– Айтчы, Абдылдажан, Чыңгыз Айтматов менен жакын таанышкан учурда жазуучу кайсы чыгарманын үстүндө иштеп жаткан учур эле?!…

1985-жылы 6-сентябрда: “Чыңгыз Айтматов Тил жана адабият институтунун директору Абдыкадыр Садыковдун кабинетине телефон чалыптыр” деп кызматкерлер дүрбөп калышыптыр. Китепканадан келсем Абдыкадыр агай да, “сени Айтматов издеп жатат, кабарлаш” деди. Мен дароо үйүмө жөнөдүм. Үйдөгүлөр да “Айтматов телефон чалып, сени сурады” дешти. Мен алардын берген үй номерине чалдым, Чыңгыз агайдын өзү алды. Аны менен  сүйлөшкөндөн кийин “8-сентябрь дем алыш күнү саат 12:00дө келе бер” – деди. 8-сентябрь күнү эртең менен телефон шыңгырап калды. Алсам, “Советская Киргизия” газетасын киоскиден ала келчи” – деп калды. “Айлампа” аттуу жаңы романынын үзүндүсү “Карышкырдын үмүтү” деген ат менен жарык көрүптүр. Беш-алты газета сатып алдым.

Роман жазылып жатканда чыгармачылык процессти байкай алдыңбы?

Ооба. Мен барганда кабинетинде иштеп жаткан болот. Эшиктин шыңгыраганын угуп калса, өзү келип ачат, же үйдөгүлөр.  Чыңгыз агай таңга маал иштегенин көп жолу байкагам. Көздөрү кызарып калчу, уктабагандыгы көрүнүп турчу. 1986-жылы 18-январь күнү “Комсомольская правда” газетасында жарыяланган карышкырлар тууралуу чакан макаланы алып барып бердим. Анда карышкырдын жашоосуна байланыштуу жакшы байкоолор бар экен. Ошол күнү “Айбанаттар дүйнөсү” деген программада карышкырлар жөнүндө көрсөтүү болорун айттым. Агай бөлмөсүнө газетаны алып кетти. Бир маалда чыкты, көрүүчү болуп телевизорго жакын олтурдук.  Байкашымча, бара-бара экранда болуп жаткан окуяларга кызыгып кетти. Өзгөчө бир ургаачы карышкыр тууш үчүн экинчи карышкырдын балдарын, жайын ээлеп алгандагы кадрды көргөндө таң калды. Ошондо Ташчайнар менен Акбаранын кызыктуу окуялары жазылып жатса керек…

1-май күнү жолдошум экөөбүздү үйүнө чакырды. “Советтик Кыргызстан”, “Известия” газетасына берген маегиңиз  которулуп басылыптыр” – деген кабарды билдирдим. “Көрдүм. Бир топ диалект сөздөрү жүрөт. Жаңы жазылган чыгармамдын аты – “Плаха” эле. “Баталга” деп коюшуптур. Анча түшүнүксүз, чыгарманын маанисин толук ачып бере албайт” – деди. “Баталгага баш коюп” деген сөз бар эмеспи” дедим. “Ал башка мааниде болсо керек. Меники “Плаха”.  Орустарда мурун баш алуучу секиче боло турган, ошону “плаха” дешчү” – деди. Анын үстүнө “баталга” деген сөз агайга жөнөкөй көрүнгөндөй кабыл алдым. Көрсө, негизинен бир эле ойду айтып жаткан экенбиз. Шаардан алыс эмес пионер лагерине жөнөдүк, бирок мени “жаңы жазылган чыгарманы толук качан окуйт экенбиз” деген ой басып туруп алды. Үйгө келерим менен “баталга” деген сөздүн маанисин Юдахиндин, Мукамбаевдин сөздүгүнөн издедим, таптым. Кийинки барганда, сөздүктөрдөгү түшүнүктөрдү машинкага бастырып ала бардым. Залга кирсем,  агай  Ширин, Элдар менен Лондондун “Белый Клык” повести боюнча тартылган мультфильмди көрүп олтуруптур. Бөлтүрүктүн иттер менен каршылашкан эпизоддоруна келгенде, “менин Ташчайнарым, Акбарам да жалындуу, күчтүү, алышканын койбогон” деп калды. Чыңгыз агайдын өзүнүн чыгармасынын чоң таасиринде экендигин сездим…

Романда совет адабиятында көмүскөдө калып келген көп тармактуу проблемалар көтөрүлөт эмеспи! Дин, нашачылар, экология, чарбаны ашкере коллективдештирип жиберүүнүн зыяны  ж.б

