Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети  кечээ күнүПрезидентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү экинчи окууда карады.

Жыйында КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев шайлоо күрөөсүн беш миллион сомдон бир миллион сомго түшүрүүнү сунуш кылды. Муну ал саясий партиялардын чыгымдарын азайтуу ниети менен негиздеди. Ал эми депутат Нурбек Сыдыгалиев күрөөнү 10 миллион сомго чейин жогорулатууну сунуш кылды. Ал күрөөгө коюлган акча кайра партияларга кайрып берилбестен, казынада калышын кошумчалады.

Ушул эле документте партияларга шайлоого катышуу үчүн күрөөнү беш миллион сомдон бир миллион сомго азайтуу жөнүндө сунуш да камтылган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here