“Кыргызстандагы Тб пипл” коомдук фондунун жетекчиси Дильшат Хаитов:

Адам өз тагдырынын автору”

Адам жаман жолго түшөм десе, бат эле түшөт. Бирок, кайра андан чыгуу оңойго турбайт. Биз бүгүн бир нече жолу соттолуп, 9 жыл баңгизат колдонуп, бирок, кийин аны таштап, жашоодо чоң ийгиликтерге жетишкен Дильшат Хаитов менен маектештик. Ал баңгизатга аял менен коштошкондой кат жазып, ал каты менен чет элдиктердин сезимине жетип, Белгияда ВИЧ-СПИДди айыктыруу боюнча Европалык тайпада Кыргызстандан жалгыз тренер болуп кайткан.

-Дильшат мырза, өзүңүз тууралуу айтып бериңизчи?

-Мен өзүм Ош шаарынанмын. Атам англис тили мугалими болгон. Мектептерде, кесиптик окуу жайларда, Ош педагогикалык окуу жайында иштеди. Апам жөнөкөй жумушчу. Мен үйдө 4 бир туугандын эң улуусумун. Мектепте жакшы окугам. Биздин райондо орустар, башка улуттар көп эле. Андыктан, орус тилин жакшы билдим. Окууну аяктаган соң, 1987-жылы Томскидеги политехникалык окуу жайына тапшырдым. Ал кезде аскер кызмат өтөбөсөң, уят болчу, ал тургай, кызын колуктулукка берчү эмес. Ошентип, бир жыл окугандан кийин аскерге кеттим. Эки жыл Россияда Советтик армияда десанттык аскерде кызмат өтөдүм. Келсем, Ошто коогалаң болуп, 6 ай гана өткөн экен. Жумуш жок, союз тарап жаткан. Кайда барарымды билбейм. Апам милицияга кир дейт, башкалар өрт өчүрүүчү бол дешет. Окуумду улантууга да болбой калды. Андыктан, документтерди Бишкекке которттум. 1991-92-жылдар Ошто криминалдык кырдаал курч болчу. Афганистандан наркотрафик ташуу күчөгөн. Ал кезде героин эмес, апийим тонналап ташыла баштаган. Менин бир досум бар эле. Ал Афганистанда кызмат өтөгөн. Мага наркотик ташуу үчүн мылтыкта атканды билген, чуркап, согуша алган балдар керек деп калды. Мен макул болдум. Ошентип, криминал дүйнөнүн адамдарына кошулуп кеттим. Анан оор кылмыш менен 15 жылга кесилдим.

Кишини атып өлтүрүп?

-Ооба. Ал мезгилде эң жогорку жаза 15 жыл болчу. Ошондо 23 жашка толо элек экемин. Түрмөдө баңгизат кеңири болчу. Карасам, камерада олтургандын баары колдонушат экен. Бири чайга кошуп ичет, бири чегет, бири ийне аркылуу колдонот. Анан мени чакырышат. Бир- эки жолу колдонуп, жагып калды. Себеби, аны чексең, эч нерсени ойлонбойсуң, эки сутка уктайсың. Ошентип көнүп кеттим. 11 ай тергөөдө жүрүп, мөөнөтүмдү өтөөгө Жалал-Абадка жөнөтүлдүм. Ал мезгилде Жалал-Абаддагы 10-абакты “шоколад колония” дешчү. Себеби, ал жерде акча болсо болду, эмне кааласаң сатып алчусуң.

1994-жылы чоң амнистия болгон. Ошондо “общакта” жүргөн балдардын көбү эркиндикке чыкты. Анан бирөө “Дильшат, сенин мөөнөтүң чоң. Мен сага тапшырайын” деп колго жасалган буюмдарды, анан 3 литрлик банкага апийим берди. Буюмдарды сатып, тиги апийимди колдонуп, башкаларга берип, бир жылда эле түгөттүм. Ошентип, амнистияга карата мөөнөтүм кыскарып, 9 жыл, эки айдан кийин, жашым отуздан өтүп түрмөдөн чыктым. Ошко келип, кайра эле баңгизат колдондум. Достор келет, героин сатып аласың, ошол жерден кармаласың. Дагы 3 жолу камалдым.

