбек уулу, № 7 – Бектур Кыдык уулу, №8 – Калкан Нурдөөлөт уулу, № 9 – Берикбай Татыбек уулу бекитилишиптир.[52]

         Жаңы түзүлгөн кырдаалда административдик бийликке шайлоо жараяны көбүн эсе эми уруу-урукташып добуш берген ыкмага өтө баштаган. Бийликке умтулган инсандар өз уруу-урукташтарын же жакын тууган-санаалаштарын өзүнүн таасириндеги жерлерге топтоого аракеттене башташкан, муну менен алар шайлоо учурунда керектүү добуштарга жетишүүнү көздөшкөн.

          1882 — жылкы шайлоодо Садыр аке өз максатына толук жетише албаганын — уулу Ажибек атаандашынан бир добуш кем алып, бийликке тартылбай калганын байкадык. Балким, ушундай кырдаалда 1883 — жылы Текесте калган бир туугандарын жана уруулаштарын саясий кырдаалга жараша Ысык-Көлдүн күнгөйүнө көчүрүп келсе керек.

           1885 — жылкы эл каттоодон байкалгандай, Садыр акенин Балык деген инисинин баласы Кашкороо  келээри менен элүү башылык бийликке тартылыптыр. Ал эми, 1886 — жылкы Торайгыр волостунун администрациясына шайлоо учурунда кандай себептен белгисиз, адаттагы Жолболду уулунун тукумдарына тиешелүү болуп келген № 5 айылдын чоң (7 бир туугандан турган) жана бай (1 төө, 88 жылкы, 20 мүйүздүү мал, 610 кою болгон[53]) үй-бүлөлөрдүн өкүлү Абир Алсеит уулу шайланып, Жетисуу аскер губернаторунун 1886 — жылдын 15 — марттагы жарлыгы менен бекитилген экен.[54]

1888 — жылдын 7 — апрелде Торайгыр волостунун элүү башылары чогулуп дүйнөдөн кайткан Торгой Сасыке уулунун ордуна Ажыбек Садыр уулун шайлашкандыгы жөнүндө чечим (приговор) чыгарышыптыр.[55] 1888 — жылы 11 — майда Жетисуу Аскер губернаторунун жарлыгы менен Садыр акенин уулу Ажыбек Торайгыр волостунун башчысынын орун басары (кандидаты) болуп бекитилген.[56]

         Торайгыр волостунун бийликтик кызматтарга кезектеги шайлоо 1888-жылдын 3 — августунда Кырчын жайлоосунда Ысык-Көл уездинин башчысынын катышуусунда өткөрүлүптүр. Бул жолу волост башчылыгына 1881-жылдан бери дайыма шайланып келген Кангелди Рысменде уулу 19 ак таш, 12 кара таш менен жеңип, анын атаандашы болгон Калкан Нурдөөлөт уулу 19 кара таш, 12 ак таш жыйынтыгына ээ болуп, артта калыптыр. Бирок ал № 8 айыл бийлигине бир добуштан шайланган экен.

        Волост башчысынын орун басарлыгын ээлеш үчүн күрөш өтө курч кырдаалда өткөн экен. Беш ай мурун бир добуштан ушул кызматка шайланган Ажыбек Садыр уулу 10 ак таш, 21 кара ташка ээ болуп ара жолдо калыптыр. Анын атаандашы Жылкыбай Торгой уулу  (мурдагы орун басар Сасыкенин уулу) 15 ак таш, 16 кара ташка ээ болуп, башкача айтканда, каршы добуштар көпчүлүктү түзүп турса да, жеңүүчү болуп таанылыптыр[57]. Кожояр айылынын бийинин кызматына атаандаштык да кызыктуу өтүптүр. Саясий күрөшкө алгачкы жолу киришкен, Садыр акенин иниси Балыктын уулу Кашкороо 25 ак таш жана 6 кара таш топтоо менен № 5 айылдын бийи үчүн кызуу күрөштө өткөн, мурдагы шайлоодо жеңишке жеткен, а бул жолу болсо 12 ак таш, 19 кара таш алган Абиир Алсеит уулун жана ушундай эле жыйынтыкка ээ болгон 52 жаштагы Белек Абдыбек уулу экөөнү  бирдей жеңилүүгө мажбур кылыптыр.[58]

          1888 — жылы өткөрүлгөн шайлоо жараянында Ажыбек Садыр уулуна карата жасалган акыйкатсыздык анын тарабындагылардын нааразычылыгын жаратып, алардын Жетисуу аскер губернаторуна арыз менен кайрылууга мажбур кылган окшойт. Анткени мындан үч ай он күн өткөндөн кийин 1888 — жылдын 22 — ноябрында ошол эле Ысык-Көл уездинин башчысынын катышуусунда Торайгыр волостунун башчысынын орун басарлыгына кайрадан шайлоо өткөрүлүптүр. Бул жолу Жылкыбай Торгой уулунун талапкерлиги атаандашсыз коюлуп, бир добуштан 31 элүү башынын колдоосуна жетишиптир.[59]

Шайлоо жараянында кетирилген акыйкатсыздык, өкүмчүлдүк жана оторчу бийлик ээлеринин текеберчилиги, атаандашкан тараптарды ачыктан-ачык карама-каршылыкка алып келген. 

         1889 — жылы 2 — августта Торайгыр волостунун айыл аксакалдары, бийлери жана кадырлуу адамдары курултай өткөрүп, волосттун бардык калкынын атынан чечим чыгарып, Ысык-Көл уездинин башчысына кайрылышкан экен. Анда, кандайдыр бир себептер менен Торайгыр волостунун башчысы Кангелди Рысмендин кызматынан бошо- тулгандыктан, аны жердештери волос башчылыгында 1882 — жылдан бери эч бир тескери иштерге барбастан, элди кыстабай, тескерисинче, ар-дайым аларга жардамдашып келгендиктен ага ыраазычылыгын билдирүү менен, кайрадан өз кызматына дайындап берүүсүн суранышкан. Кайрылуу араб арибинде түзүлүп, алдында 34 мөөрдүн изи түшүрүлгөн.[60] Алардын арасында Садыр акенин жана анын уулу Ажыбектин өздүк мөөрлөрү да кезигет. Садыр акенин мөөрүндөгү жазуусу “Жолболду ибн Садыр бий 1296 (1878)” деп окулат. Ажыбектикинде болсо: “Ажибек ибн Садыр бий.”. Садыр акенин бул мөөрүнүн изи кийин 1892 – жылы түзүлгөн дагы бир тарыхый документте кездешет.

             Болжол менен 1887 – 1888 — жылдарда Кангелди Рысменде уулунун күйөө баласы Чыныбай Тилекмат уулу каза болгон экен. Бул жагдайдан пайдаланып, анын эки атадан өйдөтөн кошулушкан (Ыстам – Мураталы — Бирназар; Тилекмат – Жылкыайдар — Бирназар) тууганы Жети-Өгүз волостунун № 1 айылынын 1882 — жылдан берки бийи Балтабай Истам уулу “Тилекматовдорго каршы аракеттердин негизги уюштуруучу” болуп, 1888 — жылдын ноябрь айында сот ишине тартылган экен. Ушуга байланыштуу 1889 — жылы 19 — апрелде шайлоодон жеңип чыкса да бий кызматына бекитилбептир.[61] Кыргыз уламыштарында Балтабай Истам уулунун кайрадан административдик кызматка келишине Садыр аке түздөн-түз таасир эткен[62].

            Даңазалуу Тилекмат Жылкыайдар уулунун (1793 — 1869 жж.)[63] уулу Чыныбай 1871 – 1877 — жылдары Ысык-Көл уездинин башчысынын кенже жардамчысы деген, ошол убакта, орус өкмөтүнүн жергиликтүү калкка берилген эң жогорку кызматында иштеген, андан кийин да орус өкмөтүнө көп жардамдашып, далай сыйлыктарга татып,[64]  өтө таасирдүү адам болгон. Кангелди Рысменде уулунун 1882 — жылдан баштап алмаштырылбай волосттук бийликте болушуна да ушул жогорудагы жагдайдын таасири болгон сыяктанат. Албетте, буга дагы бир тараптан Садыр акенин да ага куда болушу белгилүү мааниге ээ эле.

