Мурунку ИИМдин министри, Бакиевдин ишенген кадры Молдомуса Конгантиевди Жогорку сот актап, сот ишине чекит койгонун анын жактоочусу Икрамидин Айткулов билдирди. Мындай чечим аталган соттон бүгүн чыккан. Эске сала кетсек, Конгантиев 2017-жылы Сооронбай Жээнбековдун жеӊишине өз салымын кошуп, аны менен үгүт иштеринде жанашып жүргөн…

Айыптоочу тараптын маалыматы боюнча, М.Конгантиев 2010-жылдын 6-7-апрелинде болгон, анын ичинде Таластагы баш аламандыкта кызматтык ыйгарым укуктарын аша чапкан деп айыпталып жаткан. Ал учурда укук коргоо органдары нааразы болгондорго карата курал колдонгон болчу.

Ошондой эле 2005-жылы Жалал-Абаддагы бөлүктүн башчысы болуп турганда УКМКнын облустагы башкармалыгынын имаратында сабалган жаранга (эркек киши) жардам берген эмес.


ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here