Кийин түрктөрдүн фирмасында иштедим. Бир жыл иштегенден кийин фирманын складынан 100 тоннадай товарды эки КамАЗга жүктөп алып чыгып кеттим. Анан кайрадан түрмө, 4 жыл беришти. Ошону менен күчөтүлгөн режимде Покровка түрмөсүнө түштүм. Ошол жерде Борбор Азияда баңги заттарды жайылтууну алдын алуу боюнча Европа биримдигинин “Атлантис” программасы менен Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын алдында реабилитациялык борбор уюшулуп калды. Байкасам, наркотик колдонгондорду, алкоголдук ичимдикке берилгендерди реабилитация кылат экен. Мен чынын айтсам, бул жерде баңгизатты азыраак колдонуп калгам. Себеби, Оштон мага бул жакка аны эч ким жеткирип бербейт эле. Же акча тапкыдай колумда өнөрүм жок, ал жерде элди алдай албайсың, баңгизат болсо, колдонуп коём.

2003-2004-жылдары түрмөлөрдө тамак начар, нан тартыш болуп калган кез. Ошентип жүрүп, “Атлантистин” “Таза зонасы” мени кызыктыра баштады. Анан ал жактагыларга “Мен 9 жыл баңгизат колдондум, азыр да болсо, колдоном, сиздер чын эле аны таштаганга көмөктөшө аласыңарбы?” дедим. Ал жерди оорукана деп ойлогом. Көрсө, атайы 12 кадам деген программа менен окуткан борбор экен. Ошо менен ал жерде 6 ай жашап, баңгизатка коштошуу катын жазып, аны таштап койдум.

Түрмөдөн чыгып, Ошко барсам, кайра баңгизатка кирмекмин. Досторумдун жарымы наркоман, жарымы дайынсыз эле. Андыктан, Бишкекте калдым. Ново-Павловкада жатак абакта болдум. Анда 3 ай жашадым. Үйдөгүлөргө телефон чалып: “Мен бошоп чыктым, мени издебегиле, өзүм барам” дедим. Анан “Атлантиске” консультант болуп иштөөгө чакырып калышты. Түрмөгө киргенге уруксат кагаз, пропуск беришти. Бир жумада бир жолу Ново-Покровкадагы абакка барып жүрдүм. Өзүм окуган программа боюнча лекция окуйм, суроо беришет, жооп берем. Алты айдан кийин Польшада бир ай стажировкадан өттүм. Сертификат алып, дагы 2-3 жолу бардым. Кийин ВИЧ-СПИД, кургак учук боюнча билим алдым. 2006-жылы үйлөндүм, кыздуу болдум. 2008-жылы “Чек арасыз дарыгерлер” деген эл аралык уюмдун кызматкери болуп калдым. Анда 8 жыл иштедим. Андан кийин ЮСАИДде эмгектендим. Азыр өзүмдүн коомдук фондум бар. Мында деле ошол эле жумуштарды жасайм. Түрмөдөн чыккан адамдардын жакшы жолго түшүүсүнө көмөктөшөм.

2010-жылы революция болгондо, Бишкекте морадёрлорго каршы ыктыярдуу дружинага да кошулупсуз.

-Ооба, ар ким үй-бүлөсүн коргошу керек. Күндүз жумушта, кечинде алтыдан таңкы алтыга чейин шарды кыдырып жаттык. Бир жыл жүрдүк. Анан бир юрист айтып калды,-Сени көптөн бери байкап жүрөм, жакшы жүрөсүң, соттолгондугуңду алдырбайсыңбы,-деп. Ал убакта мени бардык “зонанын” жетекчилери билчү, Покровкада, 2, 47, 1- мекемелерде иштегем. Ошентип, үч мекеменин жетекчилеринен мүнөздөмө алып, арыз жазып, 2011-жылы бардык соттолууларды алдырдым.