       Чыныбайдын өлүмүнөн кийин, 1888 — жылдын август айында жергиликтүү  администрациясына өткөрүлгөн биринчи эле шайлоодо анын эки бир тууганы Жети-Өгүз волостунун 1873 — жылдан бери алмаштырылбай волос башчысы болуп келген Алышпай Тилекматов менен  ошол эле волостун № 4 айылынын көп жылдар бою бийи болуп келген Чымырбай Тилекматовдор эч бир кызматка илинбей калышкан.[65] 

            Жогорудагы жагдай  Кангелди Рысменде уулунун бийликтеги абалын бир аз да болсо кыйындаткан окшойт. Мындай кырдаалда Кангелдини колдоп, волост элинин атынан түзүлгөн кайрылууга Садыр аке өзүнүн жана уулу Ажыбектин мөөрлөрүн коюушу менен ак дилден кудалык вазипасын аткарган экен. Кангелди Рысменде уулу дагы узакка – 1897 — жылга чейин ушул кызматта болгонун  архив даректери ырастайт.

          1891 — жылы 25 — мартта мурдагы Түркстан крайы  Талаа (Степной) крайы деп өзгөрүлтүп жаңы “Талаа областарын башкаруу боюнча Жобо” мыйзам катары киргизилген эле. Бул “Жобо” боюнча волосторду башкарууну жеңилдетиш үчүн деген негиздөө менен волосторду түзгөн чарбалардын саны, мурдагы 1000 — 2000 ге чейин деген өлчөм, эми 500 дөн  — 1000 ге чейин болушуна уруксат берилген. Область же аскер губернатору жергиликтүү административдик кызматтарга шайлоолордун натыйжаларын эсепке албай жана шайлоону өткөрбөй туруп эле өзү тандаган адамды дайындоого укуктуу болгон.[66]

          Түркстандагы башкаруу реформалардын максаты, биринчи кезекте, оторчул орус бийлигинин, элдик шайлоону киргизимиш этип, жергиликтүү уруулук түзүлүшкө сокку уруп жатабыз деген шылтоо менен калк арасындагы абройлуу инсандардын, уруу башчылардын баркын төмөндөтүп, өздөрүнө – орус өкмөтүнө берилген ийкемдүү адамдарды бийликке алып келүү менен элди эзүүчүлүк саясатын бекемдөө болгон. Экинчиден, жаңы волостордун пайда болушу, мурун салык төлөөдөн качып, жашырынган чарбалардын ачыкка чыгышын шарттап, салык төлөөчү адамдардын көбөйүшүнө алып келип, казынага көбүрөөк пайда алып келмек. Чындыгында бул “Бөлүп-жарып башкара бер” деген оторчулар баардык ушу сыяктуу басып алынган жерлерде колдонуучу ыкма экендиги белгилүү. Чоң кыргыз уруу бирикмелерин бөлүп-жарып жаңы волосторду уюштуруу менен коомдогу бөлүнүү күчөтп, үй-бүлөлүк, уруктук төмөнкү баскычка чейин  жеткирилип, кыргыз коомунда ачыктан-ачык тирешүүлөр башталганын даана баамдайбыз. Эптеп эле бийликке жетүүнү самаган талапкерлер жаңы волосту түзүү үчүн атайылап эле чарбалардын санын көбөйтө беришкен.[67] Бул оторчулардын көздөгөн максатына жеткирүүгө жол ачып берүү болгон.

Жер-жерлердеги жаңы башкаруу системасын киргизүүнүн түпкү багыты жөнүндө Түркстандын генерал-губернатору Константин Петрович Кауфман — I (Жарым паша – анын элдик лакап ысымы) 1881 — жылы түзүлгөн документтеринин биринде  ачык  эле минтип жазган экен: «Кыргыз — казактардын (казактардын – Д.С.) султандары, кара кыргыздардын манаптары жана башка «ак сөөктөрдүн» коомдук түзүлүштөгү өтө күчтүү абалы жаңы шайлоолордун киргизилиши менен бир кыйла эле бошондоду»[68]. Ушул эле оторчу мыкчыгер дагы бир кеңешмеде “Жергиликтүү бийлик адамдарды иргөөдө, менин оюмча, шайлоонун нагыз негиздери анын башталыш мезгилинде гана сакталышы керек, анткени алар орус бийлигине белгисиз инсандар. Ал эми алардын  жакындан тааныгандан соң, тандалып дайындоосу жергиликтүү орус бийлигинен көз каранды болуш керек”[69]— деп белгилеген. Ал эми Пишпек уездинин башчысы А. Талызин 15 — ноябрь 1896 -жылы Жетисуу аскер губернаторуна жазган рапортунда «азыркы убакта манаптардын уруулук кадыр-баркы өтө эле начарлады»[70] дептир.

       Ошентип, жаңы “Талаа крайын башкаруу Жобосу” киргизилгенден баштап кыргыз коомунун саясий турмушунда кескин өзгөрүүлөр башталган. Биринин үстүнөн бири арыз жазышып, бийликке умтулган адамдар кичинекей болсо да, өз уругун бөлүп алып, волост башчысы, айыл бийи кызматтарына жетиш – негизги максат боло баштаган эле.

     1891 — жылы 11 — октябрда Торайгыр волостунда кезектеги бийлик ээлеринин шайлоосу өткөрүлүп, волос башчылыгына баягы эле Кангелди Рысменде уулу, ал эми анын орун басарлыгына Жылкыбай Торгой уулу атаандашсыздыкта шайланышыптыр. Волостун калкынын саны көбөйүп дагы бир № 10чу айыл пайда болуптур, анын бийи кызматына мурунку шайлоодо утулуп калган Абиир Алсеит уулу атаандашсыз тандалыптыр. Ал эми № 5 айылдын бийи болуп кайрадан Садыр акенин инисинин баласы Кашкороо Балык уулу, № 8 айылга Калкан Нурдөөлөт уулу, № 9 айылга Балпан Өтөгөн уулу (кыргыз элинин көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Кыргыз Совет Автономдуу Республикасынын өкмөтүнүн тунгуч жетекчиси 1901 – 1938 — жылдары жашаган Жусуп Абдрахман уулунун чоң атасы) атаандашсыз бир добуштан шайланышыптыр.[71]

       Мындан көрүнгөндөй, Садыр акенин өз үй-бүлөсүнөн эч кимиси бийликке тартылбай калган.

        Акыркы шайлоодон сегиз ай өтүп-өтпөй Торайгыр волостунун 18 элүү башчылары өзүлөрүнүн мөөрлөрүн басышып, 1892 — жылдын 5 — июлунда Ысык-Көл уездинин башчысы Порфирий Иванович Маевскийге (1889 -жылдын 13 — ноябрынан – 1892 — жылдын 21 — майына чейин башкарган[72]) төмөндөгүдөй “Арыз наама” жолдошуптур: “Биздин Торайгыр элинин волостнойу Кангелди Рысменде уулу канча ага-инилери менен кара букара, бечара журларыга хазынадан башка айлык салык кылып, мунафчылык (зордук) көрсөтүп, уурулык кылып вахам бечара журтка жабыр-жафаа көрсөткөн себебиден  болушумызны ажыратып эки бөлөк кылып кара букара журт пайдасына карагандай бир жакшы адамды  волостлукка шайлап берсеңиз экен деп, бизлар Сиз улугумубузга гамгил (камкор) болсо деп тилек тилеп турабыз”дешиптир[73].

         Мындан көрүнгөндөй, ошол учурдагы Торайгыр волостунун 36 элүү башчыларынан 17 си гана арыз–наамага мөөр басышкан, калганы Кангелдини колдогон тарапта болушкан.

        Ошол учурда Ысык-Көл уездин текшерүүдө (эс алып десек тагыраак болчудай, июль айы экендигин эске алсак) жүргөн Жетисуу Аскер губернатору, генерал-майор Иван Григорьевич Ивановго (1887 — жылдын 15 — октябрынан 1899 — жылдын 21 — октябрына чейин башкарган[74]) да кайрылышкан. Ал жагдайды алдын-ала териштирип, кырдаалдын өтө курчуп кеткендигин, кийин 1892 — жылы 19 — сентябрда, Түркстан Талаа генерал-губернатору Герасим Алексеевич Колпаковскийге жолдогон билдирүүсүндө мындай деп баяндаган: “Өтүп жаткан жылы Ысык-Көл уездинде болгонумда, мага Торайгыр волостунун тургундары 30тан ашкан эки каршылашкан тараптардын (партиялардын) бир-бирине болгон доо-арыздары менен кайрылышты. Мындагы жер талашуу жана мал жоготуу сыяктуу башка каршылашуунун негизинде аталган волосту экиге бөлүү жөнүндө өтүнүчтөрүн билгизишти. Карама-каршылык ушунча курчуп кеткендиктен, эч кандай акыл-насааттар жагымдуу жыйынтыкка алып келбеди. Бири-бири менен териштирүү учурунда кызуу кандуулук чектен чыгып, менин көзүмчө мушташууга баруудан кайра тартынышпай турушту. Ахывалдан чыгуунун бөлөк жолу болбогондуктан эки тарапты жараштырыш үчүн “Жетисуу менен Сыр-Дарья областарын башкаруу боюнча Жобонун” 81 — беренеси жана “Талаа крайын башкаруу жөнүндөгү Жобонун” 56 — статьясынын жетектөөгө алып, волостту экиге бөлүүгө уруксат бердим. Бул боюнча уезд администрациясы да мага өтүнүч менен кайрылган эле.

