Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара КАЛИЕВАнын буйругу менен Урмат КОЖОМБЕРДИЕВ Жогорку Сотко караштуу Сот Департаментинин директору болуп дайындалды. Урмат мырза, өткөн жылдын ноябрь айынан бери Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеп жаткан. Эске сала кетсек, ал сот департаментинин жетекчилик кызматында мурун да иштеп кеткен, тажрыйбалуу кадр.

Сот департаментин 2019-жылдын июнь айынан бери Кубанычбек Капалов жетектеп келген. Ал бул кызматка дайындалганда эле көп сындарга кабылган. Себеби, Капаловго 2014-жылдары Сот департаментинин Талас облустук башкармалыгын жетектеп турганда «коррупция» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, ал боюнча толук жооп бербей келгени айтылган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here