Тажикстанда COVID-19 инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 3930 адамга жетти. Бул тууралуу 31-майда өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, коронавирустан 47 бейтап каза болуп, 2004 киши айыгып чыкты. 31-майга карата 1886 адам ооруканада дарыланууда.

Бул арада kvtj.info сайтындагы «элдик тизмеде» 29-майга карата өлкөдө коронавирус жана пневмониядан өлгөндөрдүн саны 360ка жеткени жазылууда. Тизме ЖМКларда, социалдык түйүндөрдө жарыяланган билдирүүлөргө жана маркумдардын туугандары берген маалыматтарга негизделген.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here