Бирок баары андай эмес тыңдагын,
Билесиңби, көкүрөктө муң барын.
Ошол муңум силер эмес — мен эмес,
Сыздап чыккан, ыйлап чыккан ырларым.
ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ

Үстүбүздөгү жылдын көктөмү недегир оор болду. Калың журт булбулунан бир айрылса, анын артынан көп узабай сезимди таамай чагылдырган акыныбыз Зайырбек акырет аттанып кете берди. Жазмыш алардын маңдайына өмүрдү кыска жазган экен, айла жок, оор улутунуп кала бердик. Эми, Элмирбектин да, Зайырбектин да экинчи өмүрлөрү түбөлүктүү болсун! — дегенден башка арга жок…

* * *

1997-жылдын август айы…
Түркиянын Измир шаарынан кайтып келип, жакын курбуларым Калмурат Рыскулов менен Рысбай Исаковго жолукканы бардым. Анда экөө тең Чоң Чүй Каналына жакын жайгашкан эски үйдө чогуу турушчу. Көптөн бери көрүшпөгөнгө, сөзүбүз түгөнбөй көпкө олтурдук. Бир оокумда Калмурат:
— Кел, Рысбай, Даке алыстан келиптир, бүгүн чыгармачылык тууралуу сүйлөшүп, ырдап-чордоп кечти батыралы. Жүргүлө, Элмирбектикине! – деп калды.
— Элмирбек??? Ким, ал? – дедим, таңыркап.
— Ээ, Элмирбек деген жаш ырчы-обончу, төкмө бар. Тааныштырып коёлу сени! – деди, Калмурат.
— Жүргүлө, чын эле Элмирбекке кеттик! – деди, Рысбай.
Үчөөбүз ээрчишип алып троллейбус менен Искусство институтунун жатаканасына жеттик. Экинчи кабатка көтөрүлдүк. Рысбай менен Калмурат каалганы каккылды.
— Ээ, келгиле, киргиле! – деген үн чыкты.
Кирдик. Кирсек, жубайы Гүлбү Элмирбектин комузун кармап туруптур. Кыязы, бир кечеге узатканы жаткандай түрү бар.
— Ой, келип калдык… Таанышып алгыла, биздин досубуз, чогуу окуганбыз, – деди Рысбай.
— Элмирбек!
— Данияр!
Концертке барам деп камынып алган Элмирбекке тоскоол кылбайлы дедик да, 5 мүнөттөй аркы-беркиден кеп уруп, анан кош айтышып алып үчөөбүз сыртка жөнөдүк.
Кыскасы, Элмирбек менен болгон алгачкы таанышуу — дал ушундайча башталган. Кийин ортодон 3 жыл өттү. Бул аралыкта мугалимдик кесип менен алектенип Таласта элем. Адабий сынакка студенттеримди ала келип, Кыргыз Телерадиосунун чоң студиясынан Рысбай менен Элмирбекти учуратып калдым. Ошол 2000-жылдын 10-апрели сынактан кийин Рысбай, Элмирбек жана мен болуп университеттин 5чи жатаканасында, Эркинбек Шейшенбаев деген акын жигиттин бөлмөсүндө 3-4 сааттай чогуу олтурдук.
— Элмирбек, өзүңдүн чыгармаларыңан аткарып бересиңби!? – дедим. Колуна комуз алган Элмирбек:
— Макул, бул ыр “Булбулум” деп аталат. Жаңы чыгарган обонум! – деди да, комузунун кулагын бурап, күүгө келтире баштады. Анан, анан барып комуз үнүнө булбулдун үнү кошулуп, жалпыбыз ажайып ааламга жөнөдүк.
Бөлмөдө олтурган Рысбай, Эркинбек, мен, Лаура (Эркинбектин бир тууган эжеси), дагы студенттерден эки-үчөө, айтор, Элмирбектин мукам үнүнө, ырдын текстине, сыйкырдуу кайрыкка жетеленип, оор улутундук.
Кыскасы, эл алдына алып чыга элек “Булбулумга” ошондо күбө болгон элек.
Жатаканадан чыгып алып Рысбай менен Элмирбекти ээрчип, Шекербек Адыловдун үйүндө кечти улантып, түн бир оокумга дейре чыгармачылык, тарых, санжыра тууралуу узун кепке кирдик. Айтор, азыр ойлосом, бизге ошондо жалаң чыгармачылык гана керек болчу экен. Башкысы, кабагыбыз ачык, көңүлүбүз жарык болсо жетет: ырлар окулат, обондор жаңырат, көңүл көкөлөтүп алып, эртеси шаңдуу кайтып кетмей…

