Бул кыргыз бийлигинин манчыркаган мансапкор атка минерлери өлсө да чындыкты айтып өлүшсө жакшы болбойт беле десеӊ.  Анан калса жалган айтмай жана мактанмай жагынан алдына киши чыгарышпайт. Эгер дүйнө жүзүндөгү  атка минерлердин баарын чогултуп, калп айтуу боюнча сынак уюштурса, биздин атка минерлер  бир да дүйнөнүн атка минерлерин караандатмак эмес. Кыргыз атка минерлеринин ичинен Акылбек Жапаров, Кубанычбек Жумалиев, Искак Пирматов, Раиммилион сыяктуулар калп айтуу боюнча дүйнө чемпионаты боюнча абсолюттук чемпион болуп, төштөрүндө алтын, бриллианттан жасалган медалдар жаркылдап турмак да, чиркин. Биз ошондой абсолюттук чемпиондордун чемпиону, жалган айтуу боюнча Дүйнөлүк Гиннес китебине кирген рекордунун рекордчусу Жапаров Акылбек Үсөнбекович тууралуу эки ооз кеп айталы. Чынында Акылбек мырза жарык дүйнөгө келген күнү ата-энеси аны “жалганчы болсун” деп деп айтып, оозантпаса керек. Ата-энеси  жок эле дегенде: “акыйкаттык үчүн күрөшкөн,  акылдуу, мекен үчүн кызмат кылган, эл уулу болсун” – деп тилек кылышса керек да. Чынында Акылбек мырза “акылы ай чапчыгандардын” сап башында болду. Бирок акыйкаттык менен күрөшкөн жок. Тескерисинче көп учурда акыйкаттыкти көп тебелеп-тепседи. Эл уулу болуу аракети да башкача сүртүмдөр менен коштолду. Эл уулу болбой, кайсы бийлик келсе ошол бийликтин “кошоматчы уулу” бойдон калды.  Ошону менен Жапаров деген фамилия  Кыргызстандагы  “коррупционерлердин” сап башына да чыгып кетпеди балекет басып… Өткөн айда  эл коронавирустан коркуп, көчөгө чыкпай үйдө карантинде жаткан кезде Абылгазиев кызматтан кетет деген чийки кеп тараганда,  Жапаров ошол учурдан пайдаланып,  дароо өзүн пиар кылып, журналисттерге: “Мен Кыргызстанды экономикасын 7-8 айда бутка тургузам. Мен премьер-министр болууга 56 жылдан бери даярданып келатам” – деп  “балп” этип, эригип жаткан элдин оозун Ошту каратып,  көзүн көктү каратып койбодубу. Анан кычап, Абылгазиев иниси кресолого жабышып, кетпей калды. Ошону менен Жапаров ичинен бир сызып, “жылдызы жанар” учурун чыдамсыздык менен күтүп жүргөн кези. Ошентип, көзүнө байлык менен мансаптан башка эч нерсе көрүнбөй калган Жапаров ушундай сөздөрдү айты да, койду. Эл аны сындап атабы, каргап атабы, баары бир экен. Жүзүндө бир кызылы болсо, уят деген улуу сөздү билсе, анда андай сөздөрдү айтпайт эле. Тилекке каршы, бул кишиде уят деген түшүнүктүн ордуна уурулук деген түшүнүк түпкү сезимине бекем орноп калса керек. Себеби, бийликте 1995-жылдардан баштап таасири бар кызматтарды аркалап келатат.

Өзгөчө Бакиевдин учурунда экинин бири болуп, бийликтин эрке талтаӊы болуп, Каржы, Экономика министрлигин каалашынча башкарды. Андан соӊ, биринчи вице болду. Бийликте турган кезде “мистер 10 процент” деген ардактуу атка конду. 2009-жылы Каржы министри болуп турганда  Ысык-Атадагы өзүнүн жеке менчиги болгон МССке (Машиноиспытательная станция) 200 млн. сом суда алып, ал акча кайра казынага кайтарылбай калгандыгы боюнча Жапаров баштаган бир катар адамдарга кылмыш иши козголгон болчу.  Башкы прокурор Жапаровдор 2017-жылдын 1-мартына чейин эле Каржы министрлигине 238 миллион сом кайтарууга милдеттүү экенин жар салган. Эске сала кетсек, МССти Жапаров өзүнүн аты-жөнүнө каттатпай, башкаларга каттатып, өз изин жашырууга аракет кылган. Бирок канча жашырса да элге жакшы маалым эмеспи. Жапаровдун бул бир эле былыгы. Мындан башка толгон-токой былыктарын санап, тизмектеп жазып олтурсак, кагаз бети түт келбейт.

    Кандай бийлик келбесин, ал бийликтин тилин таап, ат-кошчусу, бак кошчусу болуп алат. 2010-жылы 6- апрелде Бакиевдин бийлигин коргойм деп Таласка барып, таластыктардан токмок жеп, өлүп кала жаздаганда, өз башын көп акчага баалап,  аман-эсен кутулуп кеткен деген кеп бар.  Бир сөз менен айтканда, Үсөнбекович “отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөндөрдүн” бири эмеспи.  Жээнбеков айткан 35 коррупционердин арасында Акылбек Жапаров сөзсүз түрдө болушу керек эле. Президент болсо ал 35 коррупционерди кустурам деген убадасын эчак унутуп калган. Эгер президенттик кызматка киришкен күндөн баштап, ушул: Жапаров, Раиммилион,Пирматов, Жумалиев, Чудинов, Бабанов сыяктууларды жакшылап кустуруп, казынага миллиондорду эмес, миллиарддарды төктүрсө элдин батасына арзыбайт беле.  Тилекке каршы,бул  бийлик андай жолду тандаган жок.  Эскилердин жолун жолдоп, экономиканы унутуп сасык саясат менен алек болуп келишет.  Бул иш бийликтин эл алдындагы  кечирилгис чоӊ күнөөсү! Эгер Жээнбеков өзү айткан 35 эле коррупционерди толук кустуруп, мыйзам алдында жазага тартканда  бүгүнкү күнү Жапаровго окшогондор, элдин кыжырына тийип, ар кайсы сөздүн башын айтып, тантып олтурбайт эле го. Акылбек мырза, абийирине камчы чаап, 6,5 млн. элди алдабай, “мен 56 жылдан бери чоӊ коррупционер болууга даярданып келдим, өкмөттү 7-8 айда өлтүрөм” – деп ыймандай сырын айтса куп жарашмак.  Негизи бул адам  кеч болсо да  катуу жазага тартыла тургандардын сап башында турушу зарыл! Биз ишенебиз, эл бар, бийлик бар! Демек,  бийлик өзүнүн ат кошчу коррупционерлерин жоопко тартпай, тил эмизе берсе, эртеби-кечпи, эл өзү, Кудай өзү жоопко тартат! Ошол күн сөзсүз келет…

                                                                                                                         Айбек ШАМШЫКЕЕВ

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here