…атам-менен апам үй-салабыз дешип, инилерим менен бизди чоң энемдикине таштап, Россияга иштегени кетишти. Чоң энем канчалык мээримин төккөнү менен мерез жеңенин колунда кадимкидей жүдөдүк. Инилеримди тосмой, бети-колун жуумай, кокусунан шымын булгап салышса: ”Ушулар тойгозду, качан биз да элге окшоп эркин жашайбыз,”түсү сууктар”- сыяктуу жеңем карганган, ачуу кептерин укмай биз үчүн кадимкидей көрүнүшкө айланды.
Түшүнөм, жеңеме деле кыйын. Өзүнүн үч баласына кошумча биз үчөөбүз да анын шаштысын алып жаттык.
Анан арадан үч-жыл өтпөй апам-атам жакшы иштеп, там салдык. Үйүбүз бүткөндө сүйүнгөнүбүздү айтпаңыз, баарыбыз чогуу жашайбыз деп. Бирок, бул кубанычтар узакка созулбады. Жаңы коломтобузда эки ай жашаган соң, атам менен апам “мал-жандык кылалы, машина алалы” деп дагы жолго камданышты. Биз бул жолу таенемдикинде калдык. Тайнем, таятам жакшы болгону менен таякем күндө-күн алыс ичип келип,тополоң салат. Ал күн биз үчүн коркунучтуу… Кара тизмеге кирип, Россияга баралбай калган таякем ал жакта иштеп жүргөн аялынын бирөөгө турмушка чыкканын уккандан кийин ичкени күч алды. Мас келгенде балдарын уруп сабайт. Мындайда карыган тайнем менен таятам алдап-соолап араң жаткырат.Эртеси баарыбыздан кечирим сурап, жалынып-жалбарат.
Таякемдер жакта жүргөнүбүздө жүрөгүм катуу ооруду. Эчтекеге көнүлүм чаппай турган болуп калдым. Тамак да ичпейм. Сабакка да баргым келбейт. Анын үстүнө башка мектеп, бөлөк балдар, кыздар менен тил табышуу мен үчүн өтө оор болду.Тез-тез ооручу болдум. Анан бир күнү тайнемдин карыган эжеси келди алардыкына. Темтеңдеп дасторкон жайып, чай коюп жатсак мени сурады.
Тайнем:” Барган сайын арыктап эле баратат. Тамак жебейт. Же десең жебейт, ич десең ичпейт. Оорудан башы көтөрүлбөй калды байкушумун. Эсен –аман ата-энесинин колуна тапшырайын дегенде эки көзүм төрт. Же алар келе койбойт”,-деп кейип-кепчип калды.
— Мунуң ичигип кетиптир. (Ичигип деген сөздү түшүнбөдүм деле). Чакырт аларды. Бала керек болсо келишсин. Кудайга шүгүр, түзүк эле тиричиликтери бар. Талаалап жүрбөй, бирөөсү балдарын карасын!- деп катуу сүйлөндү тайнемдин карыган кемпир эжеси.
Арадан он беш күндөн кийин апам келди. Өзүбүздүн үйдө жашай баштадык. Кандай сонун. Ээн басабыз, эркин тамак жейбиз, эшигибиздин алдында каалагандай ойнойбуз. Бизди эч ким ызылдадыңар,тызылдадынар, бакырбагыла, кыйкырбай ойногула деп урушпайт. Жемелебейт. Апам даамдуу тамактарды даярдап берет. Эрте менен ойготот. Биз ага эркелейбиз. Ал бизди эркелетет. Бешенбизден сылап, беттерибизден сүйөт.
Апамдын жыты сонун. Азырда сагынып кеттим. Мойнун кучактап, бетинен өпкүм келип кетти. Эң кызыгы ал бизди мектепке узатат. Мектептен чыгаарыбыз менен диңкилдеп үйгө жөнөйбүз. Анткени бизди күткөн, биз күткөн, баарыбыз үчүн ыйык сезилген апам бар. Башта үйүгө араң келсек, апам бул жакта болгондон бери, окуудан чыгарым менен үйгө келем. Апам тосуп алат. Бизда анын кучактап-кучактап алабыз. Үйүбүз шаңга толду. Атам да тыйын-тыпыр жөнөтөт. Мал-жандык, саан уйлуу болдук. Анан атам келди. Машина алдык…. Бирок, бул бактылуу ирмемдер да узакка барбады. Бир күнү атам: “Нуризат, сен чоңоюп калдың. Инилериңди өзүң карай бересиң. Чон энеңдер да келип-кетип кабар алып турушат”,- деп жолго чыгышты. Ачыгын айтсам атама чыгынып эчтеке дей албадым.
Алар кетишти.Үйдө мен жана инилерим болуп үч баш калдык. Заңырган, заманбап ремонттолгон үйүбүз атам менен апам кеткенден кийин муздак дубалдарга айланды…
Ооба, бизде башка балдарга караганда кымбат кийим –кече, кымбат телефондорубуз бар. Классымдагы көпчүлүк кыздар, балдар бизге суктанышат. Мен болсо аларга… Алардын айрымдары мага окшоп 10-20 миңдик телефон көтөрбөгөнү менен баары бир бактылуу. Ата-энелери жанында. Алардын ата –энеси барына баатыр болуп, бергенине каниет кылышат. Жаз-жай тырмалаңдап дыйканчылык , чарбачылык кылышат. Балдарына баш көз болушат. Тарбиялашат,тартипке чакырышат. Кээде курбуларым: “Апам сабагында оку”- деп телефонуму алып койду, “эртерээк жат, сабагына барышың керек”- деп телевизорду өчүрүп койду деп “наалып” калышат. Ата-энеңер маңдайынарда. Силер кандай бактылуу жансыңар дейм өзүмчө. Биздечи, баары башкача. Жашырып не, өзүбүздү-өзүбүз билип, өтүгүбүздү төргө илебиз. Инилерим да барган сайын мага баш бербей калышчу болду. Алардын башы телевизордон, меники телефондон чыкпайт.
Анан мектепке кечигип бармай, сабакта үргүлдөп олтурмай…
Кем-карчыбызды чоң энем, абамдар алып келип турушат. Бири коюп, экинчиси кабар алышканы менен жан дүйнөбүздөгү ата-энеге болгон кусалыгыбыздын орду толбой келет. Апамды, атамды аябай сагынам.
Ооба, түшүнөм алар биздин келечек деп ошол жакта жүрүшөт. Азыр үй-жай, машинабыз, мал-жандыктарыбыз бар. Ошого каниет кылып бирөөсү биз менен калганда жакшы болмок беле деп коем өзүмчө. Ошондой болгондо мен да Феруза, Манзура, Гулжигит сыяктуу жакшы окусам керек эле. Кыскасын айтканда менин арманым ата-энебиз бар туруп, алардын мээримине тойбогондугум. Чоңойгон сайын негедир аларга болгон жылуулук сезими муздап, өчүп бараткандай сезилет…

Интернеттен алынды.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here