Бишкек эркин экономикалык аймагы бүгүнкү күндө кыргыз экономикасынын локомотиви болуп, мамлекеттин казынасына  миллиарддаган сом түшүрүп келет. Бүгүн биз окурмандарга БЭЭАнын ишмердүүлүгү тууралуу учкай маалымат беребиз.

 Бишкек эркин экономикалык аймагы Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана мыйзамдарынын негизинде иш алып барышат. Алардын ичинен, түздөн-түз тиешеси бар мыйзамдар булар:

1) «Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы, 2014-жылдын 11-январында кабыл алынган №6;

2) «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын жобосу», Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-августундагы №431 токтому менен бекитилген.

Башкы дирекциянын иштөө принциптери кайсылар?

«Бишкек» ЭЭАнын башкы дирекциясы өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык толук чарбалык эсептин, өзүн-өзү каржылоонун жана өзүн-өзү актоонун принциптеринде жүзөгө ашырат (п.53).

«Бишкек» ЭЭАнын бюджети кайсы каражаттан куралат?

«Бишкек» ЭЭАнын башкы дирекциясынын бюджети төмөнкүлөрдөн алынган каражаттардан түзүлөт (54-п.):

1) «Бишкек» ЭЭАнын аймагында «Бишкек» ЭЭАнын субъекти катары ишти жүзөгө ашыруу укугуна төлөмдөн;

2) Жер участокторун ижарага берүү үчүн төлөмдөн;

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка кирешелерден.

«Бишкек» ЭЭАнын бюджети чогулган каражаттарын эмнеге сарпталат?

«Бишкек» ЭЭАнын бюджеттик каражаттарын башкы дирекция төмөнкүлөргө пайдаланат (55-п.): 2 ЭЭА жөнүндө мыйзамдарда аныкталган транспорттук жана башка инфраструктураны түзүүгө, өнүктүрүүгө;

2) «Бишкек» ЭЭАнын башкы дирекциясынын оперативдүү башкаруусунда турган мүлктү тейлөөгө;

3) Инфраструктураны өркүндөтүүгө, «Бишкек» ЭЭАнын кызматкерлеринин айлык акысын төлөөгө, коммуналдык жана өкүлчүлүк чыгымдарга.

ЭЭА кандай шарттар менен иштейт?

ЭЭАны уюштуруунун жана иштөөсүнүн шарттары (Мыйзамдын 6-беренеси):

6-п.: ЭЭА түзүүнү жана өнүктүрүүнү, анын ичинде анын башкы дирекциясын күтүүнү кошуп алганда, ЭЭА иштерине байланышкан өндүрүштүк, инженердик, транспорттук жана башка инфратүзүмдөрдү каржылоо республикалык бюджеттен, жергиликтүү бюджеттен, ЭЭА өз бюджетинен же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

7-п.: ЭЭА башкы дирекциялары жыл сайын республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге чегерүүлөрдү жүргүзөт. Түшкөн каражаттардан республикалык бюджетке чегерүүлөрдүн өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ар бир ЭЭА үчүн өзүнчө аныкталат. Түшкөн каражаттардан жергиликтүү бюджеттерге чегерүүлөрдүн өлчөмү 0,01%ды түзөт.

Бюджетке “Бишкек” ЭЭАсы канча каражат төлөйт?

2015-2019-жылдарында “Бишкек” ЭЭАсынын субъекттери тарабынан бюджетке болгон төлөмдөрдүн жалпы көлөмү 3 млрд. 856 млн. 710 миӊ сомду түздү.

Анын ичинен 2019-жылы гана субъекттер 1 млрд. 105 млн. сом төлөндү:

— бажы төлөмдөрү – 380 млн.сом;

— салык төлөмдөрү – 619 млн.сом;

— социалдык фондко төлөмдөр – 105,4 млн.сом.

Мындан тышкары, “Бишкек” ЭЭАнын Башкы дирекциясы тарабынан 2015-2019-жылдарында бюджетке жалпы 176 млн.сом төлөндү. Анын ичинен 2019-жылы гана 39 млн.сом бюджетке которулган (жеке киреше салыгы – 10 млн.сом, Соцфондко – 29 млн.сом).

Республикалык бюджетке чегерүүлөр боюнча түшүндүрмө

2016-жылга чейин “Бишкек” ЭЭАсы жөнүндөгү мыйзамда жана жободо республикалык бюджетке болгон чегерүүлөрдүн көлөмү боюнча норма жок болчу.

2016-жылдын 8-июлунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №376 токтому кабыл алынып, “Бишкек” ЭЭАсынын республикалык бюджетке болгон чегерүүлөрүнүн коюму түшкөн акчанын жалпы көлөмүнөн 2% чегерүү милдети коюлган.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жараша, “Бишкек” ЭЭАсы көрсөтүлгөн сумманы төлөөгө макул болгон. Ошону менен бирге, Башкы дирекция мамлекеттик бюджеттен инфраструктураны өнүктүрүү максатында каржы алууга укугу бар. Инфраструктуралык проектилерге бюджеттик жардам алуу үчүн болгон аракеттер жыйынтыксыз болгондуктан, аталган коюмдун көлөмүн азайтуу демилгеси көтөрүлгөн.

“Бишкек” ЭЭАсында канча субъект катталган?

Азыркы учурда 313 субъект катталган, анын ичинен 58 — биргелешкен ишкана (32 чет өлкөнүн өкүлдөрү бар), 139 субъект – 100% Кыргызстан жарандары тарабынан түзүлгөн, 116 – 100% чет элдик капитал менен түзүлгөн. 2016-2019-жылдарында 12 өндүрүштүк ишкана ачылган.

2019-жылы экономикалык ишкерликти 143 субъект алып барды, анын ичинен 61 ишкана өндүрүш менен алектенет, калгандары – соода-сатык жана тейлөө тармагындагылар.

Өзгөчө кырдаал убагында 12 ишкана гана иш алып барды.

“Бишкек” ЭЭАсында канча көлөмдө товар чыгарылат?

2019-жылы экономикалык ишмердиктин дүӊ көлөмү 7 533 268 686 сомду түздү, анын ичинен:

— өндүрүш — 4 533 850 716 сом;

— соода – 2 616 560 541 сом;

— тейлөө – 382 857 419 сом.

“Бишкек” ЭЭАсына канча инвестиция тартылган?

Инвестициялардын дүӊ көлөмү 1996-жылдан тартып 4 млрд. 588 млн. сомду түзгөн, анын ичинен:

— 1996-жылдан 2015-жылга чейин 1 млрд. 950 млн. сом тартылган;

— 2016-жылдан 2019-жылга чейин 2 млрд. 638 млн. сом тартылган (2019-жылы гана 1 млрд.188 млн.сом инвестиция катары салынган).

“Бишкек” ЭЭАсында канча жумуш орундары түзүлгөн?

Сезонго ылайык, “Бишкек” ЭЭАсында 2400 дан 3700 га чейин жумуш орундары болот.

Башкы дирекцияда 380 кызматкерге чейин иштейт, анын ичинен 335 кызматкер ар кандай тиричиликти камсыздоо кызматтарында иштейт.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here