1997-жылдан бери Бишкек эркин экономикалык аймагынын өнүгүүсүнө  тосколдук жаратып келаткан  ЦАКтын (Центрально-Азиатская корпарация по развитию СЭЗ)  иши чоӊ баш оору болуп турса, ал аз келип жаткансып, ЖКда айрым депутаттардан БЭЭа үчүн пайдасыз мыйзам долбоорун сунуштап, аны өткөрүү иши менен алек боло башташты. Бул мыйзамдын ана башында  кыргыз тилин, кыргыз салтын билбеген Гульшат Асылбаева турат десек болчудай. Ал айымдан башка демилгечилер: А. Нурбаев, А. Сулайманов, А. Султанов, Э. Байпакбаев, С. Айдаров, О. Алыбаев, А. Арапбаев, А. Осмонов, Ж. Акаев. Бул депутаттар эми ал мыйзам аркылуу  «Cеtntral Asia Kia Motors Sales Corporation» аттуу белгисиз компаниянын башкаруусунун алдында көз карандысыз жаӊы БЭЭА түзүүнү көздөп жатышыптыр. Демек, бул мыйзамдын артында ЦАК жана анын кожоюну тургандай.

Жакында Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Салык Кодекси сыяктуу мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана «Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык аймагы жөнүндө» мыйзам долбоору талкууга чыгарылмакчы. Асылбаева башында турган жаӊы мыйзам боюнча БЭЭАнын аймагы кеӊейтилип, дагы кошумча кызмат көрсөтүү кызматтары  түзүлөт экен. Эӊ эле акылга сыйбаган көрүнүшү – бул жаӊы мыйзам боюнча ошол жаӊы кызматтык көрсөтүүлөргө берилген жерлердин ижара мөөнөтү 90 жылды чапчыйт экен. Бул деген жерди ошол кызмат көрсөтөм деп ошол багытта кандайдыр бир ишкана ачкан ишкерге менчикке эле берүү дегенди билдирет эмеспи. Ага кошумча, салыктардан да такыр бошотулат. Кыскасы, мамлекет үчүн пайда алып келбей турган, тескерисинче экономикалык келечеги жок чийки мыйзам экенин адисттер белгилеп жатышат. Эгер депутаттардын бул мыйзам долбоору колдоо таап кете турган болсо анда ЦАКтын пайдасына түзүлгөн  №101 келишим иштеп, корей ишкеринин дагы да өзүм билемдик иштерине даӊгыр жол ачылчуудай.

Жогорку Кеӊеш бул мыйзамды кабыл алабы, албайбы, аны убакыт көрсөтөөр. Биз болсо мындай сасык оюндарга дагы да көз салып турмачыбыз.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here