2-июнь күнү  Кыргыз эл акыны Антай Өмүрканов 75 жашка толду. Айтылуу акынды биз да кызуу куттуктап, чын ден-соолук,  узун өмүр калайбыз. Төмөндө акындын басып өткөн жолу тууралуу маалыматты жана поэзиясынан бир тамчы сунуштайбыз.

Акын Анатай Өмүрканов Кыргызстандын Талас облусуна караштуу Манас районунда 1945-жылы 2-июнда туулган. Ал 1961-жылы Арал орто мектебин,1966-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.
Эмгек жолун Тажик ССРинин Мургаб районундагы кыргыз орто мектебинде мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 1971-жылдан «Советтик Кыргызстан» гезитинин редакциясында кабарчы, бөлүм башчы, 1986-жылдан «Кыргызстан» басмасынын көркөм адабияттар бөлүмүнүн башчысы болгон. 1988–2000-жылдары «Адабият» басмасында башкы редактор болуп иштеген. 2000–2006-жж. Кыргызстан басмасында бөлүм башчы, башкы редактор кызматтарын аркалаган. 2006–2007-жж. Кыргызстан Жазуучулар союзунун төрагасы болуп иштеген.
Ошол кездеги бийлик ээси — президент Курманбек Бакиевди сындап койгону үчүн аны бул кызматынан четтетишкен. 2012-2016- жылдары КТРКнын Байкоочу кеӊешинде иштеген.

Акын Анатай Өмүркановдун туңгуч ырлар жыйнагы 1973-жылы «Мөлтүр сезим» деген ат менен Бишкекте жарык көргөн. Андан бери ондогон китептеридин автору болду. Ал эми анын калеминен жаралган обондуу ырлары жүздөп саналат. Акын дүйнөлүк классиктердин бир топ чыгармаларын которгон.

1985-жылы Алыкул Осмонов атындагы сыйлыктын лауреаты болду. “Түгөлбай ата” коомунун сыйлыгынын ээси. 1991-жылы чыккан “Жанкисе” ырлар жыйнагы “Жылдын мыкты китеби” деп табылган. 2005-жылы «Кыргыз Республикасынын Эл акыны» деген ардактуу наам берилген. Акын 2014-жылы  «Жалгыздык» деген китеби үчүн Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкты алган.

Сөзү Анатай Өмүркановдуку…

«Ала Тоо»

Чымын жан чындыгында сен деп чыгат,
Өзүңдү сүйөмүн деп айтыш уят,
Абалтан жаным да сен, каным да сен
Арбагы аталардын сенде турат.

Карааның карап коюш канча кубат,
Өзүңдөн өтсөк болду убап-чубап…
Кай жерде биз жүрбөйлү, кагылайын
Кайдайын сен деп каккан жүрөк туят.

Өзүмө сен жалгызсың ай-ааламда,
Сабылып сагынарым өзүң гана.
Кудурет куттуу күнү кубандырып
Кут чачып, кубат берип турсун сага.

Баркыңды көкөлөтүп дагы бийик,
Баламдын баласы өтөт сени сүйүп…
Жол таппай караңгыда калып калсаң
Жоодурап көзүм күндөй турат күйүп.

Тамчыда бакыт чексиз сага тамган,
Жашаган жараныңда болбойт арман.
Жар болсун урпактардан урпактарга
Ушул көл, ушул тооң, ушул талааң.

Сөзү А. Өмүркановдуку

Анатай Өмүркановдун нускасы:

Дүнүйө эски, адамдар жаңы,
Топ болуп келип жок болуп кеткен,
Кембагал өткөн көңүлү чөккөн,
Падыша өткөн байлыкка көпкөн,
Аалымдар өткөн түйүндү чечкен,
Өзүңө эмес өлкөңө арна,
Өмүрдү ушу өткүндөй өткөн.

***

Байлыкты адам жаратат, бирок
Адамды байлык жарата албайт.
Жакшыдан адам көңүлү калбайт,
Жамандар жардам берем деп алдайт.

