Жогорку Кеӊештин депутаттары Искендер Матраимов, Бакирдин Субанбеков, Тынчтыкбек Шайназаров, Талант Мамытовдор жакында бир мыйзам долбоорун иштеп чыкканы маалым болду. Ал мыйзам долбоору: “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында  кызмат өтөө туралуу” —  деп аталат экен. Бул мыйзам долбоорунун чоо-жайы кандай экенин билүү үчүн депутат Нурбек Сыдыгалиевди кепке тартып, учкай маектештик.

-Нурбек мырза, төрт кесиптешиӊиз иштеп чыккан мыйзам долбоору   мамлекет үчүн пайдалуубу, же пайдасызбы? Мына ушул маселени окурмандарга түшүндүрүп айтып берсеӊиз?

— Кесиптештеримдин бул сунуштап жаткан мыйзам долбоору талапка ылайыксыз болуп турат. Бул мыйзамдын ток этер жерин айтканда, кесиптештерим  Кыргыз Респуликасынын Куралдуу күчтөрүндө, укук коргоо органдарында, прокуратурада, президенттик, өкмөттүк жана Жогорку Кеӊештин аппараттарында укук тартиби, жана кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмдөрдө ж.б. мамлекеттик кызматтарда  иштегендердин класстык чиндерин аскер адамдарынын аскер чиндерине теӊдейли деп бакыйта баса белгилеп жазышыптыр.

Жалпыга маалым болгондой, Президент тараптан мамлекеттик кызматкерлерге берилген: мамлекеттик үчүнчү, экинчи жана биринчи класстык чиндер – бул аскер чиндеринин жогоркусу болуп эсептелген генерал наамдары менен теӊ. Бул жагынан талаш жок. Бирок бул кесиптештерим демилгелеп жаткан мыйзам долбоорунда аскер кызматтарында иштебегендер, мисалы, укук коргоо органдарында иштеген  майор, подполковник, же полковник, наамы бар кызматкерлер аскер тармагына, тактап айтканда аскер бөлүктөрүнө барып иштеп калышса, анда анын чини мурунку кызматында кандай болсо, жаӊы аскер кызматында да автоматтык түрдө ошондой  чинге ээ болот деп көрсөтүлүп турат. Мунун өзү туура эмес.

-Демек, бул мыйзам долбоору аскер кызматын,  аскер адамдарына берилчү аскер наамдарынын кадыр-баркын түшүрө турган мыйзам долбоор деп түшүнсөк туура болучудай…

-Дал ушундай. Чынында эле башка органдан, же бөлүмдөрдөн которулуп аскер кызматына барган адамга мурунку кызматында майор болчу деп, бул кызматта дагы майор чини берилип калса аскердик кызматтын, аскердик  чиндердин баркы кетет. Себеби, ал аскер тармагына иштеп калып, ал кызматтын чоо-жайын билбей,  тажрыйба топтобой туруп, кызматтык тепкичтерден басып өтпөй туруп, кандайча майор болуп калат? Аскер адамдары башка мамлекеттик кызматкерлериндей болуп 8 саат иштеп, ана тынч жатып калбайт. Алар 24 саат бою иштешет, ар кандай кырдаал болуп калса, күнбү, түнбү жиберген жагына кете беришет. Анан аскер кызматына орношкон  “жаӊы майор” ошонун баарын көрбөй эле, дароо  бакыйган майор болуп чыга келгени кайсы акылга сыят? Андай “асмандан түшө” калып, майор болгондорго башка аскер  кызматкерлеринин да нааразычылыгын туудурат да. Мисалы, өзүм иштеп кеткен Өзгөчө кырдаалдар министрлигиндеги тартипти айтайын, жаӊы кызматка алынган аскер адамы алгач Коргоо иштери боюнча комитети аркылуу чакыртылат. Анан бөлүнгөнүнө жараша ӨКМге  караштуу  аскер бөлүктөрүндө иштеп, тажрыйба топтоп, баштапкы кызматтык тепкичтерди талапка ылайык  басып олтуруп, анан акырындык менен жогорку чиндерди алып, кызматтан көтөрүлөт. Кыскасы, дароо чоӊ чин алып, дароо чоӊ кызматты ээлемей деген жок.

-Кесиптештериӊиз мына ушул сиз айткан жагдайларды эске алышканбы, же алардын башка көздөгөнү барбы?

-Мен ал жагын билбейт экенмин. Дагы бир ирет баса белгилеп кетейин, мен бул мыйзамга каршымын. Бул  багыт боюнча мыйзам буга чейин кандай болсо, мындан кийин да ошол бойдон өзгөртүлбөй калышы керек. 2014-жылы бул мыйзамга акыркы өзгөртүүнү Исмаил Исаков  киргизген. Ал мыйзамга ылайык аскер тармактарына барып иштеп баштагандар мурунку мамлекеттик кызматтардагы класстык чини кандай болгонуна карабастан, аскер тартибине ылайык ага алгач кичи лейтенант чини берилет.

-Мамлекеттик бюджетке кандай таасири бар?

-Таасири такыр жок деп айтууга болбойт.  Себеби, аскер адамдарынын айлыктары башка кызматтардыкына караганда бир аз жогору. Анын үстүнө аскер адамдары чин алган сайын айлыгына  1000 сомдон кем эмес  акча кошулуп турат. Бул жагын да эске алуу зарыл. Мына ушул жагына да кызыккандар көп болуп калышы мүмкүн.  Бул билинбегени менен бюджет үчүн чоӊ эле сумма болуп калат. Окурмандарга маалымат үчүн айта кетейин, аскердик наамдарды берүү тартиби мындай: кенже лейтенанат 1 жыл. Андан соӊ: лейтенанат 2 жыл, улук лейтенант 3 жыл, капитан 4 жыл, майор 5 жыл, подполковник  6 жыл, андан кийин полковник берилет…

Жыйынтыктап айтканда, бул мыйзам мамлекет үчүн керексиз, жараксыз мыйзам долбоору экенин дагы бир жолу баса белгилеп айтмакчымын.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here