Жалпыбызга жакшы маалым болгондой оозубузду көпкө  жуубай калсак, жагымсыз жыттар «буркурап» чыга баштайт. Айрым адамдардыкы улам жууп турса деле, улам жаман жыт жыттанат.  Андай жыттарды кетирүүнүн жол- жоболорун бул макаладан билип алыӊыз.


Ооз көңдөйүнөн чыккан жагымсыз жыт биринчи кезекте гигиенаны туура сактоодон көз каранды. Бирок, айрым азыктар да андагы жагымсыз жыттан арылтуучу касиеттерге ээ. Алар төмөнкүлөр:

С витаминине бай мөмөлөр


Курамында С витамини көп болгон мөмөлөр, цитрус жемиштери, дарбыз сыяктуу азыктар бактериялардын көбөйүшүнө тоскоол болот. С витаминин тынымсыз кабыл алып туруу бүйлөнүн абалына да оң таасирин тийгизет.

Сагыздын жардамы аз


Сагыз ооздогу жагымсыз жытты жок кылып жибербейт. Бирок ошондой болсо да  убактылуу жардам берет. Сагыздын дагы бир жакшы жагы — ооз көңдөйүн тазалоочу шилекейдин көп бөлүнүп чыгышын шарттайт. Сагыз сатып алаарда анын кантсыз болушуна маани беришиӊиз зарыл.

Петрушка
Бул көк чөп ооздун жагымсыз жытын, ошону менен катар тамекинин түтүнүнүн жытын жоготуучу эң жакшы каражат. Натыйжалуу жыйынтыкка ээ болуу үчүн петрушканы чайноо же чай кылып демдеп ичүү жетиштүү. Бул өсүмдүктүн эки жактуу пайдасы бар: жагымсыз жыттан эле арылтпай, тамак сиңирүүгө да оң таасирин тийгизет.

Жемиштердин жардамы


Булар алма, сабиз, сельдерей. Бул жашылча-жемиштер шилекейдин көп бөлүнүп чыгышын шарттайт. Ал эми шилекей ооз көңдөйүн суулап, тиштердин арасында калып калган тамактын калдыктарын алып чыгат. Жагымсыз жыттын дагы бир себеби — дал ушул калдыктар болуп эсептелинет.

Назгүл Айылчиева

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here