Коронавирус инфекциясынын саны азайган өлкөлөр пандемиянын экинчи толкунуна туш болушу мүмкүн. Учурда көпчүлүк өлкөлөр биринчи толкундун ортосунда турат. Мындай маалыматты Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өзгөчө кырдаалдар программасынын жетекчиси Майкл Райан Женевада өткөн брифингде билдирген.

Мындан улам SUPER.KG порталы Кыргыз өлкөсүндө да экинчи толкун болушу мүмкүнбү деген суроо менен Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору, медицина илимдеринин доктору, профессор Камчыбек Узакбаевге кайрылды.

— Саламатсызбы! Камчыбек Аскарбекович, биздин өлкөдө коронавирус илдетинин экинчи толкуну болушу күтүлүүдөбү?

— Ооба, азыр биз коронавирус инфекциясынын экинчи толкуну болот деп божомолдоп жатабыз.

Экинчи толкундун башталышы кеч күз жана кыш айларына туш келип калышы мүмкүн. Бул учурда мезгилдүү оорулардын катарына кирген сасык томоо, ОРВИ да күч алат. Мындан тышкары суук түшкөнүнө байланыштуу ар кандай суук тийген оорулар көбөйөт. Экинчи толкун ошолор менен чогуу келет деп күтүлүүдө. Эгер мындай кырдаал чын эле келип калса, бизге мезгилдүү оорулар менен коронавирусту бири-биринен айырмалоо (дифференцировка) абдан татаал болот. Андыктан медициналык кызматкерлер, өзгөчө үй-бүлөлүк дарыгерлер буга даяр болушу керек.

— Айрым маалымат булактарында вирустун экинчи толкуну кичинекей балдарга коркунуч жаратат деген маалыматтар тарап жатат.

— Вирустун биринчи толкунунда көпчүлүк билгендей, COVID-19 инфекциясынан иммунитети начар адамдар, көйгөйлүү оорулары бар жана улгайган адамдар көбүрөөк жабыркады.

Экинчиден, чындыгында эле экинчи толкун балдар арасында көп болушу мүмкүн. Ошондуктан, азыртадан ага даярдыктарды көрө баштадык. Балдар дарыгери катары бул нерсеге чоң жоопкерчилик менен мамиле жасап жатабыз. Анткени мезгилдүү тумоо оорулары көбөйгөн учурда балдары ооруп кайрылгандар абдан көп болот.

Мисалга алсак, былтыркы жылы өпкөсүнө суук тийгизгендердин жалпы саны 30 миң 999 адам болгон. Алардын ичинен 4 миң 902си гана чоң кишилер, ал эми 26 миң 97си балдар арасында болгон. Аймактар боюнча айта кетсем, Ош облусунда суук тийгизип алып кайрылгандар эң көп катталган – 5 миң 588, Жалал-Абад облусунда 5 миң 204, Чүй облусунда 3 миң 709, Бишкек шаары боюнча 1 миң 972 бала.

Дагы бир эске алуучу топ, бул көйгөйлүү, өнөкөт оорулары бар балдар. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген же болбосо иммунитети начар балдар дагы кооптуу топко киришет. Экинчи толкун бир гана балдарга тиешелүү деген ой туура эмес. Бул вирус адамдын жашын сурабайт. Азыркыдай эле жашы улгайган адамдар арасында дагы көбүрөөк болушу мүмкүн. Мындан тышкары социалдык жактан аярлуу катмарга кирген жарандар, иштеген жеринин шарты начар адамдар дагы кооптуу топко киришет.

— Камчыбек Аскарбекович, жогоруда сиз ооруга чалдыгышы мүмкүн делген кооптуу топторду айтып өттүңүз, ошого жараша бул илдеттин очоктору кайдан келет деп ойлойсуз?

— Кооптуу очоктордо илдеттин пайда болушуна төмөндөгүлөр шарт түзөт:

1. Бул чет өлкөдөн келген, көмүскө вирус алып жүргөн биздин жана чет элдик жарандар.
2. Биздин өлкөдөгү ооруунун белгилери жок, бирок вирус жуктурган адамдар (алып жүрүүчүлөр).

Вирус чыккан очокторду биз толук жок кыла албайбыз, андыктан ал аймактарды көзөмөлгө алуудагы иштерди солгундантканга болбойт.

— Ошондо экинчи толкунга даяр болуу үчүн эмне кылышыбыз керек?

— Чет жактан келген жарандарды кабыл алуучу жайларды катуу көзөмөлгө алышыбыз керек. Аэропорттун жана обсервация жайларынын шартын жакшыртып, тез текшерүүчү лабораториялык тесттер менен камсыздап, даярдалган адистер иштеши керек. Жергиликтүү бийлик менен биргеликте көйгөйлөрдү тактап, аларды жакшыртуу иштерин жүргүзүү абзел. Ал эми ооруканаларда кооптуу оорусу барларды өзүнчө кабыл алуу жайларын уюштурсак жакшы болмок.

Көп өлкөлөрдө жаңы ооруканаларды куруп жатышат. Алар азыркы талапка ылайык, атайын секциялык түрдө курулган. Биздин ооруканалардын 99 пайызы Советтер Союзу убагында курулган коридордук типтеги ооруканалар. Аларда өзүнчө кирип чыгуучу эшик, даараткана жана душ, вентиляция жана башка толук шарттар жок. Өзгөчө балдар мекемелеринде жай мезгилинде ушундай иштерди бүтүрсөк жакшы болот эле. Ага албетте, каражат керек. Ошого жетишебизби же жокпу бул суроо. Ошондой эле мекемелерде, бала бакчаларда, мектептерде шарт түзүүгө аракет кылышыбыз керек. Чет жактагыдай окуу жайларда жана мектептерде чакан окуу топторун түзүү зарыл. Жай мезгилинде өнөкөт оорулары бар адамдардын жана балдардын ден соолуктарын калыптандыруу иштерин күчөтүү керек. Ата-энелерге балдарынын ден соолугуна, саламаттыгын чыңдоого өзгөчө көңүл бургула деп кайрылып кетет элем.

 Экинчи толкун келип калса, аны менен күрөшүүгө даяр дарыгерлер жетиштүү элеби?

— Бүгүнкү күндө өлкөдө кадрлар жетишсиз. Өзгөчө балдардын реаниматолог адистери болгону үч ооруканада эмгектенишет. Биздин Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда (18 койка), №3 шаардык тез жардам балдар клиникалык ооруканасында (12 койка), Ош облустук бириккен балдар клиникалык ооруканасында (9 койка), баары биригип 39 эле койка бар. Ал жакта 46 эле балдар реаниматологдору иштешет.

Андан тышкары өлкөдө балдар өпкө бөлүмдөрү Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда (28 койка) жана Ош облустук бириккен балдар клиникалык ооруканасында (60 койка) эле бар. Биз бүгүнкү күндө бул адистерди даярдап жетишпейбиз. Ошондуктан бар кадрларды тез аранын ичинде ушул ооруга каршы күрөшүүгө кайра даярдашыбыз керек.

Чүй облусунун Аламүдүн жана Сокулук райондорунан балдар көп кайрылганына байланыштуу Чүй облустук жана Сокулук райондук ооруканаларында балдарды дарылоо үчүн койкаларды көбөйтүш керек. Алардын материалдык-техникалык базасын күчөтүү зарыл. Норма боюнча кайра жандандыруучу бир керебетке бир ИВЛ аппараты болушу керек. Өлкөдө бул аппараттар да азырынча жетишсиз.

— Камчыбек Аскарбекович, маегиңиз үчүн чоң рахмат!
Булак: Супер кж.


ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here