Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 60 адам жаңы катталды. Бул тууралуу 30-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Алардын эң көбү Нарын облусунда — 32 адам. Бишкекте 23 адам. Ал эми Орусиядан кайтып келгендер арасынан коронавирус соңку бир суткада беш адамдан табылды.

Кыргызстан боюнча бир сутка ичинде 25 бейтап айыгып чыкты.

Жалпысынан 30-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1722 адамдан табылды, алардын ичинен 16 бейтап кайтыш болду, 1113 бейтап айыгып кетти.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here