Жогорку Кеӊеште Айэркен Саймаитинин өлүмү боюнча түзүлгөн комиссиянын кезектеги  отуруму болуп өттү. Ал отурумда УКМКнын тергөө башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Сагынбек Самидин уулу депутаттардын берген суроолорун жооп берип жатып, бир кызык жагдайды ачыктады.

Ал:“Айеркен Саймаити менен Хабиубулла Абдукадыр ортосунда 2016-2017-жылдарда акча тууралуу карама-каршылык пайда болгон экен. 2017-жылдын май айында Абдукадырдын өкүлдөрү Саймаити менен сүйлөшүү жүргүзүп, ага беш жыл үчүн үч миллион доллардан ашык доо коюшат. Ошонун негизинде тирешүү пайда болуп, Саймаитинин үстүнөн Абдукадырдын өкүлдөрү ички иштер органдарына арыз жазып, иш козголуп, Саймаити адегенде Бишкекке, кийин Казакстан аркылуу Түркияга качып кеткен деген көрсөтмө бар. Саймаити бул доону мойнуна албай, кайра “Абдукадыр мага карыз” деген доо коюп жүргөн экен. Саймаитинин жанында жүргөн күбөлөр айтып бергендей, ал акчасын өндүрүү максатында ар кандай ыкмаларды колдонуптур. Ошондой ыкмалардын бири – журналисттерди жалдап, алар аркылуу ага басым көрсөтүү болгон экен. Күбөлөр берген көрсөтмө боюнча “Азаттыктын” журналисттерине да кайрылып, маалыматты бере баштаган экен. Карызын жарым жартылай өндүргөндөн кийин финансылык каражат да берген деген көрсөтмөлөр болду .“Азаттыктын” журналисттерине кызматташуу үчүн 100 миӊ доллар берген” – деп билдирди.

Депутаттар анын бул  билдирүүсүнө далил сурашты. Азырынча УКМК жетиштүү, так далилди көрсөтө элек. Чынында мындай билдирүү үчүн жок эле дегенде ауди жана видео далилдер керек. Болбосо кимдир бирөөлөрдү жасалма  күбө кылуу суу кечпей калат… Ал эми ИИМдин орун басары Саймаитинин өлүмүн тергөө боюнча  түрк ИИМ кызматташпай жатканын, кызматташуу үчүн алгач Кыргызстандагы ФЕТОчуларды өткөрү берүү талап койгонун айтты.

Эске сала кетсек, Саймаитини 2019-жылдын 10-ноябрында Стамбулда атып кеткен.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here