Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан эки аял кайтыш болду. Бул тууралуу 5-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Каза болгондордун бири Бишкек шаарындагы Улуттук фтизиатрия борборунда дарыланып жаткан 82 жаштагы бейтап.

Экинчи бейтап — 33 жаштагы келин Ош облустук бириктирилген ооруканасында дарыланып жатып каза болду.

Бир суткада коронавирус менен 37 адам жаңы катталды.

Алардын арасынан эң көбү Бишкекте — 14 адам. Чүй облусунда жети, Нарын облусунда алты, Ош облусунда беш, Ысык-Көл облусунда үч, Баткен облусунда жана Ош шаарында бирден адам.

Кечээтен бери 48 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Жалпысынан 26-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1936 адамдан табылды, алардын ичинен 22 бейтап кайтыш болду, 1340 бейтап сакайып кетти.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында өзгөчө кырдаал режими күчүндө турат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here