Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 26 адам жаңы катталды. Бул тууралуу 3-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Үсөнбаевдин айтымында, бир суткада вирустан үч адам каза болду. Алардын бири — Ош облусунда иштеген 59 жаштагы фтизиатр дарыгер, экинчиси Ошто ооруканада жаткан 55 жаштагы бейтап жана үчүнчүсү Нарында ооруканада дарыланып жаткан 84 жаштагы бейтап. Жаңы катталган 26 адамдын көбү Бишкек шаарында — 16 бейтап, Нарын облусунда жетөө жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында бирден адам. Бир суткада 46 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Жалпысынан 18-марттан 3-июнга чейин Кыргызстанда коронавирус 1871 адамдан табылды, алардын ичинен 20 бейтап кайтыш болду, 1265 бейтап айыгып чыкты. Коронавируска байланыштуу Кыргызстанда Коопсуздук кеңешинин чечими менен көпчүлүк аймактарда өзгөчө кырдаал режими калтырылган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here