Бишкектин Биринчи май райондук соту бүгүн, 1-июнда Кой-Таш окуялары боюнча ишти кароону улантып жатат.

Адвокат Сергей Слесарев билдиргендей, жараянда Атамбаев сот залынан чыгарылды. Ишти карап жаткан судья Марат Сыдыков Алмазбек Атамбаевди соттук териштирүүлөр аяктагыча сотко катыштырбоо тууралуу чечим чыгарды.

Отурумда Атамбаев башка айыпталуучулар менен чогуу тор артында отурууну каалаган эмес. Сергей Слесарев Атамбаев Кой-Таш окуялары боюнча эмес, башка ишке айыпталып кармалгандыктан, тор артында отурбашы керек деп билдирди.

11-майдагы жараянда прокурорлор мындан ары мурдагы президент Алмазбек Атамбаев башка соттолуучулар менен катар тор ичинде отурушу керек деген өтүнүч келтирип, сот аны канааттандырган. Ага чейин Атамбаев адвокаттардын жанында отурчу.​

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here