Өткөн суткада өлкө ичинде коронавирустан үч киши каза болду. Алардын бири медик. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

“Ош облустук бириктирилген ооруканасында каза болгон бейтаптар 59, 55 жаштагы эркек кишилер. Үчүнчүсү Нарын облустук ооруканасында дарыланып жаткан. Ал 84 жашта болгон”, — деди Үсөнбаев.

Жалпы каза болгондордун саны 20 кишини түздү.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here