Булар чынында башкалар анча батынбаган темалардан эле да.Романдын тематикасындагы нашачыларга байланыштуу окуялар жазуучунун өз көзү менен көргөн, кездешкен көрүнүштөр.  Ал Казакстандын бир станциясында   поезд күтүп калат. Кандайдыр бир себептер менен поезд кармалып, эмне кыларын билбеген жазуучу өйдө-төмөн басып жүрөт. Ошондо жакынкы милиционердин бирөө бөлүмгө кирип отурушун өтүнөт. “Милиция бөлүмүнө кирип баратканымда бурчтагы темир тордун ары жагында олтурган жапжаш балдарды көрдүм, көрсө алар наша алып баратканы үчүн жүк ташыган поездден кармалыптыр. Дагы бир бурчта жанагы нашалар алынган рюкзак, сумка, чемодан жатат. Көрөөрүн көрүп, шалдырай түштүм”, – дейт Айтматов, – Ага чейин “Литературная газетага” жарык көргөн байкуш эненин арманын окуган элем. Ошондо, “жок дегенде публицистикалык формада, бирок сөзсүз түрдө бир нерсе жазуум керек деп ойлодум”, – деп эскерет. Мына ушулардын баары “Кыямат” романында чагылдырылган.

Албетте, көргөнүн көргөндөй эле жазып койгон жок дечи. Аны динге (Авдий) жана Акбара, Ташчайнарга (экологияга) байланыштырып учурдун эң бир актуалдуу, көйгөйлүү маселелерин  курч көтөрүп чыкты. Белгилүү айтматовтаануучу Георгий Гачев “Кыяматтын”  1986-жылы “Новый мирдин” №6,8-сандарында жарыяланган эки бөлүмүн  окуп алып, жубайы Светлана Семенова экөө (ал киши да мыкты адабиятчы болчу) жазуучунун эң оор темага башкаларчылап капталдан тийип-качып кайрылбастан, тайманбай тике кирген эрдигине таң калгандарын жазат. Окуп берейин: “Достаю, читаю, вникаю. И – подавлен смелостью и огромностью. Превзошел все, что я мог ожидать: ринулся  промыслить самое высокое – христианство!.. Да, воистину Батыр Духа!.. Пошел впрямую и не откладывая – постичь Абсолют и Единое, и главное и последнее Слово свое сказать о самом ценном и тонком и  искрение-сокровенном.

 И притом открыто, на виду у всех и для всех, при всем честном народе,  печатаемо и в печати, а не у себя втихаря, в дневниковых записюрьках в стол себе пописать скрытно, как я… Обогнал, Тулпар-иноходец! Молодец!

И то, к чему я подбирался: первейшие и сложнейше-высочайшие проблемы духа и бытия выразить не на философическом жаргоне, а просто и понятно всем, – он это и сделал!..

Вот сильна кишка! Светлана спрашивает: «Ну как?» – еще пока первую часть читал. – «Сильно», – говорю. – «Да, из него прет. Не то, что Х. – уже хило вымучивает из себя. – У этого… мощные мифологемы и построения.  Мужик то какой мощный – как Каранар его» (Г. Гачевдин китебинен).

 Албетте, Г.Гачев романдын айланасында  кырчылдаган карама-каршылыктар күтүлөөрүн, башталып да жатканын белгилеп өтөт. Коомдук өнүгүштүн өзөктүү маселесин кайра кароо, өзгөртүү киргизүү идеясына батынган жаңычыл чыгарма үчүн бул мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. “Өзү магометандык диндин өкүлү болуп туруп эмне үчүн христиан динине киришет?” – деп дин маселесине байланыштуу кыжырданган пикирлер роман жарык көрөөр менен жайнап чыккан. Ошентсе да, коомчулук 20-30 жыл болбосо да 50-60-жылдан кийин, мейли ал христиан болобу, мейли исламдык болобу, Айтматов дин маселеси боюнча көтөргөн маселеге сөзсүз кайрылат деп ойлойм.

Романдын аталышы кыргыз тилинде ар кандай аталды Баталга, Акыр заман жана Кыямат деп…

Негизинен үчөөнүн тең эле мааниси бир. Аталыштары трагедияны билдирип турат, чыгарманын башынан аягына чейин трагедиялар түзөт: Акбара менен Ташчайнардын, жетөө менен Сандронун, Базарбайдын, Бостондун, нашачылардын, Авдийдин, Иисустун ж.б. трагедиялары. Бул трагедиялар биригип олтуруп, — коомдук системанын чоң трагедиясына алып келет. Ошондуктан, “Баталгага” караганда Ч.Айтматовго “Кыямат” деген аталыш жакса керек. Бул жерде романды которгон Ашым Жакыпбековдун да чоң салымы болсо керек.   