* * *

Ошондон кийин Элмирбек менен Шекербек үчөөбүз үй-бүлөлүк карым-катышта болдук. Убакыт өттү… Андан кийин “Булбулум” деп сыздаган Элмирбектин жылдызы жанды. Төгөрөктүн төрт бурчуна аттын кашкасындай таанымал төкмө, дастанчы, обончу жана аткаруучу катары эл сүймөнчүгүнө айланды.
2013-жылы күзгө жуук Элмирбек чыгармачылык кечесин филармонияда өткөрөөрүн Суйунбай Борубаев деген жакын досунан угуп, өзүнө айтпастан: “Эл уулу Элмирбектин улуу жолу” деп “Замандаш” журналына макала жарыялагам. Төмөндөгү кыска макаланын тарыхы, ушундай…
Данияр ИСАНОВ

* * *
Азабым арбын үчүн же,
Аяган гана кишим де.
Буулуккан булут болдум мен,
Буркурайт жамгыр ичимде.
Элмирбек Иманалиев

Ашуусу бийик дабан басып, жолду карытам деген акын турмуштун тузун татып атып, туруштук берүүгө дарманы калбай калганда жаак ылдый сызыла жаш куюлуп олтуруп, анан терең дем ала кайраттанып, кайрадан кадамын улайт. Жогорку саптарды акын тегин жерден жаратпагандыр. Адам үчүн алгач Жолду салып, анан ошол эле Жолдо басыштын өзү азап тура…
Алтын түскө айланса да, ары-бери агылган адамдардын бут алдында жалбырактар шуудурайт. Күздүн күнкү ушул кечте жамыраган ойлорду жамынып алып, үйгө илкий кайтып барам. Маңдайына акындыкты жазган эски курбум Элмирбектин жүрөк титиреткен мукам үнү кулакка жаңыргансыйт. Эмнегедир Элмирбек көкүрөк толо ызасын чыгарып жаткандай, эчкирип ыйлаган таризде…

* * *

От боюнда олтурушкан кыргыз карылары кыштын узак түндөрүндө жомок сөзгө, байыркынын баскан жолуна сереп салып, акын сөзүнө кулак төшөшкөн. Ар кечте акын эмнени айтат болду экен деп элейишкен. Ал эми акын көкүрөгүнө тирелип батпай жүрөгүн эзген, түнү менен түйшөлткөн арбын ойлорду калайыкка айтып бир тамшанткан. Анткени, акын айланасындагы көрүнүштөн тышкары өтө татаал адам жан дүйнөсүнүн азабы менен тозогун, ааламда эмне ыйык болсо, ошону төгүп-ырдап жеткире алган. Сөздү барктап, “сөзүбүз өлгүчө – өзүбүз өлөлү” деген көсөм кыргыз үчүн санат сөздөн өткөн ыйык эмне бар? Турмуштун жыргалы менен кууралын, бактысы менен азабын, элин коргогон эрдикти, Ата Журт менен ак сүйүүнүн Улуулугун айтып жеткире алган кишини кыргыз “акын” деп кадырлап, айткан кептери үчүн алдына ат тартып, үстүнө үй тиккен.
Акын болом дегениң – башыңа кандай балээни үйсө да, көтөрө алам дегендикке жатат. Ириде, кандайдыр бир белгисиз күч дейбизби, айтор, Жараткандын сага жазган өнөр-шыгы менен кошо төрөлүп, кошо жашашка милдеттүүсүң. Демек, кийинки чечим сенде!?

* * *
Кан-жанынан жаралган ырларын Элмирбек ар качан ыйлап атып ырдайт. А дегенде эле алгачкы “Мунарым” баш болуп, жумурай журттун жүрөгүн ээлеген “Шолоктоп неге ыйладың”, “Булбулум”, “Аруузатым” аттуу ырларына чейин ый коштоп жүргөнсүйт. Демек, ыр дегендин өзү чындап ый болуп жүрбөсүн?!
Бир эле учурда акындыкты, ырчылыкты, дастанчылыкты, баарынан да “Манасты” көтөрүп жүрүштүн өзү… Муну ар ким эле көтөрө бербестир!? Демек, Элмирбектин мойнуна Жараткан – Мекен жүгүн абыдан арткан тура!?