***

Досуңа бергис душман бар билсең,
Жалган бар делет бергисиз чынга.
Денеге тондон көйнөгүң жакын,
Жакын деп күйүп жакындан сынба.
Уу, уу деп балды үч жолу айтса,
Айланып кетет бал дагы ууга
Агалбай калса бузулат суу да.

***

Жарык дүйнө кандай жакшы болсо да арман,
Жакшылыкты батар күндөн, атар таңдан,
Күтүп жашоо тирүүлүктө дөөлөт болсо,
Үмүт менен ал арманды көрүү майрам
Оо, көз ирмем созул көпкө,
Көк деңизге кайык чөкпө

***

Ушул күнү акындар жакшы ыр жазсын,
Ушул күнү кыздар бозой катын ачсын.
Ушул күнү баласыздар бала көрүп,
Базар болуп коргону бакылдашсын.

Арар кимдин ойлогону ишке ашсын,
Арар ким турмушунан бакыт тапсын.
Онтогон оорулуулар ушул күнү,
Сакайышып арабызга аралашсын.

***

Мейли жашың, мейли болсун карың да,
Бир кемчилик болот адам баарыңда.
Жаркын айым, билип билбей, байкабай,
Бир кетирген кемчиликке таарынба.



СЕН КӨРҮНСӨҢ

Сен көрүнсөң – күзгү өзүнөн чыгарбайт,
Сен жуунсаң – суу мас болот, жылалбайт.
Тамган тамчы кайра сени өбөм – деп
Бууга айланып буулуккансып улам жаайт…

Сага жоолук болсок дешет булуттар,
Сени мактап сайрайт бакта бүт куштар.
Көлдөн көккө бир секирип өзүңдү
Көрүп жыргап кайра чумкуйт балыктар.

Табияттай эң жөнөкөй, эң татаал,
Сыйкыры көп, сырлар арбын аялда ар,
«Кош!» айтышып кай тарапка баспасын,
Бардык тарап күтүп турат аны аяр.

Ким көрбөсүн бул аялды баскан жай,
Кубанышат жоготконун тапкандай.
Үйдөн чыгып үйгө баткан ал бир Күн,
Арзуу анда аягы жок асмандай…

Ай-ааламдын бетиндеги кызылы,
Карт дүйнөнүн кайталангыз кызыгы.
Кыска өмүрдүн кыскалыгын билдирбес
Ал керемет көргүң келген утуру…

… Сен көрүнсөң – күзгү өзүнөн чыгарбайт,
Көрүнбөсөң көңүл түтөйт, ылаңдайт.
Уланышы мүмкүн ушул дайранын,
Бирок ушул дүйнө ушундай уланбайт.

БАЛГАРТ ЖАЙЛОО

Койлор, уйлар короосунан чыгат, чыкпайт,
Он метрдей оолактайт да оттойт, жуушайт.
Кере тойуп кепшегенди унтуп салган,
«Ити, куштан сак бол» деген ити да укпайт.

Кулак, мурун кескенге окшоп айлана тынч,
Боз үй жактан серең этет секелек кыз.
Жер экенсиң малың эмес, элиң эмес,
Чөбүң дагы, ташың дагы эстен чыккыз.

Түндү жарган түнкү дайра обон созбой,
Желаргы эмес бир желп эткен жел да сокпой…
Кара аскадан бала барчын канат күүлөп
Шаңшып койот эч ким менен иши жоктой.

Билбей калдым кайак Батыш, кайак Чыгыш,
Сабаа жарып сапырылат саамал кымыз.
Интернеттен мультфильм көрүп бапырашкан
Балдар менен кошо күлөт Бакыт, Ырыс.

Балгарт жайлоо шаңкайасың балкып, чалкып,
Жер каймагы сыйактанып калкып, аңкып…
Көркүң жанды көлкүлдөттү… олтурамын,
Демим тышка чыгара албай ичке тартып.