Ошондуктан, аталган менин чечимимди бекитип берүүңүздү суранамын. Ысык-Көл уезд башчысы мага билдиргени боюнча, волостту бөлүү менен азыр жагымдуу жыйынтыкка жетилди деп келип, Түркстан Талаа губернаторунан жогоруда келтирилген мыйзамдардын негизинде келечекте өз бийлигим менен волостордун бөлүнүшүнө уруксат беришимдин мүмкүн экендигин кабарлооңузду суранамын” деп дагы бир ирет жогорку жетекчилигинин кепилдигин алып бышыктаган экен.

      Туңгуюкка камалган эки тараптык тирешүүдөн, анын ичинен жер-жайыт талашуу өзгөчө курч тургандыктан, жүйөлүү жолду Садыр аке тапкан экен. Муну биз 1892 — жылы 8-июлдагы Жетисуу аскер губернаторуна торайгырлыктардын жолдогон арызынын мазмунунан баамдайбыз. Анда мындай дейт: “… Биз Ысык-Көл элинин барчасы Садырга караган жами кара букара журтларынан арзмыз ушулдур. Өздө өзмүз раазы болуп юртларынан төрттан секиз калыс адамга салып эки волос болушка раазы болдук. Хам (дагы) тилимизден подписка берип ушул себепли сизга багаят (өтө бийик) даражалы улугумубуздан көптөн көп тилеп сураймыз. Өзүңүзгө берген арызымызны бекар (күчүн жоготту) кылып берсеңиз экен (Кебетеси сөз Кангелдинин кыяматтык иштери жөнүндө болуп жатса керек –Д.С.). Эки болуш болууга урунумубузду (жер аймактарыбызды – Д.С.) бекитип берсеңиз экен”[75] деп алдына 36 мөөрдүн изи басылган экен. Алардын ичинде № 1 айылдын бийи – Ноорузбай Сакин, № 4 айылдын бийи – Мурзакелди Сарбан уулу, № 5 айылдын бийи Кашкороо Балык уулу, № 6 айылдын бийи Жамай Куттукходжин, № 9 айылдын бийи Балпан Өтөгөн уулдары болгондугун тактадык[76].

          1892 — жылдын 8 — июлунда чечим (приговор) чыгарышып, Торайгыр волостунан жаңы Күнгөй-Аксуу волосту бөлүнүп чыгыптыр. Ал 900 чарбадан туруп, чеги чыгыштан Сазановка орус айылынан 8 чакырым чыгышында аккан Байсорун суусунан батышка карай Корумдудан өтүп, Сөгөтү суусунун ортосу, түндүгүндө Күнгөй Ала-Тоо (архив документинин кыргыз тилиндегисинде Көк Таш делет) болуп, түштүгү – Ысык-Көлдүн жээктерине жеткен экен. Ал эми Торайгыр волосту 844 чарбадан туруп, чыгыштан аты аталган Сөгөтү суусунан өтүп, Чолпон-Аталарды камтып, батышта – Талды-Булак суусу аркылуу Токмок уезди менен чектешип, түндүгүндө – Күнгөй Ала-Тоосу, түштүгү – Ысык-Көл болуп белгилениптир.[77]

Бул чечимдин астына басылган сегиз мөөрдүн изинен көрүнгөндөй, эки тараптан сунушталган төрттөн калыс адамдар — баардыгы сегиз киши бөлүнүп жаткан волостордун аймактарынын чек араларын бекитишип беришиптир. Андагы мөөрлөрдүн издерине назар салганыбызда, ал документте орус өкмөтү берген Атбашы волостунун башчысы, Кеңсуу волостунун эки бийинин кызматтык мөөрлөрү басылыптыр, анда адам  ысымдары берилбегендиктен, башка архив булактарынан болжоп берүүгө аракет жасадык. Ал боюнча Атбашы волостунун башчысы ошол учурларда Деркембай Тауке уулу сыяктанат[78], Кеңсуу волостунун бийлеринин ысымдарын, азырынча такташ мүмкүн болбоду. Арабча жазылган мөөрлөрдө төмөндөгү жазуулар окулат: Ыстам уулу Балтабай (мурдакы 1888 — жылга чейин Жети-Өгүз волостунун № 1 айыл бийи болгон, белек уругунан, бирназар уулу), Рустем уулу Сооданбек (мурдакы Кеңсуу волостунун башчысы, белек, шопок уулу), Дөөткулу уулу Махмуд (Мамыт) 1891 ж. (Кеңсуу волостунун бийи болгон, белек же кыдык), Байсары уулу Кыдыр (мурдакы 1888 — жылга чейинки Төркен волостунун башчысы, арык тукум), Тилекмат уулу Алышбай (мурдакы 1887 — жылга чейинки Жети-Өгүз волостунун башчысы, белек, бирназар уулу)[79].

          Калыстар топтолушуп, Садыр акенин тапкан акылы менен көчмөндөрдө колдонуулучу эки тараптык ат үстүндө белгилүү эрежелер менен баатырдык эрегишүүнүн негизинде алдын-ала антташылган жыйынтыкка талашсыз мажбур болушкан. Бул баатырдык эрөөлдүн кандайча өткөнү уламыштардын негизинде Акмат Карыбай уулунун “Садыр аке” деген китебинде элестүү берилгенин билебиз.[80]

        1892 — жылы 25 — 26 июль аралыгында Пржевальск шаарында Торайгыр волостуна жана андан бөлүнүп чыккан Күнгөй-Аксуу волосторунун администрациясына шайлоо Жетисуу аскер губернаторунун тапшыруусу менен Ысык-Көл уезд начальниги полковник П. И. Маевский өткөргөн экен. Архив материалдарынан көрүнгөндөй, жергиликтүү бийликке талапкерлер эми атаандашсыз коюла баштаган, жана көпчүлүгү бир добуштан шайланышкан. Демек, шайлоо өткөрүлгөнгө чейин эле таасирдүү адамдардын каалаганындай чечилип калгандай.

        Биринчи күнү 25 — июлда 900 чарбасы бар беш айылдан турган Күнгөй-Аксуу волостунда шайлоо өтүп, 19 элүү башылардын добуштары менен ал волост башчылыгына Садыр акенин экинчи уулу, 32 жаштагы Ажыбек бир добуштан өтүптүр. Волост башчысынын орун басарлыгына (кандидат) 54 жаштагы Манкулу Абдыбек уулу бир кара таш (каршы) добуш алыптыр. № 1 айыл бийи болуп Теке Чынтемир уулу (42 жашта), № 2 айыл бийи – Мырзакелди Сарыбай уулу (42 жашта), № 3 айыл бийи – Кашкороо Балык уулу (45 жашта), № 4 айыл бийи – Жамай Куттукожо уулу (50 жашта), № 5 айыл бийи – Балпан Утеген уулу (47 жашта) бир добуштан шайланышыптыр[81].  

