Ооба, бул неме жеп-ичкендин адиси болгону менен кызмат талаасына келгенде кыкка жарабайт экен. Бул Жумалиев Кубанычбектин кызмат жагынан багы бар экен, эгер «бак-таалай» деген түшүнүктүн кызмат менен байланышы болсо, ал неме кезегинде жүзүнөн күлкү кетпеген Акаевдин аспиранты болуп, анан эӊ бир ишенимдүү адамына айланып, чоӊ-чоӊ кызматтардын баарында иштеди. Бирок, бир дагы кызматта өӊгөлөргө жакшылык кылып, жардам кылып, кандайдыр бир пайда келтирип көргөн эмес, өзүнүн дарамети иштеген бир дагы кызматына туура келбейт эле. Анткени, анын билими, жигиттиги, адамкерчилиги эч бир кызматка жарабай тургандай деӊгээлде турбайбы. Ушул Жумалиев Жалал-Абад облусунун губернатору, президенттик админстрациянын башчысы, транспорт министри, премьер-министр… кызматтарында иштеп, ал жерлерден жакшы «тиштеп» гана турган! Жумалиевдей кызматтан кызмат тандаган, биракта, элине тырнактай жакшылык алып келалбаган, анткен менен элдин ырыскысынан жегенден оозу «талыбаган» канчалар Акаев заманынан бүгүнкү күнгө чейин келатат. Атаганат, ошондой- лорду топтоп туруп «этке төктүрүп» жиберсе кана?!

            Бу Жумалиев деген неменин адам араӊ санап бүтчү мүлк-дүнүйөсү бар экен. Мейли, болсун. Бирок,  ошончо дүнүйө кайдан келген деген кыжырды кайнаткан суроо, жек көрүндү суроо, ак дил адамдын жанын жеп турган суроо жооп издейт экен. Анан анын жообу дале болсо жийиркентип турат эке: адамдык менен, уят-сыйыт менен, абийир менен кенедей да иши жок, бүткүл дүйнөсүн көроокатка байланыштырып таштаган неме элдики экенине эсеп бербей байлыктан ала берет экен, чөнтөгү тойсо көзү тойбой, көзү тойсо ниети тойбой… ала берет экен, ала берет экен! Аларды кантип токтотуу керек? Бул суроого бир эле жооп – аларды атып салыш керек! Бизде атуу жок, демек, алар жоголбойт!

            Элдин айтымында Кубанычбек Жумалиевдин жегенинин эсеби жок экен. Ошону эсептеп чыгышын талап кылган коомчулуктук анча-мынча кебин угуп, бүгүнкү күндө анын болгон байлыгынын «арам-соо» экенин тактайбыз деп финполиция текшерүүгө алып жатыптыр… Бул элди алаксытуубу же чын эле Жумалиевдин «ордун» таап берели дешкенби, азырынча белгисиз…

            «Мен элдин байлыгынан алган эмесмин, мен илимден байыгам» деп куран кармаган Жумалиевден эмнени күтүүгө болот?! Биздин кыргызстанда эч ким, эч качан байыган эмес, экинчиден, куран кармап карганган жалганчылар эч нерсе болбосун Жумалиев беш колундай билет!

           Баратбай АРАКЕЕВ

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here