Ушул ууз сулуулугуң, улуулугуң,
Өөп-жыттап өтсүн уулуң, бардык муун.
Бир көрдүм да бир кылымга жашардым мен,
Билбей калдым кайда кетти кайгы-муңум.

Бул жашоого канааттанган калды сезим,
Мындан шаңдуу өтөт эми эрте-кечим.
Бүт жайлоонун ханына окшоп жатканың ай,
Көргөнмүн… деп мактана айтчу жер экенсиң…


ЖАЙЛООДО

Бир угулуп бир эзген,
Миң угулуп миң эзген.
Кызыл көз бука жер чапчыйт
Өкүрө берип үнү өчкөн.

Аркан бой жерде чөптү аймап,
Тойгондон онтоп уй уктайт.
Булутту шамал кетти айдап
Ал келчү жолун унутпайт.

Адырдан айгыр кишенейт,
Желеде кулун желге ойнойт.
Алышат, анан тизелейт,
А балдар: «Кимди ким койбойт?..»

Чыйылдайт: «Тиште! Төшкө теп!..»
Ачуу үн, жаш көз алаңдайт.
Жаныбар жаалы көзгө өтөт,
Чаарга тору чабалдайт.

Кайыптан бүткөн сыр бардыр,
Жылкычы жигит үнүндө.
Кош колу көктө эки айгыр
Жалт бурулат үйүргө.

Кара көк туман тарап аз,
Жарк эте түшөт күн күлүп.
Мелмилдейт чиркин Кара-Саз,
Мемирейт кайра мал, жан бүт…

Чокуда мөңгү кышты улайт,
Жылуулук жылат таштардан.
Аккан суу, чөп да ныксырайт,
Эринет киши баскандан.

Мөндүрдү айтпа ыр жаасын,
Каалгып учсун арман жай…
Жайлоого эмес бул башым
Бейишке келип калгандай,‒
Желпинем, учам, асмандайм,
Насиптен болчу түңүлбөйм.
Тагдырга ушу мактанбайм,
Шыбырап көккө: ‒ Шүгүр…дейм.

Көк көйнөк кыздын мойнунан,
Көк чөпкө түшкөн чынжырдай.
Мөл булак ийри нугунда
Кысылып, кээде кысылбай

Көйкөлөт, анан ийреңдейт,
Көк адыр ылдый тызылдай…
Айтылуу Нарын дайранын
Адашып калган кызындай.

Туура келбей турганын көр жаштын жашка,
Карындаш ай, кашы башка, назы башка.
Кымыз сунсаң… ой курусун окторулат,
Кара каман суусундай… таштан ташка.

Каректериң кандай карек балбылдаган,
Жаштарды кой, мендей карган эстен танган.
Кыркалакей тоону кантип тегиздеймин?
Тоодон келген сууну кантип тоого агызам?

Чагылганым чартылдатпайм, жаркылдатпайм,
Садагасы сага ылайык сөздү таппайм.
Качырбайт дейт калтар көрсө кыраан бүркүт
Туура сөздү туура деймин ооз ачпайм…

Кымыз жуттум… Эмне жуттум, билбейм өзүм,
Жан жагым бүт бал-бал жанган сенин көзүң…
Карап калуу күнөө эмес карындаштай,
Сулуулардан издейт ар ким жаштык кезин…

Карарган туман жылат жай,
Шамал: «Бас!» деген тарапка.
Туманга туман улатпай
Күркүрөйт асман заматта.

Үйүрлүү жылкы жылбастан,
Көздөрүн жумуп дөңдө көк,
Шатырап жааган жамгырдан
Күү тыңшап турган өңдөнөт.

Дүрбүдөн карап дөң жакты,
Койлорун койчу чой-чойлойт.
Басаңдап жамгыр ак тамчы
Куйрук, жал ылдый шорголойт.

Булутта болбойт жөн жүргөн,
Илинбейт алар уйкашка.
Сабаган катуу мөндүрдөн
Зоңкоңдоп чуркайт уй паска.

