Кечээ күнү социалдык тармактарда белгилүү ырчы  Малик Аликеевдин төшөктө жатып ырдаган видеосу тараган. Ал тасма менен катар Алиекеевдин буту баспай, көптөн бери төшөктө жатканын жазшкан.

Бүгүн ырчынын продюсери Чынара Итигулова super.kgге ал тууралууу буларды айтып берди:

Малик жарым жылдан ашты кокустап, жамбаш сөөгүн сындырып алган. Ал жерге темир коюш керек болуп жатат. Мурун Бишкекке келип көрүнүп кеткен болчу. 1-мартта кайра келип операциянын алдынан анализ тапшырса, жыйынтыгы жакшы чыкпай, кальций жетишсиз болуп жатат дешиптир. Кальций жетиштүү өлчөмгө көтөрүлсө, анан бекер жасап берем деп хирург Сабырбек Жумабеков өзү айткан экен.

Азыр абалы видеодогудай эле. Эртең менен бир, кечинде бир ооруну басаңдатуучу дары сайдырып, күн кечирип жатам дейт. Буюрса, жакын арада Таласка жол ачылса, Маликти Бишкекке алып келебиз деп жатабыз. Ал тура албайт да, жаткан абалда алып келиш керек болот.Негизи эле Маликке жардам болсун, концерт уюштуруп берели десек, уят эмеспи деп болбой койгон. Мындан ары да абалын карап көрөбүз, буюрса, басып кетет деген үмүтүбүз чоң

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here