Динара Чокоева маркум Элмирбек Иманалиевдин үй-бүлөсүнөн кабар алып, анын жубайы менен сүйлөшкөнөн жазды. Нурзат айым Элмирбектин кенжн уулу тууралуу айтып берген.

» Элмирбек Иманалиевдин эн кенже, бир жарым жашка чыга элек уулу Элхан. Элмирбек байке каза болгондон бери, Элханды ойлоп эле жүрөгүм ооруйт. Менин балам экөөнүн аты окшош, ортолорунда 1-2 айдай эле айырма бар. Нурзат жене видеосун жөнөтүп жибериптир, атасынын бөлмөсүнүн оозунда жатат. Күн сайын атасын ошол жерден күтчү экен.

«Балдар кийимдерин булгап койбосун деп эшигин бекитип койчумун. Элмир келгенде ачылчу. Ушул эшикке кирчү деп күтүп жатат го. Элмир, Элханды өзгөчө жакшы көрдү. Жумуштан келээри менен көтөрүп ырдап берип, чарчаганына карабай карачу. Элхан дагы өзгөчө жакшы көрдү. Элмир келгенде мени карабай калчу. Кеч келип калса бөлмөсүнүн эшигинде күтүп отурчу. Анан атасына видеого тартып жөнөтүп койсом шашып келчү. Азыр атасынын сүрөтүн өөп, оозуна жегендерин берет» дейт. Жүрөк тилинет. Ушул баласынын тоюн көрсө эмне арман. Анан да «Акыркы күндөрү бир башкача жакшынакай болуп калган. Мен тамашалап «сен акыркы күндөрү сулуу жигит болуп кеттиӊ го» десем, «сен жакшы карап атпайсынбы?» деп күлүп койду эле. Байкушум өлөөрүн билген жок. Бирок мен бактылуу экенмин, ушундай инсандын жубайы болгонума, шүгүр кылайынчы» — деп көзүнө жаш алат. Маегибиз ый менен аяктайт. Эх өмүр бою арман болуп калды го…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here