-Сиз баңгизатты таштай албай жүргөндөргө кандай кеңеш берет элеңиз?

-“Сууда сүзгөндү билбесең, чөкпөс үчүн, анын түбүнө чейин түшүп, бутуң менен жерди тээп, суунун үстүнө чыгышың керек да, “жардамга” деп кыйкырышың абзел. Унчукпасаң, түбүнө кете бересиң. Адам өтө ылдый чөкмөйүнчө муну түшүнбөйт. Адам өзү акылына келиши керек. Экинчиден, ага колдоо болушу зарыл. Бир нерсени айтып коёюн, мени менен чогу 1993-94-жылы баңгизатты колдонуп баштаган тирүү адам азыр жок. Бир эле мен калдым. А мен көп адамды тааныйм. Түрмөдө жүрүп, сыртта жүрүп, канчалаган адамдарды билем. Азыр наркомандын баары 25-35 жаш курагындагылар. Менин жашым элүүдө. Мен динозаврмын. Адам өзү өзгөрбөсө, аны эч ким өзгөртпөйт.

-Түрмөдөн чыккан адамды коом кандай кабыл алат?

-Шектүү карашат. Ар дайым аралыкты сакташат. Ал тургай бир ай суралып чыксаң да, ошондой мамиле кылышат. Наркотик сайгандарга да кооптуу мамиле жасашат, бирок, алар өтө кооптуу деле эмес, өзү менен өзү болуп жата берет. Бир гана өз башына жамандык жасашат.

31-абакта жатканда, мен ойлонуп олтуруп, адам ар убакта үмүт менен жашайт экенин түшүндүм. Атууну берген адам да үмүт кылат. Эртең атат десе да, кичине үмүттүн шооласы жанып турат. Аны менен менин айырмам чоң эле да. Эгер, жакшы жашагың келсе, аракет кыл. Азыр түрмөдө 10 миң адам олтурса, 7 миңин тааныйм. Себеби, азыр да баягылар эле жатат. Кылмыш дүйнөсү 30-40 жылда жаңыланат.

-Сиз өзүңүздүн өмүр баяныңыз менен баңгизат колдонгон же турмушта жаңылган көп кишилерге үлгү болуп калсаңыз керек. Түрмөдө иштеп жүргөндө, башкаларга таасир эте алдыңызбы?

-Мен консультант болуп көп иштедим. Ал кезде бутума туруп алгам. Эл аралык уюмда иштейм, өткөттүк эмес уюмдар менен иштешем дегендей. Балдарга айтам, эң башкысы- баңгизатты таштагыла. Чыгып, бир-эки ай карманып, мага телефон чалгыла дейм. Колуман келишинче жардам берем. Бирок, эгер кайра наша чексең, кечирип кой, байланышты үзөм дейм. Себеби, баңгизат колдонуу -бул кылмыш. Кылмышсыз наркотик ала албайсың. Бир-эки жолу барасың,

үчүнчүсүндө ошол эле сага саткан адам сени айтып коёт. Менин телефон номерим 2006-жылдан бери өзгөргөн жок. Кудайга шүгүр, турмушун оңдоп кеткен балдар бар. Кээ бир адамдар оңолбойт, бирок, алар да бир жолу кол сунуу керек. Негизи, “Атлантистин” программасында 30 пайыз киши айыгат деп кепилдик берет. Чынында, андан көп адам реабилитацияланып чыгат.

-Жашооңузда өкүнгөн нерсе?

