Москвада коронавирустан кыргызстандык келин беш айлык баласы менен каза болду.

Кыргыз жараны Эрмек Шүкүров кабарлагандай, 31 жаштагы Б.Х 31-майда Москвадагы ооруканада каза тапкан. Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районундагы Советский айылынын тургуну Москвага жылдын башында ишке келген.

«Кош бойлуу болчу. Ооруканага түшкөндө дарыгерлер анын өмүрүн сактап калыш үчүн операция жасашкан. Беш айлык баласы үч күн жашап каза болду. Өзү болсо жакшы болбой жатып кечээ түнү каза тапты», деди Шүкүров.

Анын айтымында, дарыгерлердин берген маалымкатында кыргызстандык келин коронавирустан каза тапканы көрсөтүлгөн.

Азыр эки сөөк тең өлүкканада.

Москвадагы элчи Аликбек Жекшенкулов бул окуянын чоо-жайын тактоо, тиешелүү документтерди даярдоо маселеси консулдукка тапшырылганын билдирди.

Жакындары сөөктү Кыргызстанга алып кетүүгө каражаттык жардамга муктаж. Байланыш телефондору: +7 9150511079, +996 707 977 010.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here