Жогорку Кеӊештин спикери Дастан Жумабеков 2019-жылы «Мыкты оюнчу» болгон улакчы Илис уулу Кушчубай уулуна Volkswagen Vento үлгүсүндөгү унаа белек кылды. Кушчубай мырза, бүгүнкү күндө «Ынтымак» командасында ойнойт. Ал эми спикердин бул белегин соц тармагындагы «сынчылар» кайсы жылы чыкканын, баасы канча экенин иликтеп, жиликтеп жиберишти. Бул унаа 1995-жылкы жана баасы базарда 1,5 миӊ доллардан 2000 долларга чейин экенин жазышты. Кыргызда: » Белекке берилген малдын тишин карбайт» деген кеп бар. Машине арзанбы, кымбатпы, бул экинчи маселедир. ..

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here