5-июндан тартып мектепке чейинки билим берүү уюмдары иштеп баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда онлайн маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. «Эрежени сактоо менен иш алып баруу даярдыгы боюнча мэриянын же жергиликтүү бийлик текшерүү жүргүзөт. Балдарыбыздын ден соолугу биринчи орунда болушу керек. Бала бакча иштеткен мекемелердин жетекчилери, ээлери сөзсүз аны бийлик органдарына текшертүүсү керек», — деди Боронов.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here