Теңебей жанды өзүнө,
Телмире тиктеп жаанга.
Жабышып койнок этине
Жаш келин келет саанга.

Титирейт кулун желеде,
Тикчие тиктеп шарт туруп.
Жеңилдей түшатакбоз бээ
Желинин шар-шар тарттырып.

БУЛУТТАР

Көр турмуштун көкөй кескен тардыгына,
Тобокел деп булут жылат тагдырына.
Кайдан келди? Кайда барат? Максаты эмне?
Эч ким билбейт, бүлөйт кайра жанды ырына.

Кылымдардан кылымдарга учуп барар,
Кучагында Кудуреттин кубаты бар.
Таңда ак да, түштө буурул, кечте кызгылт,
Саат сайын көйнөктөрүн которот ал.

Табийгаттын жан билбеген тилин билет,
Үмүт издеп үңкүрлөрдөн үңкүр кирет.
Сууну көрсө чоң атасын көргөн окшоп
Сүйүнгөндөн чагылганын чагып ийет.

Боор оорутпай боз түшүрүп бороон айдайт,
Жамгырыңды тамчы кылып ким дайардайт?
Тийген жерин тыйпыл кылган чагылганды
Күйүп кетпей кантип алып жүрөсүң айт?..

Чагылганды кантип издеп, алдың кайдан?
Ал эмне үчүн учуп кетпейт канатыңдан?
Сен эмнесиң? Же кимсиңби? Ачык айтчы
Сыйкырсыңбы акыл жетпей эс тандырган?

Эмнегедир сени көрсөм ич элжиреп,
Кылым кырккан сапарлашың болгум келет.
Кокус солуп бара жаткан чөптү көрсөм,
Жерди көрсөм, мен да сендей жамгырым сээп…

Бабалардай аста барып атып албайм,
Тике тиктеп тирүүлүктөн тилек арнайм.
Көрбөй калсам көңүл чөгүп капа болом,
Сенсиз өткөн өмүрүмө канааттанбайм.

Максатың не? Тобокел деп чыккандагы?
Учуп жүргөн жансыңбы же чыккан жаңы?
Чындан эле сен жан болсоң учуп барып,
Бизди билдир боордошторго ааламдагы…

Жалгыздыкта бүт баары бар

АЯЛДЫ СҮЙ
Бирөө мурун дем алган деп абадан,
Сен дем албай кое албайсың эч качан.
Менден мурун бирөө муну өпкөн деп,
Өппөй басып кете албайсың аялдан.

Көпкө узабай көз жумасың абасыз,
Так ошондой тагдыр күтөт аялсыз.
Аргасыздан моюнуңду сунасың,
Моюн толгоп кетүүгө али жан алсыз…

Абадан жут! Каалаганча, канганча,
Аялды сүй акыл-эстен танганча!
Акмакчылык келбей коюу өмүргө,
Менден мурун жашаган деп жан канча…

Аба азайбай көбөйөт дем алгандан,
Өпкон сайын өң өзгөрөт адамдан.
Келесоолук келберсинген аялды,
Өбүшкөн деп беттен өөп калбаган.

Дагы дем ал! Абадан жут канганча,
Дагы аял сүй акыл-эстен танганча.
Сенден мурун эч ким аны өппөгөн,
Дем албаган сенден мурун бир жан да…

* * *
Күтпөгөнүң күткөндөй,
Күндөн күлүп түшкөндөй.
Дүйнө сенден башталып,
Сени менен бүткөндөй.

Акпаганың аккандай,
Айдан ылдый шашкандай.
Жоодурасаң ар бир жан,
Жоготконун тапкандай.

Өппөгөнүң өпкөндөй,
Өрттөнүп жан кеткендей.
Жүрбөй калдым бир мүнөт,
Жүрөгүмдөн «честь» бербей.

Жибек болуп жел желбей,
Желге шыбак термелбей.
Ушул дүйнө ушинтип,
Турмак эмес сен келбей…

Жаныма жан кошосуң,
Эмне десем ошосуң.
Уктап калсам канымдан,
Укмуш ырың созосуң.

