Сокулук районуна караштуу Ак-Ордо-3 конушунун эки көчөсүнө төкмө акын, комузчу, эл артисти Элмирбек Иманалиев менен КРнын маданиятына эмгек сиӊирген ишмер, белгилүү акын Зайырбек Ажыматовдун ысымын ыйгаруу боюнча сунушту айылдык кеңештин депутаттары бир добуштан колдогону маалым болду.

Новопавловка айылдык кеңешинин депутаты Сүйүнбай Табалдиевдин айтымында, сессияга Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Тотонов жана айыл аксакалдары жана активисттер да катышты.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here