Кыргыз  Республикасынын  маданиятына  эмгек  сиӊирген ишмер, айтылуу журналист жана жазуучу Баратбай Аракеев  бүгүн туура 70 жашка толду. Ардактуу агабыздын  Кудайдан берилген бул кутман курагы кут болсун, ден соолугу чыӊ, өмүрү узун, чыккан жашы жүз болсун деген аруу тилек менен ал тууралуу азыноолак кеп-сөзүбүздү айталы. 

Алгач эле бир чындыкты моюндап коелучу.  Биз үчүн, деги эле Аракеевди жакындан жакшы билгендер үчүн ал тууралуу мыкты макала жазуу эӊ кыйын иш деп баса белгилеп айтып койсок туура болот. Бул сөзүбүздү түшүнгөндөр менен катар, анчейин түшүнбөгөндөр да чыгаар. Себеби, бул кишинин бейнесин, талантын бир чакан макала менен таасын ачып берүү оӊой-олтоӊ иш  эмес.  Окурмандардын эсине салай кетейин. Биздин аксакалыбыз бизге: “менин кичүү баламдан да кичүү чилишсиӊер” деп өзү айтмакчы, аны менен 30-40 жылдан бери үзөнгү тебишип бирге  жүрбөсөк да,  акыркы 10 жылдан ашуун убакыттан бери чогуу иштешкен кесиптеши катары байкебиздин чыгармачылыгын, кулк-мүнөзүн аздыр-көптүр билип калдык.

 6,5 миллионго жетип калган кыргыз элинде не бир түркүн адамдар бар. Бирок Аракеевге окшогон инсандар  сейрек. Бул кебибизге келтире  турган бир катар далилдерибиз жетиштүү.  Чынында бул инсандын чыгармачылыгы да, эне сүтү менен бүткөн кулк-мүнөзү да такыр башкача.  Ташкындаган таланты чыгармаларынан, ар бир жазган аналиткалык макаласынан көзгө сайгандай көрүнүп турат. Биз Аракеевди кыргыз журналистикасында өзгөчө феномен деп баса белгилеп айтсак жаӊылбайбыз. Жетимиш жашты желкелеп турган агабыздын басып өткөн өмүр жолуна, жетишкендиктерине  учкай токтололу.

   Баратбай байкебиз аскерде эки жылдык кызматын өтөп келген соӊ, Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин 1980-жылдары  азыркы залкарлар Шайлообек Дүйшеев баштаган бир катар белгилүү инсандар менен бирге бүткөн. Курсташтары ушул бүгүнкү күнгө чейин анын бардык сабактардан 5ке окуп,  алдыӊкы студент болгонун тамшануу менен айтып калышат. Маселен, ошол студент кезинде эле дүйнөлүк адабият, дүйнөлүк саясат, ар кандай маанилүү окуялар тууралуу кеп-сөз болуп калганда Аракеевдин алдына киши чыкчу эмес экен. Азыр да дүйнөлүк окуялар, чыгаан инсандар тууралуу берилип айтса, биз анын жанында шоона эшпей калабыз.  Бул жагын анын макаласын үзбөй окуп жүрүшкөн окурмандарыбыз жакшы билишет.

   Аракеев  жогорку  окуу жайды бүткөндөн кийин  “Мектеп”, “Адабият” басмаларында 1986-жылдарга чейин эмгектенген.  Ошол жылдардан  тартып кыргыз журналисткасына тиш салып,  кыргыз улуттук телевидениесинде иштеп баштаган. Ал башкы теле каналда  бат эле көзгө толумдуу, болумдуу журналисттердин катарын толуктап, өз алдынча: “Кадырман карыларым”,  “Калемгер”, “Мен чилистен” сыяктуу автордук берүүлөрдү көгүлтүр экранга чыгарып, коомчулуктун сүйүктүү тележурналистине айланган. Катардагы  журналисттен өсүп-өнүп олтуруп, КТРдин ошол кезде 50 адам эмгектенген “Адабий  — драмалык” редакциясынын башкы редактору (азыркыча айтканда продюссери) болуп 5 жыл эмгектенген.