-Мен өткөргөн өмүрүмө өкүнбөйм. 15-16 жыл жашоом түрмөдө өттү. Бирок, өкүнбөйм. Себеби, мен биринчи жолу кылмыш кылып түрмөдө түшпөсөм, жакшы менен жаманды, түрмөдө, сыртта жашоо кандай болорун азыркыдай түшүнбөйт элем. Баңгизаттын жамандыгын билбейт элем. Мен Ошто төрөлүп-өскөм, көп болсо, Россияга мигрант болот элем, -эгер тирүү калсам, себеби, ошол маалда Ошто ар кандай коогалаңдар болду. Ал жерде көпчүлүктүн алдында калып өлүп калышым мүмкүн эле. Мен өкүнбөйм, себеби, дүйнөнү көрдүм. Европа, Россия, Америка, Африка, Франция жана башка жерлерди көрдүм. Көрбөгөн жерим калган жок. Өткөн күндөрдө жашоо мүмкүн эмес. Себеби, ал жакта мен жокмун. Өкүнгөндө, эч нерсе өзгөрбөйт. Андыктан, бүгүкү күн менен жашайм.

2015-жылы 4 жолу инфаркт болдум, тирүү калдым. Деги эле, жашоодо ар түрдүү жерлерде болдум, тирүү калдым. Демек, мага Кудайымдын кандайдыр бир планы бар. Себеби, көп адамдарга менин жардамым тийиши мүмкүн. Балким, Кудай “Сага дагы бир наркоман келет, ага да жардам берип кой” деп жаткандыр.

Чынында, мектепте жакшы окугам. Тамеки тартып, арак ичкен эмес элем. Мектепте “Биздин сыймыгыбыз” деген жерде сүрөтүм илинип турчу. Азыр менин мектебим жок. Бирок, Ошко барсам, азыр баары сыйлашат. 4 жылдан бери Саламаттык сактоо боюнча коомдук координациялык кеңештин төрагасымын.

Азыр ЮСАИДдин кургак учук боюнча долбоорунда иштейм. Эки чоң тармак аркылуу- бири муфтият менен, экинчиси, мурдагы соттолгондор менен иштешебиз. Бул өтө чоң иш. Биз биринчи жолу имамдарды окутуп, жума намазда бир күндө бардык мечиттерде кургак учук боюнча лекцияларды өтүп берүүсүн суранып, ишке ашырдык. Мечиттен социалдык колдоо көрсөткөндө, кургак учук менен ооругандарды да колдоого киргиздик.

-Жашооңузда сизди ойлонткон нерсе?

— Кызымды көп ойлойм. Ал гимнастика боюнча спорттун чебери. Болбосо, бул турмушта баарын көрдүм. Эки жогорку билим алдым. Акыркы 4-5 жылда үй-жайлуу болдум. Эң жетишкен ийгилигим- биздин мамлекеттик делегация менен БУУнун Кургак учук боюнча биринчи жыйынына катышып келдим. Колуман келишинче адамдарга кол сунам. Бир киши өмүр бою Кудайга ишенип жашаптыр. Бирок, аркы дүйнөдө аны тозокко буюуруптур. Көрсө, ал өрттөнгөн үйдө Кудай жардам берет деп олтура берген экен. Милиция кызматына, өрт өчүрүүчүлөргө, өзгөчө кырдаалдар кызматкерлерине көнбөптүр. Көрсө, Кудай ошолор аркылуу кол сунган экен. Мен ушул нерсени көп ойлойм. Кудай жолдон адашып калгандарды оң жолго салууга мени себепчи кылып жаткандыр дейм. Мен ушуну ойлоп, баңгизатты таштайм деген адамдарга колдон келишинче жардам берем.

Билегиңиздеги чегилген сүрөт эмнени түшүндүрөт?

-Бул жарандык белги. Позитивдүү өнүгүү дегенди билдирет. Тарттырганыма эки жыл болду.

-Колуңуздагычы?

-Аскер кызматында жүргөндө чегилген. “Сахалиндеги десанттык аскер кызматы”.

Маектешкен: Жумагүл БАРКТАБАСОВА

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here