Мындай маалыматты бүгүн саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев айтты.

Бишкекте цехте эмгектенген бир адам кыска убакыт ичинде өзү менен чогуу иштеген 24 адамга коронавирус инфекциясын жуктурган.

Анын айтымында, коронавирус илдетине чалдыгып, ооруканага түшкөн бир бейтап ким менен контакт болгону изилденип, 60 адамдын анализи алынган. Жыйынтыгында ошол цехте иштеген 24 адам бул илдетке чалдыкканы аныкталган.

Вирус жуктурган ал адам «оорунун жеңил клиникалык формаларына» карабастан жумушуна барып жүргөн. Цехте иштегендерди текшергенче 24 адамдын бири ооруну өзүнүн үй-бүлө мүчөлөрүнө жугузууга жетишкени да айтылдды

30-майга карата соңку бир сутка ичинде коронавирус дагы 60 адамдан табылды.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here