* * *
Күйүксөм күлүп чыгарга,
Жабыксам жан сөз угарга,
Күйгүлтүк келсе түн түшүп
Күн болуп тийип турарга.

Сүйлөсөм сөзүм угарга.
Жардам деп колун сунарга.
Армандуу күндө адашсам
Ай болуп тийип турарга.

Көөдөнүм өрт да, көңүл кир…
Өмүргө калган дагы бир,
Өксүгүм ичтен чыгарар
Өмүрлөш болчу жаны бир.

Жүрөгүм жалын, жаным кир…
Жашоомо калган дагы бир,
Кайгымды кандан таратар
Кара көз болчу жаны бир.

* * *
Купуя колдоп Теңирим,
Жаныбыз бир жан сезилген.
Көптөрдөн калган көңүлүм
Калбаса экен өзүңдөн.

Жалынчты мындай укпагам,
Жабыккан жанга дары сен.
Далайдан жүрөк муздаган,
Муздатпа мындан ары сен.

Көөдөндө жаз да, көчө күз,
Күлкүңө күлкүм жарашты ай…
Салкын сөз эмес экөөбүз
Жүрөлү салкын карашпай.

Туура келбей турганын көр жаштын жашка,
Карындаш ай, кашы башка, назы башка.
Кымыз сунсаң… ой курусун окторулат,
Кара каман суусундай… таштан ташка.

Каректериң кандай карек балбылдаган,
Жаштарды кой, мендей карган эстен танган.
Кыркалакей тоону кантип тегиздеймин?
Тоодон келген сууну кантип тоого агызам?

Чагылганым чартылдатпайм, жаркылдатпайм,
Садагасы сага ылайык сөздү таппайм.
Качырбайт дейт калтар көрсө кыраан бүркүт
Туура сөздү туура деймин ооз ачпайм…

Кымыз жуттум… Эмне жуттум, билбейм өзүм,
Жан жагым бүт бал-бал жанган сенин көзүң…
Карап калуу күнөө эмес карындаштай,
Сулуулардан издейт ар ким жаштык кезин…



САГЫНУУ
Мүнөткө калып калсам кабар албай,
Делдейем алган демин чыгара албай.
Үшкүрүп сагынчууну сагынганда
Үй эмес аалам болот мага тардай.

Чагылган кара түндү жаркылдатат,
Күрпүлдөп күткөнүнө дайра шашат.
Таш чыдайт сагынычка таштыгынан
А мага чыдаш кыйын, чыдаш азап.

Балыктай тордон чыккан алдас урам,
Булутту сылайын деп тоого чагам.
Көздөрүң жалт-жулт этет жаап жаткан
Жамгырдын ар бир тунук тамчысынан.

Шылдырап агып жаткан тунук булак,
Шыбырап айткан ырым угуп турат.
Агарат тоонун башы сагынгандан,
Бирөөнү сагынгандан көл да тунат…

Кучагың кучагыма тартылбаса,
Жүрөгүм куйкаланмак сагынычка.
Агалбай калмак суулар деңизине
Тартылбай турмак көктө жылдыздар да.

Бактылуу бир бирине табылган жан,
Тилегем сагынууну тагдырымдан.
Жер Күндү сүйгөн үчүн чимирилет,
Куйкалайт а Күн Жерди сагынгандан…

ЖАРАТЫП АЛДЫМ СЕНИ ӨЗҮМ ОЙДОН
Жаратып алдым сени өзүм ойдон,
Элесиң издей бердим көлдөн, тоодон.
Көчкүдөй соккон турмуш соккусунда
Өзүңө жансоогалап коргологом.

Укпаган сөзүң каным аралаган,
Көрбөгөн көзүң жаным жаралаган.
Сел алып баратканда сени ойлонуп
Серпилип жээкке чыгып аман калгам.