          Экинчи күнү, 26 июлда, Торайгыр волостунун администрациясына өткөн шайлоо да биздин назарыбызды бурдурат. Чарбалардын саны 844 болуп Күнгөй-Аксуулуктардан бир топ эле аз болсо да, бийлик кызмат бериш үчүн 6 айылдан талапкерлер коюлуптур. Волос башчылыгына Кангелди Рысменде уулу (51 жашта), анын орун басарлыгына Жылкыбай Торгой уулу (35 жашта), № 1 айыл бийи – Карабай Нурдөөлөт уулу (37 жашта) (Калкандын иниси), № 2 айыл бийи – Токсоба Алдаш уулу (41 жашта), № 3 айыл бийи – Наурусбай Сасыке уулу (43 жашта), № 4 –Сатыбалды Сөлпү уулу (30 жашта), № 5 – Шамен Байалы уулу (43 жашта), № 6 – Абиир Алсеит уулу (43 жашта).[82] Абиир Алсеит уулу мурдагы Торайгыр волостунун № 5 айылында турган, Садыр акенин Кожояр уругунан экендиги талашсыз. Ал 1888-жылкы шайлоодо № 5 айылдын бийи кызматы үчүн таймашууда Кашкороого утулуп, бирок 1891 — жылдагы бийлик үчүн жарышта атаандашсыз № 10 айылдын бийи болуп шайланганы жогоруда айтылган. Айтмакчы, анын уулу Оторбай Абиир уулу Күнгөй-Аксуу волостунун 1897, 1900 жылдардагы шайлоолордо катышып, адегенде кандидат, анан бий болуп шайланыптыр.[83]

          Күнгөй-Аксуу волостунун администрациясына кезектеги 1895 — жылы болгон шайлоо документтери азырынча колубузга тийе элек. Бирок, 1897 — жылы 27 — мартта Күнгөй-Аксуу волостунун казак тукумунун өкүлдөрү —  Сарыбай Авалбек уулу менен Касынбай Кауманбий уулу Жетисуу аскер губернаторуна берген арызында Кунгөй-Аксуу волостунун башчысы Чормон Кенжебай уулу жана анын молдосу Тынай Түлөк уулу эл менен кеңешпей туруп эле, сырттан чечим чыгарып, Торайгыр волостунан 91 чарбаны кабыл алышып, ал тарапка өзүнүн волостунан 40 чарбага көчүп кетүүгө уруксат бергендиктен № 2 айылдагы калган тургундарынын тагдырын тууралап чечүүгө жардам берүүсүн суранышкан экен.[84] Мындан көрүнгөндөй 1897-жылдын башында Кунгөй-Аксуу волостунда Чормон Кенжебай уулу волост башчысы болгону анык. Уламыштарда Чормон Кенжебай уулун волостнойлукка Садыр аке өзүнүн волост башчылык кызматын, орус бийликтегилердин чакыруусу менен мамлекеттик чек араларды белгилоо боюнча түзүлгөн комиссияга тартылгандыгына байланыштуу бошоткон ордуна дайындатып кеткен делет[85], бирок бул жагдай, азырынча архив маалыматтары менен ырастала элек.

          1897 — жылдын 22 — апрелинде Күнгөй-Аксуу волостунун бийлик ээлеринин шайлоосу болуп өткөн. Ал кезде волост 7 айылдан туруп, 23 элүү башы атаандашсыз талапкерлерди бир добуштан колдоп беришиптир. Волост башчылыгына Садыр акенин инисинин баласы, 48 жаштагы Балык уулу Кашкороо, анын орун басарлыгына 38 жаштагы Сулайман Кооман уулу; № 1 айыл бийи – Очорбай Дулат уулу, анын орун басары – Иманкул Абдыбек уулу;  № 2 – Тайлак Молтай уулу, орун басары – Оторбай Абиир уулу; № 3 айыл бийи – Момун Байсал уулу, орун басары – Мырзакелди Сарбан уулу; № 4 айыл бийи – Сагымбай Кайтбас уулу, орун басары Кадыр Качкын уулу; № 5 айыл бийи – Жанузак Мендигул уулу, орун басары – Табалды Качкынбай уулу; № 6 айыл бийи – Карала Кадырберди уулу, орун басары – Элебес Кадырберди уулу; № 7 айыл бийи – Алагуш Осмонбек уулу, орун басары – Суванбек Максут уулу экен.[86]

             Жогоруда аты аталгандар 1897 — жылы 27 — майда Жетисуу аскер губернаторунун жарлыгы менен келээрки 1898 — 1900 үч жылдык мөөнөткө шайланган кызмат орундарына бекитилиптир.[87]

               Биз үчүн Торайгыр волостунун тагдыры өтө кызыктуу, анткени, анда Садыр акенин туугандары жана кан кудасы Кангелдинин тагдыры да чагылдырылган. 1897 — жылы 6 — майда Торайгыр волостунан  Чоктал волосту бөлүнүп чыгыптыр. Беш айылдан турган жаңы волостко мурдагы эле Кангелди Рысменде уулу волост жетекчиси, анын орун басары Чолпонбай Нурдөөлөт уулу (даңазалуу узман, шайыр Бурулча эненин баласы), № 1 айыл бийи – Жийдебай Байтерек уулу, орун басары – Канатбай Ажыбай уулу, № 2 айыл бийи – Күбөш Узак уулу, орун басары –  Касыбулат Калпак уулу, № 3 айыл бийи – Талканбай Кедей уулу, орун басары –  Бердибай Керексиз уулу, № 4 айыл бийи – Каба Аблай уулу, орун басары – Качкынбай Молдокан уулу, № 5 айыл бийи – Осмон Таштанбек уулу, анын орун басары – Сопу Токтоболот уулу аттуулар тандалып, 1897 — жылы 27 — майда Жетисуу  аскер губернаторунун жарлыгы менен бекитилиптир.[88]

          Ошол жылдарда Торайгыр волостунун карамагында болгону үч айыл калып, өтө алсыраган ахывалда калган окшойт. Анын жетекчиси болуп, Кангелдинин мурдагы жардамчысы Жылкыбай Торгой уулу, орун басары Бектен Нарты уулу болгон экен.[89]

         Келгин оторчулардын бөлүп-жаруу саясатынын зыяндуулугун өз тажрыйбасында ачык сезген Кангелди Рысменде уулу ага каршы турууга аракеттенген экен. Ал 1897 — жылдын 10 — августунда мурдагы Торайгыр волостун элүү башыларынын 2/3 катышкан курултайын өткөрүп, Ысык-Көл уездинин башчысынын май айындагы бөлүнүүнү аягына чыгарыш үчүн, жер чектерин белгилеп берген, жергиликтүү коомдун чечимин талап кылган көрсөтмөсүн угушуп, андан 1033 чарбадан турган Торайгыр волостун экиге бөлбөстөн, бүтүн бойдон калтырылышын жогорку жетекчиликке кайрылуусун суранышкан. “Шайлоо учурунда волост биздин каалообузсуз жүргүзүлгөн, ал партиялык тараптык каршылаштардын негизинде эки айылдын тургундарынын өкүлдөрүнүн жогорку бийликке кайрылуусу боюнча, Талаа губернаторлугунун иш башкармачылыгынын жетекчисинин көрсөтмөсү менен жүргүзүлгөн. Эгер бөлүнбөй бүтүн бойдон калсак, анда биз волост администрацияны камсыз кылууда жана бөлүнүү жараянында кетирилүүчү чыгымдарга ашыкча акчалай жана башка чогултууларга кабылбайт элек. Ошондой эле жайыттар менен айдоо жерлерди бөлүп, нанга да ток болоор элек”[90]дешиптир.

     Буга жооп катары Торайгыр волостун экиге бөлүнүшүнө макул болгон жети элүү башыларынын чечимин колдоп, Жетисуу аскер губернатору 1897 — жылдын 20 — сентябрындагы буйругу менен Жылкыбай Торгой уулунун ордуна ошол волосттун № 1 айылынын бийи 43 жаштагы Бокпай Мендишар уулун волост башчылыгына дайындаптыр. Ал болсо ошол жылдын 30 — октябрында каршылашкан тараптагыларды бириктирип Курултай өткөрүп жаңы чектерди белгилеген чечим чыгартыптыр. Эми Чоктал волостунун аймагы Сөгөтү суусунан Чок тал (чек деп жазылганы учурайт — Д.С.) станциясы, жана Чек-Тал суусуна чейин, Чек-Талдан Орто Талды Булакка чейин Торайгыр волостуна тиешелүү болуптур.[91] Кангелди Рысменде уулу Чоктал  волостунун волост башчылык кызматында калтырылганбы же жокпу, азырынча бизге  белгисиз.

