Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат тараткан инфографика.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат жол жана транспорт көзөмөлдөөдө коррупциялык схема ашкереленгенин, ага Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Бишкек-Ош автожолдор дирекциясынын жооптуу кызматкерлери тартылганын бүгүн билдирди. Маалыматка караганда, бул иш боюнча үч кызматкер шектүү катары кармалды.

Алар жол үчүн жана автотранспортторду көзөмөлдөө максатында алынган каражаттардын аз бөлүгүн гана мамлекетке берип, калганын сол капчыкка солоп келген деп айыпталууда.

Мекеме тараткан маалыматта «2018-жылдын 1-декабрынан 2020-жылдын 1-мартына чейинки аралыкта Бишкек-Ош жолундагы бир эле стационардык посттон мамлекеттик казынага он миллион сомдон ашык зыян келтиргени»​ айтылат. Азыр министрликтеги аларды калкалап келген тараптар иликтенип жатканы да кошумчаланган.

Транспорт жана жолдор министрлиги бул билдирүүгө комментарий бере элек.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here