Карабай кыштын бороон ызгаарына,
Өзүң деп кыял менен учканымда,
Сезүлчү дүйнө бир тең, өзүң бир тең
Ханың да тең келчү бучкагыма.

Өрттөн да аман калып сенде күйбөй,
Жашындым бир өзүңө күндө түндөй.
Секетим сен бар үчүн бу дүйнөдө
Туйулган ушул өмүр өлбөчүдөй…

Ыйладым өксүй карап өзүң жакты,
Жаш эмес көөдөнүмдөн кан, зил акты.
Сөздү кой, жүзүң буруп койгон жоксуң
Жүрөк деп алдың беле кара ташты?!

Тамырын тапса таштан үн чыгат дейт,
Жүрөгүм жалгыз гана сага эркелейт…
Эмне үчүн ай-ааламга жеткен үнүм
Эмне үчүн сага жетпейт, сага жетпейт?!



ТААРЫНБА
Мейли жашың, мейли болгун карың да,
Бир кемчилик болот адам-баарында.
Жаркынайым, билип билбей, байкабай
Бир кетирген кемчиликке таарынба.
Бир-бирине сүйгөн гана таарынат,
Сүйгөн гана бир-бирине жалынат.
Ошолордун оттон ысык өбүшү
Бу дүйнөнү кармап турат жаңылап.

Жамандыктан колдоп турган Теңирдей,
Сен бар үчүн келем көптөн жеңилбей.
Барган сайын жакын болуп барасың
Эң бир ысык эң акыркы деминдей.

Сен тарапка сапырылат санаалар,
Сүйгөн жүрөк бир-бирине барабар.
Ташка тийген тагдырыма табылган
Таяныч сен эң акыркы таянар…

Көңүлгө алба көп иштердин майдасын,
Мулундабай мурункуңдай жайна чын…
Таң атарда тарап кеткен булуттай
Таарынычың таппай калсын айласын.
Макулбу?

СЕНИН ЖӨНҮҢ БАШКАЧА
Жаным сага жаш баладай берилген,
Ушул күндү күтүп жүргөм Теңирден.
Сан жетпеген колу менен падыша,
Бир сулууга жеңилгендей жеңилгем.

Жеңилгенмин баскан изиң өпкүлөп,
Бир болууну көп суранып, көп тилеп.
Өптүргөндү мындай койгун чекемен,
«Бир жолу эле сыпаа сылап өтчү»- деп…

Жалдырагам, Кудайга үнүм угулган,
Сенсиз менин басар жолум буулган.
Сен сүйүүгө баш ийбейм деп көгөрсөң
Мен сүйүүнү багынтам деп туулгам…

Күнүм эсте өзүңдү эстеп кайыккан…
Жан дүйнөмө чачып жарык шам,
Кереметтин керемети өңдөнүп,
Келип калдың келген өңдүү кайыптан.

Караңгыда качкан куштай түнөктөн,
Кайсалатып орун алдың жүрөктөн.
Кандай гана бактылуу жан өмүрүн
Сен деп жашап, сен деп жүрүп түгөткөн.

Күлмүңдөчү, аймалачы, аймала,
Күбө болуп көлбүп турсун айлана.
Жалынычтар жаап кирсин жамгырдай,
Аман калса аман калсын жан гана…

Сенин жөнүң башкача да өзгөчө,
Тиктеп эле тургум келет кечкете.
Куудай учуп, Суудай агып суйкайган,
Күндөн бүткөн, Айдан бүткөн Ак Бөпө .

КАР ЖААГАНЫН КАРАП
Ушул дүйнө кандай керемет!
Кар жааганды курбум карачы.
Жым-жым этип жумшак шилтенет
Анын жылуу аппак канаты.

Үбөлөнүп түшүп жылдыздан
Катар бузбай кайткан аккуудай —
Аруу ырын мурда, азыр да
Ырдап келген, ырдайт басылбай.

Сыйкыры көп сырдуу ууз кар,
Силерге окшоп келет муундар.
Ким болбойлу мезгил алдында
Милдет өтөп жайнап туруу бар.