Архив документтеринен көрүнгөндөй, Ысык-Көлдүн түндүк тарабында жайгашкан калк 1916 — жылга чейин ушунчалык бытырандылыкка учураптыр, ар бир урукту мындай кой, андан кийинки социалдык бирикме болгон уулдары делген аталыштагы волостуктар пайда болушуптур Курткамерген (Кожояр уругунун бир атанын балдары) волосту, Бакачы (бул да бир атанын балдары) волосту, Курменти (бул да негизинен саяк уруусунун уруктарынан турган) волосту.[92]

      Мындай элди бөлүп жаруу саясаты жергиликтүү калк арасында жер талашуу жана ага байланыштуу чыр-чатактардын пайда болушуна алып келген, ал эми оторчул бийлик аны акыйкаттуу чечүүгө аракеттенген эмес. Мисалы, 1898 – жылдын 25 — апрелинде Торайгыр волостунун элүү башылары Бокпай Мендишар уулу (Жогоруда айтылгандай 1897 — жылдын 20 — сентябрда волостнойлукка дайындалган, кийин бат эле кызматынан алынган окшойт) менен Бекарстан Каратай уулу Ысык-Көл уездинин башчысына кайрылып торайгырлыктардын айдоолорун сугат суу менен камсыздоо муктаждыгынан, Чоктал волостуна тийешелүү аймактан, Чек-Тал суусунан Кичи-Койсууга чейинки жерлерди Торуайгыр волостуна бөлүп берүү жөнүндөгү өтүнүчүнө,[93] эч маани бербестен Жетисуу аскер губернаторуна жолдогон рапортунда бул сураныч жүйөөсүз (“просьба не уважительная”) деп белгилегендиги, муну ырастайт.[94]

         Ушундай жергиликтүү бийликке шайлоолордун жүрүшү кыргыз коомунда бөлүнүп – жарылуу жараянын тереңдеткени жана анын кооптуу болуп бара жатканын Жетисуу аскер губернатору өзүнүн 1900 — жылдын 5 — майында областтын уезд башчыларына жиберген көрсөтмөсүндө  мындай деп баяндаптыр: “Жергиликтүү бийликке талапкер адамдар элди козутуп жатышат, бул болсо көчмөндөргө жагымсыз таасир берүүдө. Мен өзүмө берилген “Талаа Жобосунун” 70 — статьясына ылайык, волост башчыларын жана анын орун басарларын өзүмдүн эрким менен дайындоого мажбур болоорумду эскертемин. Ошондуктан уезд башчылары бул жагдайды шайлоо башталарда элүү башыларга жарыялап коюшуңарды талап кыламын”[95].

       1900 — жылы 2 — июлда Тегерек Кырчында Күнгөй-Аксуу волостунун администрациясына шайлоо өткөрүлүптүр. Волост башчылыкка 51 жаштагы Иманкул Абдыбек уулу, анын орун басарлыгына 35  жаштагы Тынай Тулеке уулу; № 1 айыл бийлигине Токтобай Купке уулу, орун басарлыгына Ноорузбай Таштаке уулу; № 2 айыл бийлигине – Оторбай Абиир уулу, орун басарлыгына Теке Чормон уулу; № 3 айыл бийлигине – Сарыбай Оболбек уулу, орун басарлыгына Ногой Манатбай уулу; № 4 айыл бийлигине Асанкожо Чормон уулу, орун басарлыгына Орозбай Тилекабыл уулу; № 5 айыл бийлигине Садыр акенин уулу 41 жаштагы Ажыбек бир добуштан, орун басарлыгына Тазабек Токтомуш уулу; № 6 айыл бийлигине Эркинбай Токтосун уулу, анын орун басарлыгына 45 жаштагы Кул Ташибек уулу 13 макулдук, 20 каршы добуш менен өтпөй калгандыктан, ал орунга Төрөгелди Худайгелди уулу 22 макулдук, 11 каршы добуш алып, жеңүүчү деп таанылыптыр; № 7 айылдын бийлигине Балбанак (архив документинде ката Балпан деп берилген – Д.С.) Өтөгөн уулу орун басарлыгына Кыштообай Чокотай уулу шайланышыптыр.[96]

       Мусулман баласынын негизги милдеттеринин бири болгон Мухаммед Пайгамбардын кабыры турган Меккеге барып, ажылык ишаараттарын аткаруу экендигин Садыр аке жакшы билген, архив документтеринен көрүнгөндөй, аны замандаштары “молдо” деп аташкан экен. 1901 — жылы 6 — октябрда Күнгөй-Аксуу волостунан Садыр аке Жолболду уулу (76 жаш курагында) баш болгон төрт адам : Садыр акенин улуу агасы, 81 жаштагы Эсенгул Жолболду уулу, 56 жаштагы Аламан Куттукожо уулу, 54 жаштагы Жайсан Манатай уулу аталган волосттун  башчысы Иманкул Абдыбек уулунан Мекке менен Мединага барууга чет элдик паспорт алганга жергиликтүү администрация тарабынан талапкерлерге жолтоочулуктар жок, себеби алар тергөө сурагында болбогон жана соттолгон эмес, ошондой эле коомчулукка жана жеке адамдарга береселери жок деп ишеним баракчаларын (удостоверение) алышкан экен.[97]

         1901 — жылдын 10 — октябрында Пржевальск уездинин башчылыгына жогоруда аты аталган Күнгөй-Аксуу волостунун Садыр Жолболду уулу баш болгон топ адам жана Курменти волостунан Байгазы Чонтай уулу (54 жашта), Шоорук Жообасар уулу менен Алекей Мусабай уулу төмөндөгү мазмундагы тил кат (подписка) беришиптир. Анда: 1900 — жылдын 31 -декабрында ички иштер министирлигинин ден-соолук бөлүмүнүн № 2114 көрсөтмөсү жарыяланды, “биз хаджга деңиз жолу менен Кара деңиздеги Феодосия жана Батуми  шаарларынын бир порту аркылуу барып, кайра Ата мекенибизге кайтып келүүгө кепилдик беребиз”[98]— деп жазылган. Анын астында берилген араб графикасында жазуу да кызыктуу: “Садыр молдо Жолболду баласы, Жайсан Манатай баласы, Шоорук Жообасар баласы, Аликей Муса баласы ажыга жиберүүнү сурайбыз. Кайра кайрылабыз,”[99] делген экен.

1901 — жылдын 10 — ноябрында Жетисуу областынын аскер губернаторунун милдетин аткаруучу вице-губернатор Осташкиндин чечими менен Садыр аке Жолболду уулу 15102 номериндеги, алты айлык мөөнөтү менен чектелген, чет элге баруучу паспортун алган экен. Ушул тизмеден көрүнгөндөй, Садыр аке менен чогуу Меккеге баргандар төмөндөгүлөр : Курменти волостунан – Карбулдай Бакытай уулу, Атантай Бокпай уулу; Пржевальскилик көпөс Ахметгирей Мухитдин Каримов, ушул эле шаардын тургуну Нурмухаммед Ярмухамедов, Мамыбаев волостунун жер айдоочусу (таранчы – уйгур) Зихрия Худаяров (60 жашта). Ошол эле жерден, жер айдоочу Изис Илиев.[100] Пишпек уездинен: Толкон волостунан Алике Беки уулу, ошол эле волосттон жесир аял Уулбала Базаркул кызы, ошол эле жерден Авдуку  Сартай уулу, ошол эле жерден Байкытай Ажыбек уулу.[101]

         Садыр акенин тукумдары жашаган Күнгөй-Аксуу волостунун 1902 -1911 — жылдар аралыгына тиешелүү шайлоо жараянын чагылдырган архив документтери азырынча колубузга тийбеди. Көңүл бураарлык маалымат бул Садыр акенин жакын тууганы жана саясий насаатчыларынын бири даңазалуу Нурдөөлөт баатыр менен Бурулча эненин тун уулу Чолпонбай 1903 — жылдары Торайгыр волостунун волост башчысы болгонун баамдайбыз. Анын жетекчилигинде аталган жылдын 30 – сенябрында аты аталган волосттун курултайы өткөрүлүп, карамагындагы калктан 1899-жылдан бери айыл муктаждыгына чогулган каражаттарды жана мындан кийинкилерди да Пржевальск шаардык окуу жайынын (училище) алдында интернат (айылдардан келип окугандар үчүн турак-жай – Д. С.) ачууга жана Сазановка, Покровка, Атбашы айылдарында орус-түзем мектептердин курулушуна жумшоо жөнүндө чечим кабыл алышкан.[102]