  1996-жылдары  Акаевдин сүйүктүү кадрларынын бири Аманбек Карыпкулов КТРге төрага болуп дайындалат. Ал ишке киришери менен Акаевге болгон сындарды телеге чыгартпай,   көгүлтүр экрандан чындыкты чыркырата айткандарды, деги эле бектен-хандан кайра тартпаган  бир топ тыӊ чыкма кадрларды тазалап баштайт. Ошол учур КТР өзүнүн ыйык милдетин так аткаруудан жаза тайып, “кара жащикке” айланып бараткан мезгилдин башаты болчу. Кошомат “бак – таалайдын бир бутагы” деген ураан менен жашагандар ордуларын козголбой иштеп кала беришкен. Карыпкуловго Аракеевдин көп учурда КТРде күн-түн иштеген жөнөкөй кызматкерлердин айлыгы абдан аз экени, ал эми кагазга кол койгондон башканы билбеген жетекчилердин олчойгон айлыгын баса белгилеп айтканы ийне менен безге сайгандай эле тийет. Айтор, бир шылтоо таап аны кызматтан алганча, Аракеев КТРдин эшигин тарс жаап  өзү кетип калат.

Бартабай Аракеев-2013-жылдар..

   Ошентип, 1997-жылдардан тартып, маркум Мелис Эшимкановдун “Асаба” гезитинде  саясый баяндамачы болуп иштеп баштаган. Мына ошол гезитте ал: Шайлообек Дүйшеев, Түгөлбай Казаков, Алым Токтомушев, Жолдошбек Зарлыкбеков, Султан Жумагулов,  М. Сабыров, К. Оторбаев  ж.б. белдүү журналисттер менен эмгектенген. Калемдештеринин айтымына  караганда Аракеев гезиттин ишин жүргүзгөн “мотор” болгон. Анын Акаевдин бийлигин сындап жазган макалаларын окурмандар чыдамсыздык менен күтүп окушчу. Андан тышкары, Аракеевдин калемине таандык повесттери да гезитке сандан-санга жарыяланып, окурмандардын бүйүрүн кызытып турган. Ш. Дүйшеев агабыз: “Аракеедин сандан –санга жарыяланган криминал, сүйүү, детектив, саясат жанрындагы чыгармалары “Асабанын” тиражына тираж кошуп, аброюн көтөргөн” – деп айтып калат. Бир жолу Баратбай байкебиз башка иштер менен жүрүп,  жумушка келбей калат. Анын сандан — санга кетип аткан повестинин уландысы  жарыяланбай турган болот. Анткени, даяр жазылганы редакцияда жок экен. Раматылык Эшимканов Аракеевдин чыгармасы сөзсүз жарыяланышы керек деген талапты катуу коет. Эми ал кезде азыркыдай шайма-шай сүйлөшкөн кол телефон кайдан десеӊ. Акыры айлалары кетип  турганда Шайлообек Дүйшеев чыгарманы гезитте токтогон жеринен  улап, өзү билгендей жазып, повесттеги негизги каармандардын баарын жол кырсыгынан “о дүйнөгө” аттантып жиберген экен. Дүйшеевдин дүйнөсү менен жазылган ал вариантын жалпы окурмандар окуп, “шок” болушат. Аларга кошулуп,  автор Аракеевдин да досу Дүйшеевге жини келип, айласы кетет. Чыгарма орто жерине жетип, эми кызыганы турганда антип кармандардын өлүп калышы окурмандардын чындап шаабайын суутуп койсо керек. Мына ошондой кырдаалда Аракеев чыгармада жол кырсыгынан өлүп калган каармандарды  “түшүндө өлдү кылып” кемелине келтире  жазып,  тапкычтык менен улап кеткен экен.

Агабыз өзү айтмакчы, “Асабадан” кийин иштебеген гезити калган жок. 2010-жылдан бери алганда “Фабула”, 2016-жылдан бери “Багыт кж” гезитинде иштеп, кыргыз сасясатыдагы тескери көрүнүштөрдү, сасык саясат, эӊшерилген экономика, килеӊдеген криминал, кокологон коррупцияны,  кылым карыткан каада – салт ж.б. багыттагы курч темаларды “Абал ушул” жана  “Кадам ушул” деген темалар менен көзгө  сайгандай жазып келет.  Жазуу стилиндеги эч кимдикине окшошпогон өзгөчөлүктү, чыркыраган чындыкты окурмандары жакшы билет.

Аракеевдин мына ошол 10 жылга жакын убакыттан бери  ушул эки аталыш менен жазып келаткан аналиткалык макалалары ошол учур менен эле эскирип калчу макалалар эмес экенин баса белгилеп айткым келет.  “Кадам ушул” менен “Абал ушулда” мамлекеттин келечеги, кемчилиги не бир керемет мисалдар, салыштыруулар менен көп мезгилге чейин актуалдуулугун жоготпой кала берет. Мына ошол макалаларды топтоп, иргеп китеп кылып  чыгарып койсо, кыргыз эли үчүн  жакшы бир сабак боло турган  мыкты китеп болоруна бөркүмдөй ишенем. Агабыз бизге окшоп эгемендүүлүк жылдарынан кийин колуна келем кармап, эки сап жазган көптөгөн журналисттердин устаты, карап түздөнө турган адамына айланып калды.

