Медицина илимдеринин доктору, айтылуу академик Мамбет Мамакеев Гиннестин рекорддор китебине кирди. Бул тууралуу Китептин расмий сайтында айтылат.

Маалыматта: «Хирургдун эң узакка созулган карьерасы 67 жыл 181 күндү түзөт. Бул көрсөткүч бишкектик Мамакеев Мамбет Мамакеевичке таандык (Кыргызстан). Маалымат 2020-жылдын 29-февралында тастыкталды», — деп айтылат билдирүүдө.

Мамбет Мамакеев 93 жашта, ушул күнгө чейин операция жасайт. 1927-жылы Ысык-Көл облусунун Кереге-Таш айылында төрөлгөн. 15 миңден ашуун операция жасап, 100 миңдей оор абалдагы бейтаптарга консультация берген. Бир нече илимий иштердин, дарылоо ыкмаларынын автору.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here