Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин маалымат каражаттарына жарыяланган кайрылуусуна Башкы прокуратура жооп кайтарды.

Бул тасма журналист Айбек Шамшыкеевдин өздүк тасмасы. Форум жанында «Алфанын» эл талаган куралдарын чогултуу учуру. Эскерте кетсек, бул куралдар ИИМге өткөрүлүп берилген

Билдирүүдө: Курманбек Бакиев, анын жакын туугандары, анын ичинде уулу Максим Бакиев жана анын санаалаштары оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн айыпталып, сыртынан соттолгону, сот аларга эркинен ажыратуу баштаган ар кандай жазаларды чектегени белгиленген.

Айбек Шамшыкеевдин өздүк тасмасы… 7-апрель Ак үй алдындагы атышуу…

Маалыматында Курманбек Бакиев сыртынан 30 жылга кесилип, ага издөө жарыяланганы, Бакиевдин өзүн жана анын инилери Жаныбек (Жаныш), Адылбек, Марат, Каныбек, уулу Максим Бакиевдер баштаган адамдарды Кыргызстанга күч менен алып келүү жаатында аракеттер жүрүп жатканы кабарланган.

Автордук тасма… Ак-үй алдындагы атышуу…

Башкы прокуратура ошондой эле Бакиевдер жана алардын жакындары айыптуу деп табылган кылмыш иштерин санаган. Алар төмөнкүлөр:

— «Жерүй» алтын кенин иштетүүдөгү жана аны үчүнчү тарапка сатуудагы мыйзамсыз аракеттери;

— «Азия универсал банктан» жана Кыргызстандын Социалдык фондунан 2 078 623 577 сомду менчиктеп алганы;

— «Ысык-Көл» ААК 20% Максим Бакиевдин жакындарына сатууга мажбурлаганы;

— «Учкун» мамлекеттик ишканасынын жанындагы 904,6 чарчы метр жана 0,385 га аянтка жайгашкан имаратты мыйзамсыз менчиктегени;

— «Азия универсал банк» жана Кыргызинвестбанк аркылуу арам акчаны адалдаганы;

— «Манас Банк», «Киммел», «Мавал Актив» компаниялары аркылуу чет элдик жарандардын кылмыштуу жол менен табылган арам акчасын адалдаганы;

— 2010-жылы 7-апрелде Бишкектин Ала-Тоо аянтында нааразылык митингине чыккан адамдарга ок атып өлтүргөнү.

Дайым качып кеткен, канкор Бакиевди мактап жазган «Назар ньюс» сайты 30-майда 2010-жылы бийликтен кулатылган Курманбек Бакиевдин кыргыз элине кайрылуусун жарыялаган. Анда Бакиев 7-апрелдеги окуяны бийликти басып алуу максатында атайын даярдалган төңкөрүш деп мүнөздөп, андагы кан төгүүгө Убактылуу Өкмөттүн 14 мүчөсүн айыптаган.

Эске сала кетсек, активист чалыш болуп жүргөн Асейин Саралаев деген неме Бакиевди мактап-жактап, ал тууралуу китеп жазып жүргөн. Эми Таластан дагы бир Саралаевге окшогон эргул чыгып, Бакиевден кечирип сурап, чөөнүн алдына чөгөлөдү. Анан Бакиев ошондой бирин, экин адамдардын кошоматына эргип, элге кайрылуу жасап жаткандагысы…Негизи таластыткар башкалардай эле катуу намыскөй болчу эле. Ошол чөөнүн алдына чөгөлөгөн немени тартипке салып, “демдеп” коюшпайбы…

Курманбек Бакиев 2005-жылы март ыңкылабы аркылуу бийликке келип, 2010-жылы апрель ыңкылабында кулатылган. Бакиевге «мамлекеттик бийликти бир туугандары жана уулдары колго алып, үй-бүлөлүк башкаруу режимин орнотту» деген кине коюлган. Сөз эркиндиги тушалып, анын саясатын ачык сындаган көптөгөн журналисттер куугунтукталган.

Бакиев бийликте турганда, айтылуу каскадер Үсөн Кудайбергенов, саясатчы Медет Садыркулов, журналист Геннадий Павлюк, спортчу Раатбек Санатбаев, депутаттар Баяман Эркинбаев, Санжар Кыдыралиев, Руслан Шаботоев, кылмыш төбөлү атыккан Рысбек Акматбаев киши колдуу болушкан. Алар Курманбек Бакиевдин жакындарынын буюртмасы менен өлтүрүлгөндүгү тууралуу маалыматтар тараган.

2

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here