Имам Ибн аль-Каййим айткан:
-Уйку жүрөктү өлтүрүп, денени оорлотот, убакытты коротуп, кош көңүлдүүлүк жана жалкоолукту алып келет. Өтө керексиз, денеге пайда бербеген зыяндуу уйку болот. Эң пайдалуу уйку – бул зарыл кеерктүү болгон уйку. Түндүн башындагы уйку анын акырындагы уйкуга караганда жакшыраак. Түш маалынын ортосундагы уйку анын башы жана аягындагы уйкудан пайдалуурак. Уйку канчалык күндүн башы же аягына жакын болсо анын пайдасы ошончо аз жана зыяны ошончо көп. Өзгөчө аср намазынан кийинки уйку жана түнү уктабаган адамдын күндүн башындагы уйкусу.
Ошондой эле аалымдар багымдат намазы менен күн чыккандын ортосунда уктоону жакшы эмес дешкен, анткени бул убак “олжолорду” чогултуучу жана (Аллахка) сапар алгандардын алдыга жылуусу үчүн өзгөчө мааниге ээ. Алар түнү бою сапарда болушса да бул күн чыкканга чейин уктоону уруксат кылышкан эмес. Бул күндүн башталышы жана анын ачкычы, ырыскынын түшкөн, бөлүштүрүлгөн, жакшылыктын келген убактысы. Бул маалда күн башталат жана анын кандай өткөнү күндүн калган бөлүгүнө таасир берет. Ошондуктан адам өтө зарыл болсо гана бул маалда уктаганы дурус.
Ошентип, эң жакшы уйку – бул түндүн биринчи бөлүгүндөгү жана акыркы алтынчы бөлүгүндөнү уйку, б.а. 8 саат. Дарыгерлердин айтымында ушул эң жакшы уйку жана ушундан тайып кетүү адамдга терс таасирин тийгизет.
Пайда алып келбеген уйкуларга түндүн башындагы, б.а.күн батаары менен куптанга чейинки болгон уйку кирет. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) мындай уйкуну жактырган эмес жана шариат боюнча да жактырылбайт, о.э. адам табияты менен дал келбейт.
Ашыкча уйку ушул чектен чыгууларды алып келет. Бирок уйку менен күрөшүү жана андан баш тартуу башка чектен чыгууларды алып келет, анын ичинде жаман мүнөздүүлүк, мерездүүлүк, рухтун туура жолдон адашуусу, ошондой эле түшүнүүчүлүккө зарыл болгон денедеги суюктуктун жок болушу. Булар артынан адамды жок кылуучу дарттарды алып келишет, ал дарттардын себебинен адам баласы өзүнүн денеси жана жүрөгүнөн пайда ала албай калат. Баардык нерсе ортолукка таянат, ким аны карманса ал өзүгө тийиштүү жакшылыкты табат. Ал эми жардамды Аллахтан сурайбыз.

                                           «Мадаридж ас-саликин» китебинен…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here