2010-жылдар. «Фабуланын» Б. Аракеев баштаган жамааты манасчы У. Мамбеталиев менен…

   Эми окурмандарга анын жазган китептери тууралуу кыскача айталы. Аракеевдин алгачкы повесттери, аӊгемелери союз тарганча эле чыгып баштаган. Андан бери:  “Кайырылчы өмүр”,  “Чаӊдагы гүл”,  “Айсалкын”, “Мен сага өлүм алып келем”, “Мент”, “Менин жазым”, “Түбөлүккө кеткен жол” ж.б. аталыштагы китептердин автору болду. Бир айтарым, «Боронбайдын көр дүйнө» деген мыкты повестин чыгаан режиссерлор кино кылып тартса, элибизге мыкты өрнөктүү кино болуп калаар эле.

Анын калемине таандык  “Чал күйөө” деген аӊгеменин негизинде режиссёр Асанкожо Айткиеев “Сокур кемпир көрөгүч” аттуу кыска метраждуу кино тарткан. Акаевдин 15 жылдык президенттик башкаруусун чагылдырган  “Ажонун акыркы күнү” деп аталган романды бир топ жылдан бери жазып келатат.  Бул романдын биринчи бөлүмү 2014-жылы чыккан “Кайрылчы өмүр” деген китебине кирген.  Аталган чыгармасы толук  жазылып бүтүп,  өзүнчө китеп болуп чыга элек. Мен билгенден Баратбай байкебиздин мындан башка да бүтпөй, автордун өзүнө кол булгап “чакырып” жаткан бир катар чыгармалары бар. Байкебиз болсо азырынча ден-соолук сактап,  калемдин күчүн кыргыз элинин бүгүнкү жана эртеӊки келечегине арнап жазган “Кадам ушул” менен “Абал ушулга” жумшап жатат.

Мен азыр тартынбай эле турмушта:  таза болсоӊ, чынчыл болсоӊ, мекенчил болсоӊ эле ушул бизге устат болуп калган Баратбай Аракеевдей болуш керек деп айтат элем. Чынында  биздин атабыздай болгон кесиптешбиз  ушул жашка келген жөнөкөйлүктөн жазбай, чындыкты туу тутуп, мекенчилдиктин бийик үлгүсүн көрсөтүп жашап келет. Ал үчүн байлык, мансап, кошоматчылык, эки жүздүүлүк деген бир тыйынга да арзыбайт! Баратбай байкебиз байлык эмес баа жеткис барк , наадандык эмес намыс менен нарк топтоп жашады. 40 жылдык эмгек кызыл тилин сайратып, мен кыйын деп бир да жолу кыйкырып чыккан жок. Эмгегимди баалагыла да, сыйлык – наам бергиле деп бир да чоӊдун эшигин какпады.  Көрүп жатабыз, кошоматчылыкты бак-таалайдын чоӊ бутагы катары ураан тутуп жашагандар,  40 жылдык талбас үзүрлүү эмгекти  кой, ич жылыта бербеген 15-20 жылдык эмгеги менен деле  Кыргызстандагы болгон-сыйлык-наамдарды баса жагылып, үстү-үстүнө алып жатышат.  Ушундай көрүнүштөрдүөн улам сыйлык-наамдардын баркы кетти, кадыры какшыды.

Б. Аракеев табият койнунда…

Аракеев 2011-жылы  ал кездеги президент Роза Отунбаеванын колунан “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиӊирген ишмер” – деген наам алды. Бул наамды алам деп бир да жолу жутунбады. Ал наамды досу Шайлообек Дүйшеев, калемдеши, азыркы депутат Рыскелди Момбековдор көндүрүп жатып алып берүүгө себепчи болгонун биз жакшы билебиз. Чынында эл уулунун эмгегин таразага тартып, калыс баалашса, мындан да алда канча чоӊ сыйлык-наамдарга толук татыктуу инсан экени талашсыз.

Аракеев өзүнүн жана туугандарынын небере-чөбөрөлөрү менен…

  Кудай Баратбай байкебиздин ден-соолугун чыӊ кылып, күч-кубат, узун өмүр беришин тилейбиз. Кудай буйруса, Баратбай байкебиз,  алдыда эл үчүн  далай мыкты чыгармаларды жаратат! Эӊ башкысы элибиз тынч, аманчылык болсун!

Айбек Шамшыкеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here