      Садыр аке дүйнөдөн кайткандан кийин анын урпактары коомдук иштерге мурункудай эле активдүү катышууларын улантышыптыр. 1912 -жылы 31 — майда Күнгөй-Аксуу волостунун жергиликтүү администрациясына шайлоолор жүргүзүлгөн. Волост башчылыгына  47 жаштагы Абдраман (1915 — жылдагы архив документтеринде да ушундай жазылышта берилген) Балбанак (жогоруда бул жөнүндө да сөз болгон, бир жазылышта Балпак десе, көбунчө кыскартылган түрундө Балпан деп берилиптир) уулу шайланат.[103] Сиздер баамдагандай бул адам белгилүү чыгаан кыргыз элинин сыймыгы болгон мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун атасы.[104] Бул адам эл башкаруучулук кызматын качан баштаганын  кийин тактаарбыз, азырынча бизге белгилүү болгону ал киши ушул жолку шайланган мөөнөтүн аягына чыга электе  кызматын тапшырганга мажбур болгон. Бирок, 1915 — жылы ушул эле волосттун кезектеги шайлоосуна кайрадан катышып, № 11 айылдын бийи кызматына өзү, ал эми бир тууган иниси Роман Балпанов анын орун басарлыгына бир добуштан шайланышкан.[105] 

        Күнгөй-Аксуу волостунун башчысынын орун басарлыгына Садыр акенин иниси Балыктын небереси, 40 жаштагы Байбосун Кашкороо уулу шайланыптыр. Бул 1912 — жылы өткөрүлгөн шайлоонун жыйынтык баракчасынан (баллотировочный листтен) көрүнгөндөй, волосттун калкы көбөйүп, айылдардын саны 14 кө жеткен. № 1 айылдын бийи болуп 54 жаштагы Темир Усуп уулу (уламыштарда молдо Темир делет) шайланган экен. Кожояр айылынын чоң үй-бүлөнүн өкүлдөрү – 44 жаштагы Оторбай Абиир уулу № 2 айыл бийи, анын иниси 40 жаштагы Кожоке № 4 айыл бийи болуп шайланышкан. Ал эми № 8 айылдын бийинин орун басарлыгына 58 жаштагы Тынымсеит Токин уулу шайланган экен,[106] балким, бул Кожояр айылынын тургуну Жамал Акмат уулунун маалыматындагы Садыр акенин ишеничтүү жана дайыма жанында алып жүргөн жигити — Тынымсеит баатыр[107] болушу толук мүмкүн. Садыр акенин улуу байбичеси Чекен энеден төрөлгөн эң кичүү уулу Карабек Садыр уулу да эл кызматына тартылган. 1915 — жылы 30 — июнда Күнгөй-Аксуу волостуна орус падышачылык заманындагы акыркы жергиликтүү администрацияга шайлоолор өткөрүлгөндө 50 жаштагы Карабек Садыр уулу № 5 айылдын бийи болуп бир добуштан 25 элүү башылардын колдоосуна ээ болгон.[108]

        1916 — жылы жай айларында кыргыз жергесинде тутанган улуттук боштондук көтөрүлүшү Ысык-Көл өрөөнүндө да өтө курч кырдаалда өткөндүгү тарыхта белгилүү,[109] ага атайын изилдөө да арналган.[110] Бул кыргыз элинин эркиндикти туу туткан, чечкиндүү каарман калк экендигин айкын көрсөткөн ыйык күрөштө Садыр акенин тукумдары да жигердүү катышып, алардын уюштуруучуларынан болгондугу архив документтеринде чагылдырылган. Бул жөнүндө 1916 — жылдын  аягында Пржевальск уездинин башчысы Валериан Ивановдун “Пржевальск уездиндеги кыргыздардын 1916 — жылдагы көтөрүлүштүн жетекчилеринин тизмеси” деген документте Күнгөй-Аксуу волостунан Жанузак Жолбун уулу, Кашкороо Балык уулу (Садыр акенин инисинин уулу), Ажыбек Садыр уулу, Тынай Тюлек уулу, Асанкожо Чормон уулу, Мамырбай Тилеген уулу, Оторбай Абиир уулу, Суванбай Максут уулдары[111] аталган. Садыр акенин кудасы Кангелди Рысменде уулу ошол 1916-жылы 75 жаш курагына келгенде, көтөрүлүшчүлөрдүн башчыларынан болгондугу да архив даректеринде көрсөтүлгөн.[112]

        Ошентип, жогорудагы келтирилген архив даректери көрсөткөндөй, кыргыз элинин чыгаан инсаны Садыр аке Жолболду уулу байсалдуу жана өрнөктүү жашоо жолунда мамлекеттин негизин түзгөн адилеттүүлүктү  дайыма туу туткан, тайманбас, иш билги, кыраакы жетекчи катары ак жана үзүрлүү эмгеги аркылуу калкыбыздын сүймөнчүлүгүнө айланып, аты улуттук тарыхыбыздын барактарында татыктуу орун алган.Тышкы оторчулардын өкүм-зордукчул заманында калкыбызды жаңы турмушка ийкемдүү киришине болгон күч-кубатын, акыл-насаатын жумшап, аларга бел-күч болгон. Ар дайым кыргыз коомчулугун ынтымакка  чакырып, алдыңкы билим алуу менен алга умтулууга үндөгөн.

           Садыр аке жана анын урпактары кыргыз элинин эзелтеден келе жаткан жакшынакай салт-санаа жөрөлгөлөрүн бек сакташканын баамдайбыз. Улуусун урматтап, кичүүсүн ызаттап, бир-бирине жана коомчулукка  кайрымдуулук менен жашоолорун өткөрүшкөн бул үй-бүлөнүн очогу дайыма жарык жана куттуу болгон.

            Садыр акенин бабалары да элдин эсинде, эл камылгасында жүрүшкөн инсандар болушкан. Алардын ардактуу жөрөлгөлөрүн  Жолболдунун уулдары  Эсенгул, Садыр акелер татыктуу улантышса, алардын кийинки мууну болгон Садыр акенин балдары Ажыбек менен Карабек, Балык карыянын уулу Кашкороолор да аны жаңы деңгээлде өркүндөтүшүптүр. Ал эми Садыр акенин иниси Балыктын небереси Байбосун Кашкороо уулу да бул элдик кызматты аркалаган.

             Кыргыз элинин тарыхы менен тагдырлаш Садыр акенин жана анын тукумдарынын баскан өмүр жолдору жана мамлекеттик кызматтагы тажрыйбалары  элибизге, өзгөчө өсүп келе жаткан жаш муунга үлгүлүү өрнөк боло алат деген ишеничтемин.  

(Жарияланганы: Сапаралиев Д. Б.  Садыр аке Жолболду уулу жана анын урпактары архивдик документтердин даректеринде. Китепте: Садыр аке. Бишкек: Принт экспресс, 2014. 11-41 бб.)

        Сапаралиев Дөөлөтбек Бекишович  — 1953-жылы туулган. Тарыхчы, тарых илимдеринин кандидаты (1987), профессор (2009), КРнын Илим жана техника жаатындагы сыйлыктын лауреаты (2002), КРнын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер (2011). Эл аралык Ч.Айтматов Академиясынын академиги (2004). Борбордук Евразия изилдөө коомунун (Central Eurasian Studies Society, кыскартылганда — CESS) мүчөсү (2009). Анкарадагы Түрк тарыхчылар курамынын мүчөсү (2013).

       1970-1971 жж. Жумгал райондук эл сотунун катчысы болуп эмгек жолун баштаган. 1976-ж. КМУнун тарых факультетин бүтүргөн. 1976-ж. Нарын медициналык окуу жайынын окутуучусу, 1976-1989 жж. Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын тарых институнда кенже анан улук илимий кызматкер. 1979-1981 жж. Москва ш. СССР Илимдер Академиясындагы тарых институтунун стажер-изилдөөчүсү. 1989-1995 жж. КМУнун тарых факнде доцент, Европа менен Америка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасынын башчысы, илимий иштер боюнча декандын орун басары. 1995-1998 жж. КМУнун докторанты. 1999-2001 КМУ нун тарых факнин  Кыргызстан тарыхы кафедрасынын башчысы. 2001-2002 жж. Эл аралык Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде тарых бөлүмүнүн башчысы.  2002-2011 жж. ошол эле жерде гуманитардык факнин деканынын орунбасары. 2009 ж. 10 июлынан 30 ноябры — гуманитардык факнин деканынын милдетин аткаруучу. 2009 — ж. 4 сентябрь ошол эле жерде тарых бөлүмүнүн профессору болуп шайланган. 2012 — ж. сентябрынан  азыркы мезгилге чейин Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Түрк цивилизациясын изилдөө борборунун директорунун орун басары.