Анан романды толук качан окудуң?…

“Новый мир” журналынын 1986-жылкы № 6, 8, 9 сандарынан. Албетте, журналды табуу өтө кыйынчылыкка турду, колдон колго алып окудук. Бирок, мен окурмандардын арасынан эң алгачкы болуп кол тамга алдым: Бул китептин жазылышына тилектеш болгон Мелис жана анын үйбүлөсүнө, ЭльтурангаЧ. Айтматов.  1-май, 1987-жыл. Бул күн менин үй-бүлөмдүн бактылуу күндөрүнүн бири эле.

3-май күнү ВДНХда басма сөз майрамы өтүп, “Кыяматты” бир заматта талап кетишкен.  “Айтматовдун жаңы романы сатылат” дегенди угуп, атайын  барышкандардын көбү жетпей арманда да калышты. Себеби алдыңкылар досума, кошунама, чогуу иштеген жолдошума ж.б. деп 5-6дан  сатып алып жатышкан. Таасирдүү көрүнүш болгон. Китепти кайрадан окуп чыгып, макалаларды жазууга кириштим.

Борбордук басма сөздөрдө чыгарма тууралуу бир топ пикирлер жарык көргөнүн билебиз. Кыргыз адабиятчы, сынчылардан романга көбүрөөк макала жазган сен болсоң  керек?…

“Эмне үчүн Инжилге кайрылган”, “Акбаранын көз жашы”, “Күтүлгөн күтүүсүздүк”, “Акыр замандын тегерегинде”, “Большой интерес к “Плахе”, “Кыямат” жана окурман, “Плаха” – новый художественный ориентр”, “Кыяматтын көркөм наркы”, “Плаха” и мировая литература” деген аталыштагы изилдөөлөрдү жаздым. Бул макалаларды дайыма кабинетиндеги столуна таштап койчумун. Бир күнү Чыңгыз агай кыска эле: “Кыямат” жөнүндө көп жазышты. Сеники башкача болуптур, Инжилге, Библияга кайрылганың, салыштырганың туура” – деди. Мен ыраазычылык билдирип, Чыңгыз агайдын өзүнөн алган кыргыз тилиндеги “Матфей  инжилинен” деген китеп, Библиянын калган башка бөлүктөрү жөнүндөгү таасиримди кыскача бөлүштүм.  Чынында эле “Кыяматты” изилдөөгө өтө эргүү менен киришкем, Иисуска байланыштуу көптөгөн диний жана дүйнөлүк көркөм адабияттарды окуганмын, алардан Чыңгыз Айтматовдун романынын өзгөчөлүгүн ачып берүүгө аракеттенгем десем болот. Бул эмгегимди официалдуу пикирлеринде атактуу окумуштуулар Г.Гачев, З. Османова, Г. Ломидзе, Ч.Джолдошева, А. Сайфулаев ж.б. жогору баалашкан.

Чыңгыз Айтматовго келген каттар менен да таанышып тургандырсыӊ?

Ошондой. Чет элдик жана советтик окурмандардан келген телеграммалар, каттар менен таанышып, Чыңгыз агайдын макулдугун алып, китеп чыгаргам. Мисалы: “Мне показалось что Бостон – Бог-отец. Он жертвует своими детьми сыном – Человеком и дочерью Природой-Акбарой. Жертвует чтобы люди очнулись. Мне кажется, что у Бостона тоже (даже более, чем у Авдия) синие глаза” (Е.Гоз, Оренбург).

“Каждая встреча с Вами – в печати ли, в эфире ли – это большой праздник для души моей, для мыслей моих. Каждая такая встреча – это особая волна соприкосновений моих дум и чувств” (Б.Вагабзаде, Баку)

“Настоящим событием стал для нас, Чингиз Торекулович , Ваш  новый роман “Плаха”. Горячей была дискуссия, посвященная этому роману. Возникло множество самых разнообразных точек зрения на “Плаху”. А это породило у нас страстное желание услышать и увидеть самого автора этой талантливой книги. Мы мечтаев о встрече в Вами в стенах нашего университета” (Коллектив НГУ).

Романды белгилүү режиссёр Дооронбек Садырбаев кино кылып тартты го

Дооронбек агабыздын Акбара менен Ташчайнары, Бостону менен Базарбайы так эле чыгармада элестеткендей болду. Режиссёр Советбек Жумадылов менен Дүйшөн Байдөбөтовду эң туура тапкан, алар болсо өтө чеберчилик менен образдарды ачып беришкен. Ал эми карышкырларчы, көргөндө аларды жырткыч деп эч ким ойлобойт, бооруң ооруп, алар менен аралашып  кеткиң келет….

                                                                                     – Маегиңе ырахмат!

                                                Маектешкен Баратбай Аракеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here