* * *
Күлүп аткан адамды көрүп, ыйлап жаткан адамды көргөнсүйм. Анда-санда жолдорубуз кайчылаша түшкөн кездерде Элмирбек мени менен амандашып жатып көңүлү көтөрүңкү көрүнгөнү менен ичинде опол тоодой оор жүктү артынып алып, Жолдо токтоп саамга байыр алгандай гана таасир калтырат. А чындап келгенде, тереңинде катылган акындыктын азабына кантип туруштук берип атканы түшүнүктүү да!? Элинин жыргалы да, кууралы да, көздөн аккан жашы да Элмирбектин жүрөгү аркылуу өтүп, анан калк назарына коюлат.

* * *

Оо, бул окуя отуз жыл илгери болгон. Оюнга тойбой чымын-куюн атып чуркап жүргөн беш-алты жашар Элмирбек – кырсык басып, ташкындаган сууга агып кетет. Аны көргөн айланасындагы урук-туугандары оюнкарак Элмирбекти сакташтын камын көрүп, далбас ура аркы өйүздөн берки өйүздү көздөй чапкылап, араң дегенде жээкке алып чыгып, оозунан чака-чака суу аккан баланы сактап калышат. Кылым кезген кыргыз элинин каада-наркын, уюткулуу журттун алтындан кымбат асыл баа сөзүн аман жеткирип, Токтогул ырчы баш болуп, чоң таятасы Эшмамбеттин салтын улантсын деген тейде Жараткан өзү жар болуп, сактап калганына шүгүр дейли…

* * *

Турмуш демекчи… Турмуш жүгүн эрте арткан Элмирбек жашоодо азап эмне да, жыргал эмне, айрылуу эмне да, бакыт эмне экенин турган турпаты менен кошо кабылдап, аны ырга салып, обон жаратат. Ошондон уламбы, Элмирбектин ырлары жамы журттун жүрөгүнө тез сиңет. Обончулук менен кошо төкмөлүк өнөрдү, манасчылык менен дастанчылыкты кошо көтөргөн Элмирбектен элдин күткөнү көп. Чыгармачылыкта өз үнү, өз Жолу бар элдин уулунда, алдыда дагы кандай мукам авандар, керемет саптар катылуу? Обон жаратууда, ыр жазууда Элмирбек толук бышып жетилмейинче, эч качан калк назарына жарыя салбайт. Чыгармачылыктагы эң улуу нерсе – бул купуя сыр!

* * *

Чыгармачылыктын чыйырына бала кезден аттаган Элмирбек азыр артына карап үңүлсө, бир топ Жолду арбытыптыр. Улуу Жолду арбытам деп айтып жеткире алгыс азаптарды багынтып, бүтпөс дастан, кулактан кирип жүрөктү алган мукам кайрыктарды тапты. Акын жолу мындан ары жеңил болуп, бет келген тоскоолдукту майтара алган кайрат-күчкө ээ болсо экен. Эл шайыры ташыркабай алыска, оо, көз жетпеген бир мейкиндикти бет алып, канат күүлөп али белгисиз, бирок, жакынкы аралыкта көөдөндөн толук сызылып чыга турган кайрыктарды күтүп, бушайман болгонсуйт.
Баштан өткөн бардык тозок, бардык азап – а балким, сенин бактың болуп жүрбөсүн!? Азаптын даамын сезбей туруп, бакыттын даамын сезүүгө мүмкүнбү?! Каргадай бала кезиңден кабыргаңды кайыштырып чыгармачылык деген ары машакаттуу, опурталдуу Жолду тандап алгандыгыңдын өзү – эрдик болуп жүрбөсүн.
Калаага алгач келген күндөн тартып устатың, бир чети атаңдай көргөн Тууганбайдан туз насип буйруп сабак алып, анан эртели-кеч кезерип бирде ачка, бирде ток, балалыктын бактылуу күндөрү менен айрым учурда жата турган жай таппай, таңды атырдың. Эми андан бери жылдар жылып, айлар агып, төгөрөгү төп келген төкмө, эл сүймөнчүлүгүнө ээ болгон Элмирбекке айландың.
Чыгармачылыктын жыйырманчы күзү сага жемишин төгүп, алдыда атпай журтка арнайм деген керемет саптар – демиңе дем кошсун!
2013-ж. Октябрь

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here