          Д. Б. Сапаралиев  100 дон ашуун Алматы, Анкара, Бакы, Бишкек, Дуйшенбе Измир, Казань, Киев, Ленинград (Санкт-Петербург), Москва, Самарканд, Станбул, Ташкент, Торонто, Түркстан, Уланбаатор,  ж.б. шаарларда өткөн эл аралык илимий — практикалык конференцияларда, симпозиумдарда жана курултайларда илимий билдирүүлөрү менен катышкан. Алардын бир нечесинде  уюштуруучулар комитетинде  иш алып барган.  

        Д. Б. Сапаралиевин 130 дан ашуун илимий жана усулдук (а. и. 2 монография, 3 брошюра, 17 топтошуп жазган китеп) эмгектердин автору, ошондой эле ал 150 дөн ашуун илимий — популярдуу макалаларды журналдар  менен гезиттерде жариялаган.          

         Ал “Кыргыз тарыхынын маселелери” (Бишкек), “Gazi Akademik Bakiş — Гази академиялык көз караш” (Анкара) илимий журналдарынын жана “Аалам кыргыздары”, “Замандаш” эл аралык коомдук, адабий – көркөм журналдарынын редколлегия мүчөсү.


[1] Сыдыкбеков Т. Өмүр жана күлкү. Фрунзе: Кыргыз мамл. басма, 1958; Сыдыкбеков Т. Көк асаба. Фрунзе: Кыргызстан, 1989.

[2]Касымбеков Т. Сынган кылыч. 1-басылышы. Фрунзе: Кыргызстан, 1971; 2-басылышы. Фрунзе: Кыргызстан, 1983.

[3] Осмоналиев К. Көчмөндөр кагылышы. Фрунзе: Кыргызстан, 1982; 2-басылышы. Бишкек, 1993.

[4] Медербеков Э. Кызыл жалын. Фрунзе: Кыргызстан, 1987.

[5] Осмоналиев К. Көчмөндөр кагылышы. 2-басылышы. Бишкек,1993. 639-643 бб.

[6] Абрамзон С.М. Этнический состав киргизского населения Северной Киргизии//Труды Киргизской археолого-этнографической экспедиции. Т. IV. Москва,1960. С.93; Абрамзон С. М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандлган эмгектер. Бишкек,1999. 724-б.

[7] Турганбаев Э. Бөөмбаев Насирдиндин санжырасы. Бишкек, 2011. 87-б.

[8] Молдокмат Көкүмбай уулу. Садыр аке//Ысык-Көл оттору. 1991, 2 — февраль. 3 — б.; Жокеш Молдогазиев. Атам тирүү//Ысык-Көл оттору. 1991, 5 — сентябрь. 2-б.; Абыл Абдылда уулу.  Аке аталган алты кеменгер//Ысык-Көл оттору. 1991, 7- сентябрь. 2 — б.; Сабыр уулу Буудайбек. Кыргызымдын кыраандары: Садыр аке//Эркин тоо. 1991, 11-17 сентябрь. 7-б.; Сыдык уулу Токторбай. Садыр  аке ким болгон?//Кыргыз туусу. 1991, 11, 14,17,18, 20 сентябрь 6-б.; Кенчиев Ж. Көптү көргөн көсөм// Кыргыз туусу. 1991, 26 сентябрь. 5–б.; Асанбеков К. Ысык-Көлдүн жети акеси. Бишкек, 2007. 75-84-бб. 2-басылышы, 2013. 71-79-бб.; Эмилбек Каптагаев. Нурдөөлөт баатыр баяны. Бишкек, 2011; Жунушев И. Нускалуу өмүрлөр//Ысык-Көл кабарлары. 2013. 28 — февраль. 4 — б.; Жунушев И. Садыр акенин жигиттери// Ысык-Көл баяны. 2013. 23, 30  ноябрь. 3-б.

[9] Караңыз: Закиров С., Асаналиев Т. Саяктын санжырасы. Чолпон-Ата, 1991; Кенчиев Ж. Бабалар баяны. Бишкек, 2002; Усубакунов М. Алакөз – Каба. Санжыра. Балыкчы, 2000; Исаев К. Бостери жана бостериликтер. Бишкек, 2008; Алтымышев Д. Саяк уруусунун тарыхы. Бишкек, 2012.

[10] Караңыз: Республика Казакстан Мамлекеттик Борбордук Архиви (мындан нары кыскартылып берилет – РКМБА). Ф. 44. Оп. 1. Д. 30731. Л. 70-б.

[11] Караңыз: РКМБА. Ф. 44. Оп. 1. Д.21384. Л. 70-б.

[12] Караңыз: РКМБА. Ф. 44. Оп. 1. Д. 1663. Л. 170-б.

[13] Караңыз: РКМБА.Ф. 44. Оп.1. Д. 1663. 168-б.

[14] Караңыз: РКМБА.Ф. 44. Оп.1. Д. 1663. 199-200-бб.

[15] Караңыз: РКМБА.Ф. 44. Оп.1. Д. 21384. 70-б.

[16] Жунушов И. Нускалуу өмүр//Ысык-Көл баяны, 2013, 28-февраль. 4-б.

[17] И вздрогнула земля…. Из истории землетрясений в Семиречье. 1885-1912 гг.: Сб. Док. и мат-лов/Сост.И.М. Смагулин. Алматы, 2011. С. 504.

[18] Караңыз: РКМБА. Ф. 44. Оп. 1. Д. 30731. 70-б.

[19] Караңыз: Акмат Карыбай уулу. Садыр аке. Бишкек, 2003.124-б.

[20] Караңыз: РКМБА. Ф. 44. Оп.1. Д. 21384. 70-б.

[21] Караңыз: РКМБА. Ф. 44. Оп.1. Д.21384. Л.72об.

[22] Караңыз: РКМБА.Ф.44. Оп.1. Д.21384. Л.70-72об.

[23] Караңыз: РКМБА.Ф.44. Оп.1. Д.21384. Л.70-70об.

[24] Эсенкул Төрөкан уулу. Кыргыздын кыскача санжырасы. 2-китеп.Бишкек,1995.176-б.

[25] Караңыз: Акмат Карыбай уулу. Садыр аке. Бишкек, 2003.34-б.

[26] Караңыз: РКМБА. Ф. 44. Оп. 1. Д.21338. Л. 6 об.

[27] Караңыз: Сапаралиев Д. Система управления кыргызов в составе Российской империи (1855-1917гг.)//Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коомдук илимдер журналы. 2004, №12. С.42.

[28] Караңыз: РКМБА. Ф. 3. Оп. 1. Д. 562. Л. 219.

[29] Караңыз: РКМБА. Ф. 3. Оп. 1. Д. 562. Л. 219-220.

[30] Караңыз: РКМБА. Ф.44. Оп. 1. Д. 204. Л. 82-82 об.

[31] Караңыз: РКМБА. Ф. 44. Оп. 1. Д. 12. Л. 2-3 об.

[32] Акмат Карыбай уулу. Садыр аке… С. 6.

[33] Караңыз: Исаев К. Бостери жана бостериликтер. Бишкек, 2008. 74-б.; Каптагаев Э. Нурдөөлөт баатыр баяны… 10-б.

[34] Караңыз: РКМБА. Ф. 44. Оп.1. Д. 21338. Л. 6об.

[35] Караңыз: РКМБА. Ф. 44. Оп.1. Д. 21338. Л. 7.

[36] Караңыз: РКМБА. Ф. 44. Оп. 1. Д.23808. Л. 385.

[37]Караңыз:  РКМБА. Ф. 44. Оп. 1. Д. 23808. Л. 384.

[38] Караңыз: РКМБА. Ф. 44. Оп. 1. Д. 23808. Л. 387-387об.

[39] Караңыз: РКМБА. Ф. 44. Оп. 1. Д. 23808. Л. 372-373.

[40] Караңыз: РКМБА. Ф. 44. Оп. 1. Д. 23808. Л. 616.

[41] Караңыз: Акмат Карыбай уулу. Садыр аке. Бишкек, 2003. 34-б.

[42]Караңыз:  РКМБА. Ф. 44. Оп.1. Д. 29808. Л. 616об.

[43] Караңыз: РКМБА.Ф. 44. Оп. 1. Д. 23808. Л .636-636об.

[44] Караңыз: РКМБА. Ф. 44. Оп. 1. Д. 23808. Л.636

[45] Караңыз: РКМБА.Ф.44. Оп. 1. Д. 79. Л. 10-11.

[46] Караңыз: Хафизова К. Казахско-китайская граница в прошлом и сегодня//Интернет ресурс.