Арты өкүнүч ушул өмүрдүн,
Ар мүнөтүн, ар бир ирмемин,
Кана карап барктап калгын деп
Кайра демеп төгөт күүлөрүн.

Балбалактап тынбай чубалган
Карың мисал өткөн сан кылым.
Жексен болгон акын, баатырдын
Айтып жатпа татаал тагдырын?!

Бир-бирине арзып жетпеген
Эки жаштын арман ыры окшоп
Самсаалайсың… сен да, мен дагы
Бу дүйнөгө келген бир конок.
Оо, тирүүлүк канбай күүңө,
Тоо-ташыңды өөп, эркелеп —
Жазмыш буйруп жашоо өзүңө
Кардай жаап кайра келсем, эх…

Жанымды эзген жалгыздыкты жаздыкка
жаткырдым да чыктым эшке. Күн туман.
А короздор кыйкырышат узакка
жумган көзүн ачып-ачпай уйкудан.


Кулаталбайм кумсарган бул дубалды,
тоолорду да жылдыралбайм ордунан.
Кас душмандай ойлоп койбос убалды
бир караташ туруп алды жол бууган…


Кайра кирем. Жалгыздыгым алпчыгам.
Жалгыздыкта бүт баары бар… табалбай…
Мен күзгүдөн өзүмдү өзүм карасам
боло калат бирөө келе калгандай.

Жалгыздыкта бүт баары бар…
сүйдүргөн да, күйдүргөн да… бүтө албай…
Карт бүркүттөй мүрүн күнгө күйгүзгөн
калдалаңдайм канат силкип уча албай.

Каным дүргүйт, кайгым дүргүйт. Үй күйгөн…
Буулган жолдо илкийм өйдө мен эптеп.
Үйдө олтурсам караан сыңар үңкүйгөн
көлөкөм да болуп бербейт жанга сеп.


Кан аралаш кар жаайт кайра асмандан,
уу аралаш өрт чачырайт өзөккө…
Өлүп көрдө жапажалгыз жаткандан
тирүүгө кыйын жалгыз жатуу төшөктө.

ЭНЕКЕМ
Энекем, энекем, энекем,
Кемибес, ырысым, берекем.
Мен дагы дени сак болоюн
Оорубай жүрөгөр сен эсен.

Болсом да атасы баланын,
Өзүңө дагы эле баламын.
Үшкүрүп каласың алыска
Үйүңдөн узаса карааным.

Жашоого от болуп жагылдым,
Жайнадым, жаңылдым, кагылдым.
Мен эми эч кимден табылбас,
Энелик мээримиң сагындым.

Кырсыктан колдогон тумарым,
Кыйшайсам түзөтүп турарым.
Кырк жылы кабарсыз кетсем да,
Кыйкырып алдыман чыгарым.

Энекем, энекем, энекем,
Эскирбес ырысым, берекем.
Мен дагы дени сак болоюн,
Оорубай жүрөгөр сен эсен.

ТАҢКЫ ТОО

Көгөрүп асман аз-аздан,

Аскага Ай нур себелеп–

Тамылжып барып таңы аткан

Таңкы тоо укмуш керемет.


Кез болбос үрүл-бүрүлдөй,

Үргүлөп тоолор термелип–

Периште куштун үнүндөй

Үн келет сыйкыр өңөрүп.


Апаппак болуп ааламга

Акшумкар конуп калгандай…

Тирүүлөр үчүн бир башка

Кудурет курган сайрандай.


Шаң чачып тоолор шаңкаят

Каймактан калпып алгандай-

Аруу нур канды кайнатат

Кол эмес көзгө кармалбай.


Кайратты бүлөп кандагы

Кан болуп канда жарышкан-

Керемет тоолор таңдагы

Келгендей учуп кайыптан.


Таңкы тоо аппак, апаппак

Асманда тилим булут жок-

Жатсам дейм аны кучактап

Жахандан келген нур окшоп…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here