Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 52 адам жаңы катталды.

Алардын көбү Нарын облусунда -17 адам. Мындан тышкары Бишкекте тогуз, Ош шаарында жети, Жалал-Абад жана Чүй облустарында үчтөн адам, Ош облусунда экөө жана Баткен облусунда бирөө.

Орусиянын Соль-Илецк шаарынан кайткан мигранттар арасынан бир суткада дагы сегиз адамдан, бул өлкөнүн аскердик окуу жайларынын курсанттары арасынан экөөнөн коронавирус табылды.

Кыргызстан боюнча бир сутка ичинде 28 бейтап айыгып чыкты.

Жалпысынан 27-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1520 адамдан табылды, алардын ичинен 16 бейтап кайтыш болду, 1043 бейтап айыгып кетти.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here