[47] Караңыз: Хафизова К. Международные съезды как новая форма регулирования отношений между Россией и Китаем во второй половине XIX в.//Из истории международных отношений в Центральной Азии (средние века и новое время). Алма-Ата: Гылым, 1990. С.154.

[48] Караңыз: РКМБА. Ф. 44. Оп. 1. Д. 31123. Л.63-72; 139-140; 201-201об.

[49] Караңыз: РКМБА. Ф. 44. Оп. 1. Д. 31123. Л.48, 123, дагы бар.

[50] Караңыз: РКМБА. Ф. 44. Оп. 1. Д. 30731. Л. 63.

[51] Караңыз: РКМБА. Ф. 44. Оп. 1. Д. 30731. Л. 70.

[52] Караңыз: РКМБА. Ф. 44. Оп. 1. Д. 30936. Л. 93-95.

[53] Караңыз: РКМБА. Ф. 44. Оп. 1. Д. 21384. Л. 71об.-72.

[54] Караңыз: РКМБА. Ф. 44. Оп. 1. Д.373. Л.44-45.

[55] Караңыз: РКМБА. Ф. 44. Оп. 1. Д. 31393. Л.4.

[56] Караңыз: РКМБА.Ф. 44. Оп. 1. Д. 31393. Л. 5.

[57] Караңыз: РКМБА. Ф. 44. Оп. 1. Д.31393. Л.12.

[58] Караңыз: РКМБА. Ф. 44. Оп. 1. Д.31393. Л. 12об.

[59] Караңыз: РКМБА. Ф. 44. Оп. 1. Д. 31393. Л. 36.

[60] Караңыз: РКМБА. Ф. 44. Оп. 1. Д. 31393. Л. 105-108 об.

[61] Караңыз: РКМБА. Ф. 44. Оп. 1. Д. 31393. Л. 75.

[62] Караңыз: Акмат Карыбай уулу. Садыр аке. Бишкек, 2003.161-169-бб

[63] Караңыз: РКМБА. Ф. 44. Оп.1. Д. 29029. Л.11, 39.

[64]Караңыз: РКМБА. Ф. 44. Оп. 1. Д. 5514. Л. 24об.-25.

[65] Караңыз: РКМБА. Ф. 44. Оп. 1. Д. 31393. Л. 40-44.

[66] Караңыз: Сапаралиев Д. Система управления кыргызов в составе Российской империи (1855-1917гг.)//Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коомдук илимдер журналы. 2004, №12.43-45-бб.

[67] Караңыз: Сапаралиев Д. Система управления кыргызов в составе Российской империи, 47-б.

[68] Кауфман К.П. Проект всеподданнейшего отчета Кауфмана 1-го по гражданскому управлению и устройству в областях Туркестанского генерал-губернаторства. 7-ноября 1867  – 25 марта 1881 гг. СПб., 1885. С. 30

[69] Шилтеме алынды: Кибиров М. Н. Переселение илийских уйгур в Семиречье. Алма-Ата, 1951. С. 52-53.

[70] Караңыз: Шабдан баатыр: Эпоха и личность. Док. и материалы. Б., 1999. С. 92

[71] Караңыз: РКМБА. Ф. 44. Оп. 1. Д. 31608. Л. 51-52.

[72] Караңыз: И вздрогнула земля… С. 659-660.

[73] Караңыз: РКМБА. Ф. 44. Оп. 1. Д. 31608.  Л. 164. (Архивден табылган бул бир барак документтин экинчи тушташ жарымында арыздын орусча өтө кыска котормосу берилиптир жана 50 мөөр коюлган деп ката жазылыптып. Нактайында 17 гана мөөр басылган экен. Ушул документти араб арипинен окуп кыргызчага которгонго жардам берген молдо Сабыр Досбол уулуна чоң ыраазычылыгымды билдиремин).

[74] Караңыз: И вздрогнула земля… С. 642-643.

[75] Караңыз: РКМБА. Ф. 44. Оп. 1. Д.31608. Л. 173-174 об.

[76] Караңыз: РКМБА. Ф. 44. Оп. 1. Д. 31608. Л.118об.

[77] Караңыз: РКМБА. Ф. 44. Оп. 1. Д. 31608. Л. 117.

[78] Караңыз: РКМБА. Ф. 44. Оп. 1. Д. 373. Л. 44.

[79] Караңыз: РКМБА. Ф. 44. Оп. 1. Д.31608. Л. 117

[80] Караңыз: Акмат Карыбай уулу. Садыр аке. Бишкек, 2003.107-110-бб.

[81] Караңыз: РКМБА. Ф. 44. Оп. 1. Д. 31608. Л. 171-172.

[82] Караңыз: РКМБА. Ф. 44. Оп. 1. Д. 31608. Л. 170-170об.

[83] Караңыз: РКМБА. Ф. 44. Оп. 1. Д.984. Л. 73об.-74; Д. 1359.Л.2.

[84] Караңыз: РКМБА. Ф. 44. Оп. 1. Д. 21850. Л. 3-3об.

[85] Караңыз: Акмат Карыбай уулу. Садыр аке. Бишкек, 2003.102-108-бб

[86] Караңыз: РКМБА. Ф. 44. Оп. 1. Д. 971. Л.1-10.

[87] Караңыз: РКМБА. Ф. 44. Оп. 1. Д. 948. Л.68, 73об.-74.

[88] Караңыз: РКМБА.Ф. 44. Оп. 1. Д. 948. Л. 68об.

[89] Караңыз: РКМБА. Ф. 44. Оп. 1. Д. 926.Л.3.

[90] РКМБА. Ф. 44. Оп. 1. Д.21814. Л.11-12.

[91] Караңыз: РКМБА. Ф. 44. Оп. 1. Д. 21814. Л. 9-9об.

[92] Караңыз: КРМБА. Ф. 34. Оп. 2. Д. 5. Л. 165-167.

[93]Караңыз:  РКМБА. Ф. 44. Оп. 1. Д. 2814. Л.17.

[94] Караңыз: РКМБА. Ф. 44. Оп. 1. Д. 2814. Л. 16об.

[95] Караңыз: РКМБА. Ф. 44. Оп. 1. Д. 1499. Л. 96-96об.

[96] Караңыз: РКМБА. Ф. 44. Оп. 1. Д. 1359.  Л.2-3.

[97] Караңыз: РКМБА. Ф. 44. Оп.1. Д. 1663. Л.170-172.

[98] Караңыз: РКМБА. Ф. 44. Оп.1. Д. 1663. Л. 168.

[99] Караңыз: РКМБА. Ф. 44. Оп.1. Д. 1663. Л. 168.

[100] Караңыз: РКМБА. Ф. 44. Оп.1. Д. 1663. Л. 199-200.

[101] Караңыз: РКМБА. Ф. 44. Оп.1. Д. 1663. Л. 231-231об.

[102] Караңыз: РКМБА. Ф. 44. Оп.1. Д. 22215. Л.338.

[103] Караңыз: РКМБА. Ф. 44. Оп.1. Д. 4091. Л. 2.

[104] Кененирээк караңыз: Сапаралиев Д. Эл зар Жусуп. (Ж. Абдрахмановдун 110 жылдыгынын урматына). Бишкек, 2011.

[105] Караңыз: РКМБА. Ф. 44. Оп. 1. Д. 4790. Л. 3-3об.

[106]Караңыз:  РКМБА. Ф. 44. Оп. 1. Д. 4091. Л. 3об.

[107] Караңыз: Жунушев И. Садыр акенин жигиттери //Ысык-Көл баяны, 2013, 30-ноябрь. 3-б.

[108] Караңыз: РКМБА. Ф. 44. Оп.1. Д. 4790. Л.3-3об.

[109] Караңыз: Усенбаев К. Восстание 1916 года в Киргизии. Фрунзе, 1967. С. 206-239.

[110] Караңыз: Шейшеканов Т. Көлдөгү көтөрүлүш. Бишкек, 2003; Шейшеканов Т. 1916 — жылдагы көтөрүлүш: Башаламан каршылыкпы же ойлонулган акциябы?// Кыргыз туусу, 2006. 8-9 август. 11-б.; 11-14 август. 21-б.

[111] Караңыз: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Борбордук архиви. Ф. 34. Оп. 2. Д. 5. Л. 165-167.

[112] Караңыз: Шейшеканов Т. 1916-жылдагы көтөрүлүш: Башаламан каршылыкпы же ойлонулган акциябы// Кыргыз туусу, 2006, 11-14 август. 21-б.

Дөөлөтбек Сапаралиев – Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин профессору, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкери, Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here