Кеминде 14 жаштагы окуучу кызды зордуктап, сабап өлтүргөн 20 жаштагы бала өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Чүй облустук прокуратурасынын кылмыш жана жарандык сот өндүрүшү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Тагаев журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, буга чейин прокуратура Кемин райондук сотунун чечимине даттанган.

Бул кылмыш 2019-жылдын сентябрь айында Кемин районунда 14 жашар кыз дайынсыз жоголуп кеткен. 2 күн өткөндөн кийин анын сөөгүн бош турган үйдөн табылган. Ага шектүү катары буга чейин соттолгон 20 жаштагы бала кармалган. Ал көчөдөн көрүп калган кызды зордуктоо үчүн бош турган имаратка күч менен сүйрөп кирген. Кыз каршылык көрсөтүп кыйкырганда аны сабап өлтүргөн.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here